Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар чечим кабыл алуу жолунда

2011-12-30 / ЖАҢЫ ЛИДЕРЛЕР

Жаштар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы ажырым жаштарда өз шаарында же айылында бир нерсени өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ишенбестикти жаратууда.

 

Айнура Балакунова, Рахат Абдыхаликова, Нурсултан Абдыкадыров, Екатерина Белецкая,
«Сорос - Кыргызстан» Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү деңгээлдеги чечим кабыла алууда жаштардын катышуусун күчөтүү» долбоорунун менеджери жана координаторлору
 
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жаштар жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине чабал катышууда. Жаштар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы ажырым жаштарда өз шаарында же айылында бир нерсени өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ишенбестикти жаратууда. Бул жаштарды өзүнүн кыйратуучу кубатын жана нааразылыгын борбордук бийликтин дарегине жолдоого түртүп, башаламандыктарга катышып, түрдүү экстремисттик кыймылдарга жана акцияларга тартууда. Мунун даана мисалы катары акыркы саясий окуяларды көрсөтсө болот, эки ыңкылапка тең жаштар активдүү, бирок деструктивдүү катышты. Бул окуялар эки жагымсыз фактыны көрсөтүүдө: 
 
а) башкаруу органдарынын, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) жаштарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана саясий процесске катышууга үйрөтө албагандык, жана
 
б) жаштардын тынч жана конструктивдүү маанайда саясий процесстерге катышуу жөндөмү жана тажрыйбасы жоктугу. 
 
Бул контексте жаштардын чабалдыгы төмөнкү кырдаалдарда жаралган:
 
• a) жаштардын саясий маалымдуулугунун жана билиминин төмөндүгү;
 
b) колдогу демократия институттары жана өз демилгелери аркылуу саясий процесске катышуунун практикалык тажрыйбага ээ болбогондугу;
 
c) жаштардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ролун түшүнүү деңгээлинин төмөндүгү;
 
d) жергиликтүү деңгээлде жаштар саясатынын жана программаларынын жоктугу;
 
e) коомдук жаштар уюмдарынын ишинин төмөн деңгээли жана тажрыйба алмашуунун жоктугу; 
 
f) түрдүү деңгээлдерде маалымат алууда төмөнкү деңгээлдердин болгону;
 
g) кичи шаарларда жана айыл жергелеринде жаштардын жумушсуз жүргөнү, мунун айынан жаштар үчүнчү күчтөрдүн, мисалы, диний экстремисттердин, улутчулдардын ж.б. чагымчыл аракеттерине тез көнөт. Ушундан улам мамлекет жаштарды ал жашаган аймакты өнүктүрүүдө ролун көрө албайт.
 
Мындай инциденттер жаштар саясий жараяндардын толук кандуу катышуучусу болуп, чечим кабыл алууга катышуу ыкмаларын өздөштүрмөйүнчө улана берет. Бирок адегенде жаш адам өлкө деңгээлиндеги саясий процесстерге катышууга аракет кылаардын алдында, ал жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууда тажрыйбага ээ болушу керек. Улуттук саясат ЖӨБнун деңгээлинде башталат. 
 
Жаштарда патриоттуулук сезимин жогорулатуу зарыл жана жаш муунду жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө аралаштыруу керек. Жаштарга аймактык деңгээлдеги жашоону жакшыртуу маанисин жана мүмкүнчүлүгүн, аны менен бирге өлкө турмушундагы шарттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия, шаардык башкармалык, айыл өкмөтү) ишинин жардамы менен жакшырышын көрсөтүш керек. Жаштар өз энергиясын жана демилгесин туура багытта колдоно ала турган жергиликтүү маанидеги бир топ маселелер бар, анын ичинде көрктөндүрүү, колунда жокторго жана карыларга камкордук көрүү, балдарды тарбиялоого катышуу, өз алдынча уюштуруучулук өңдүү. 
 
Ошентсе да иш жүзүндө жаштарда пайдалуу бир иш менен алектенүү үчүн каалоо жана идея пайда болгон күндо да, алар кайда кайрылып, өз демилгесин кантип ишке ашырууну билишпейт. Ал арада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн жарандардын катышуусуна, алардын энергиясына жана демилгесине муктаж. 
 
Бул маселени чечүү жолун Өнүктүрүү саясат институту “Сорос-Кыргызстан” кору тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын катышуусун күчөтүү” долбоорунун алкагында табууга аракеттенип жатат. Долбоор эки баскычта ишке ашырылды. Биринчи этабында окуу материалдары иштелип чыгып, маалымат өнөктүгү жүргүзүлүп, долбоордун механизмин сынап көрүү үчүн пилоттук облус тандалып алынды (Нарын, Ош жана Ысык-Көл). Пилоттук долбоордун катышуучулары төрт күндүк окуудан өттү. Эми алар өз демилгелерин ишке ашырып, андан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерине катышуунун жыйынтыктарын форумда талкуулашат. 
 
Экинчи этабында тажрыйба эки облуста өтө турган бет ачарда сунушталат. Ага биринчи баскычтагы пилоттук облустагы жаш демилгечи топтор катышат. Жаңы жаштар тобу үчүн тренинг өтүп, демилгелер ишке ашырылып, ийгиликтин тарыхын баяндаган баяндардын топтому жарык көрүп, долбоордун жыйынтыгы боюнча улуттук деңгээлде “тегерек стол” талкуусу өтөт. 
 
Катышуучулар
 
Биринчи баскычында катышуучуларды тандоо келип түшкөн билдирүү-анкеталардын негизинде жана пилоттук облустагы долбоордун бет ачары маалында өткөрүлдү. Нарын облусунун жаштары эң активдүү болду, ошондуктан облустагы бардык райондордун жамааттарынын 26 жаш лидери үчүн мектеп Нарында 2011-жылдын 1-ноябрынан 5-ноябрына чейин өттү. Ар бир катышуучунун жергиликтүү жамааттын жашоосуна карата көз карашы калыптанып калганы жана ЖӨБО менен кызматташууда чакан тажрыйбага ээ болгону аныкталды. Ар бир катышуучуда ЖӨБ жана жарандык катышуу механизмдери тууралуу жетишпей жаткан маалыматка ээ болуу каалоосу, андан тышкары өзүнүн жарандык ролу жана ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча практикалык тажрыйбага ээ болуу аракети байкалып турду. 
 
Окутуу материалдары төмөнкү блокторго бөлүштүрүлгөн:
 
• КРдагы мамлекеттик түзүлүш структурасы; ЖӨБнун мыйзам чыгаруу негиздери; жергиликтүү маанидеги иштер жана ЖӨБга өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар;
 
• ЖӨБнун структурасы: аткаруу, мыйзам чыгаруу/өкүлдөрү бутактары; укуктар жана милдеттер;
 
• ЖӨБнун каржылык негиздери;
 
• муниципалдык менчик: бул эмне, аны ким жана кантип башкарыш керек;
 
• маалыматка ээ болуу тууралуу мыйзам: ЖӨБО муниципалдык менчикти башкарууда жана каражатты колдонууда кантип айкындуулукту камсыздашы керек; 
 
• жарандык катышуунун механизмдери. 
 
Окутууну уюштуруу ыкмасы ушундай түзүлгөндүктөн жаштар башкаруу системасынын түзүлүшү жана андагы өзүнүн ролу тууралуу бүтүмгө өздөрү жетип, андан соң ошол бүтүмдөрүн мыйзамда айтылган менен салыштырып жатышты. Ыкма өзүн актады, себеби анын жыйынтыгында катышуучулар проблеманы адегенде өздөрү сезип, андагы жетишпегендиктер жана боштуктарды таап, андан соң мыйзамдын жардамы менен аларды жоюп жатышты. Мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын сүрөттөп жатып, катышуучулар мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды көбүрөөк талкуулап, мисалы, аскердик эсепти ким жүргүзүшү керектиги тууралуу өз ара талашып жатышты. Андан соң мыйзам менен салыштырууда алар ЖӨБнун өз функциялары менен мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын ортосундагы айырманы көрө алышты. 
 
Чыгармачыл атмосфераны түзүү, өз пикирин билдирүү жана окутулган материалдарды мыкты өздөштүрүү үчүн күндүн аягында катышуучулардын ичинен тандалып алынган репортерлор репортаж даярдап жатышты. Бул ийгиликтүү ыкма болду: репортерлор өздөрү  сценарий даярдап, ага башка катышуучуларды тартып, аларга суроо узатуу менен өтүлгөн материалдарды кайталап жатышты. 
 
Жаш лидерлер – тренингдин катышуучулары жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрү жана аларды чечүүдө өздөрүнүн катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу ойлонуп жатышты. Муну соңку фазада мектеп катышуучулары тарабынан иштелип чыккан долбоордогу сунуштардан көрүүгө болот («Нарын облусунун жаштары долбоорлорду сунуш кылат» материалын караңыз). Өнүктүрүү саясат институту сынакта жеңип чыга турган айрым долбоорлорго каражат жагынан жардам берүүнү пландаштырууда. Башка долбоорлорго болсо донорлор жана өнөктөштөр жардам берет деп үмүт кылабыз. 
 
Байланышта болуу, тажрыйба алмашуу жана окшош проблемаларды чогуу чечүү үчүн мектептин катышуучулары интернет барак ачууну чечти www.youthproject.kloop.kg. Бул жерде долбоор жана мектеп тууралуу маалымат жайгаштырылган, сүрөт баяндар, репортаж рубрикасы жана оюндар бар. Келечекте интернет сайтты өнүктүрүү, үч пилоттук облустагы, андан соң Кыргызстандын бардык жаштарынын жана уюмдардын демилгелерин колдоо пландары бар.

 

Окшош материалы: