Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Оргочор айылындагы сууга жеткиликтүүлүк: эсептегичтер көйгөйдү чечүүгө жардам берүүдө

2019-11-22 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Оргочор айылындагы сууга жеткиликтүүлүк: эсептегичтер көйгөйдү чечүүгө жардам берүүдө

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору тарабынан даярдалды Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агенттеги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Макаланын мазмуну үчүн DAI Global LLC жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында 2630 адам жашайт. Кыргызстандын көптөгөн алыскы айылдарындай эле бул жерде да ичүүчү суу тартыш. Айылда суу менен жабдуу системасы 1963-жылы курулган. Ошондон бери суу менен жабдуу системасы бир топ жешилип бүттү. Мурда ичүүчу суу өзү агып келсе, эми тереңдиги 250 метр болгон артезиан скважинасы жана көлөмү 50 куб. метр болгон суу мунарасы курулган.

Бирок бул объекттердин курулушу ичүүчү сууну жеткирүү көйгөйүн толук чече алган жок. Таза сууну берген скважина жана тереңдеги насостор көп электр энергиясын сарптайт жана дайыма техникалык тейлөөнү талап кылат. Мисалы, “Оргочор булагы” ичүүчү суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) электр энергиясына эле чыгымы ай сайын 10 000-11 000 сомго жетет.

Азыр иштеп жаткан көлөмү 50 куб. метр болгон суу мунарасы калктын сууга муктаждыгын толук канааттандыра албайт жатат. Себеби көпчүлүк элеттиктердин үйүндө ыңгайлуу сантардык түйүн, автоматташтырылган кир жуучу машинелер, деги эле цивилизация тартуулаган башка буюм-тайымдар пайда боло баштабадыбы.

Ичүүчү сууну эч көзөмөлсүз керектөө аны жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратып жатат, айылдын айрым кварталдарына жетпей калууда. Ичүүчү сууну колдонгону үчүн жыйым азайды, себеби эл бирде болуп, бирде болбой келген суу үчүн акы төлөгүсү келбей жатат. “Оргочор булагы” ИСКАКБнын алдында ичүүчү сунун чыгымын эсепке алуу ишин уюштуруу маселеси курч турду.

Чечимдер

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун алкагында 2017-жылы айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо боюнча фокус-топ өткөн. Күтүлгөндөй эле таза суу маселеси эң эле актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары тандалган. Бул кызмат көрсөтүү Оргочор аймагынын Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясынын (КУСК) негизги темасы болуп, эми аны ишке ашырыш керек эле.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун алкагында ичүүчү сууну эсептөө жана абоненттер менен иштөө боюнча пилоттук ИСКАКБ үчүн бир катар тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле Долбоордун консультациялык колдоосу алдында ИСКАКБны Өнүктүрүү планы даярдалды.

Буга кошумча, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору менен GIZ Долбоорунун жигердүү кызматташтыгынын натыйжасында “Оргочор булагы” ИСКАКБ үчүн 110 суунун көлөмүн өлчөй турган жабдуулар (суу эсептегичтер) сатып алынып, бирикменин карамагына өткөрүлүп берилди.

Дайырбек АЙТМАНБЕТОВ, “Оргочор булагы” ИСКАКБнын төрагасы: «Биз суу менен жабдуу боюнча жаңы объекттерди куруп, бардык маселебизди чечип алабыз деп ойлогонбуз. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок. Акыркы жылдары ичүүчү суу өтө көп колдонулуп жатат. Мындай кырдаалда сарпталган суунун көлөмүн эсептей ала турган жабдууларды орнотуу жалгыз туура чечим болду. Биздин ИСКАКБнын бюджети чектелүү, элден чогултулган акча электр энергиясы үчүн төлөөгө жана айлык акыга гана өп-чап жетет. Ошол себептен USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультациялык жана техникалык жардамы өз учурунда келди».

Жыйынтыктар

Суу өлчөгүч эсептегичтерди орнотуунун натыйжасында сууну керектөө деңгээли 30 пайызга түшуп, ал эми таза сууну пайдаланганы үчүн жыйым 15-20 пайызга көбөйдү.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун техникалык жардамы Оргочор айылында ичүүчү суунун керектелишин системалуу түрдө эсепке алуу ишин уюштуруу үчүн түрткү болду. Долбоордон алынган 110 эсептегич социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдө орнотулду, калган абоненттер жабдууларды өз эсебинен сатып алышты. Ушул тапта эсептегичтер абоненттердин 98 пайызында орнотулду.

Албетте, бул көрсөткүч “Оргочор булагы” ИСКАКБнын туруктуу ишин камсыз кылып, Оргочор айылынын тургундарын таза суу менен узак мөөнөттүү, туруктуу түрдө камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн жакшы негиз түзүүдө.

Сүйүнбай РЫСАЛИЕВ, Оргочор айылынын жашоочусу: «Биздин өлкө мөңгү, көл, дарыя жана кайнар өңдүү суу булактарына бай болгонун баарыбыз эле билебиз. Анда эмне үчүн Кыргызстанда таза суу маселеси ушунчалык курч турат? Себеби биз сууну туура эмес пайдаланабыз. Биз сууну ашыкча колдонобуз, аны үнөмдөбөйбүз. Ар бир үйгө эсептегич орнотуп чыкканга чейин сууну каалагандай пайдаланып келгенбиз – чарбакты, малды сугарып, бул үчүн баары бирдей эле акы төлөчү. Бирок бул акыйкатсыздык эле. Эсептегичтер орнотулгандан бери канча суу колдонуп, бул үчүн канча төлөшүбүз керектигин билип калдык. Жай мезгилинде жайлоого чыкканда ичүүчү сууну колдонбойбуз, демек бул үчүн акча төлөбөйбүз».

 

Окшош материалы: