Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Максатбек ИБРАИМОВ, Жазы АА: «Жетекчи жаңы ыкмалардан коркпошу керек»

2020-01-13 / Жаӊы лидерлер
Максатбек ИБРАИМОВ, Жазы АА: «Жетекчи жаңы ыкмалардан коркпошу керек»

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист, "Муниципалитет" журналынын буюртмасы менен

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси болуп бул чөйрөдө буга чейин иштебеген, кыска мөөнөттүн ичинде бул тармакта чоң ийгиликтерге жеткен, өз аймагын райондо гана эмес, республиканын масштабында да алдыңкы катарга чыгарган учур өтө сейрек кездешет.

Бул – Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы айылдык аймагынын башчысы Максатбек ИБРАИМОВдун ийгилик таржымалы. Максатбек ИБРАИМОВ өтө тез убакытта элдин, депутаттардын жана жергиликтүү, райондук деңгээлдердеги кесиптештеринин көзүнө илинип, өз муниципалитетинде чыныгы лидерге айланды. Албетте, анын ийгилигин облустук жана республикалык масштабдагыжетекчилик жогору баалады. Жалпысынан кыска мөөнөттүн ичинде бул жигит өз аймагында чоң жылдызга айланды. Негизи эле өлкөдө ага атаандаш эч ким жок.

Максатбектин мындай болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишине Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги кажылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна катышуусу чоң таасирин тийгизди.

Максатбек ИБРАИМОВ 1981-жылы Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында туулган. Ал дыйкандын жана бухгалтердин үй-бүлөсүндө төрт баланын үчүнчүсү. Атасы “балам прокурор болсо экен” деп кыялданганы менен, жогорку окуу жайына тапшырчу убакыт келгенде өз оюн таңуулаган эмес. Максатбек өз каалоосу менен Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин тандап алган. 2004-жылы Максатбек Ош юридикалык академиясына которулуп кеткен. Студент кезинде Максатбек спорт менен алектенип, өтө чукул убакыт ичинде бокс жана кикбоксинг боюнча мастердин нормативдерин аткара алган. Жигит спорттук чөйрөгө берилип кетип, окууну бүткөндөн кийин шаардык спорт комитетине бокс боюнча инструктор болуп орношкон. Бирок убакыт өтүп, ал өзүн беш жыл окуган кесибине арнайын деп чечет. Ошентип 2010-жылы жергиликтүү цемент заводуна юрист болуп ишке орношот. 2013-2016-жылдар аралыгында Транспорт министрлигине караштуу жогорку габаритти көзөмөлдөө постунун жетекчи кызматын аркалаган. Бирок 2016-жылы Максатбек буга чейин такыр аралашпаган чөйрөгө – жергиликтүү өз алдынча башкарууга өтүп кетет.

Ал эми баары жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдыктан башталган экен. Шайлоо алдындагы өнөктүк маалында жергиликтүү жаштар өздөрүн жигердүү тааныта алышкан. Алардын арасында Максатбек лидердик сапаттары менен өзгөчөлөнүп турган. Жаштар элди добушун жамааттын жаш өкүлдөрү үчүн берүүгө үгүттөп, креативдүүлүккө, билимге, жаңы нерселерге умтулууга, баары колунан келчү жаштыкка басым жасашкан. Натыйжада жергиликтүү кеңештин 21 депутатынын ичинен жетөө айылдын жаштары болуп калды.

Айыл өкмөт башчынын кызмат ордуна шайлоо процесси башталганда аксакалдар, айылдын жаштары жана жергиликтүү кеңештеги депутаттардын басымдуу бөлүгү Максатбекке талапкерлигин көрсөтүүнү сунуш кылышты. Себеби кыска убакыттын ичинде анын дараметин, лидердик сапаттарын жана элдин башында тура аларын көрүштү. Жигиттин реакциясы белгилүү болчу: “Эмне үчүн мен? Менде эч кандай административдик тажрыйба болбосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши тууралуу үстүртөдөн эле билсем, мен бул кызматты кантип аркалап кете алам?”.

Бирок эл ага ишеним артканын, анын лидердик сапаттарын жогору баалай турганын, чечимди ыкчам таап, калктын түрдүү катмарлары менен тил табыша алганын, уюштуруу сапаттары мыкты болгонун айтышат. Айтор, карапайым калк бул кызмат ордунда башка талапкерди көргүсү келген жок. Максатбек үчүн бул анын мындан аркы тагдырын чечкен олуттуу сыноо болуп калды. Көп ойлонуп отурбастан, жигит өзүн жаңы чөйрөдө сынап көрүүнү чечип, шайлоого аттанды. Бул шайлоого Максатбектен тышкары дагы эки талапкер катышты. Бирок бул атаандаштыктын жыйынтыгы дээрлик белгилүү болуп калган. Жергиликтүү кеңештеги 21 депутаттын 17си Максатбек үчүн добуш бергени көп нерседен кабар берет. Ошентип 2017-жылдын февраль айында ал Жазы аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп, ошол замат милдеттерин аткарууга киришет. Апрель айында эле Максатбек кесиптештери – Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Ош шаарында Долбоордун бет ачарына катышат. Бул иш-чарада ал Долбоордун максаттары, миссиясы жана пландары менен кенен тааныша алат. Жаш жетекчини Долбоор өтө кызыктырды десек аз болот. Долбоордун бардык максаттары жана тапшырмалары анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши тууралуу жеке элесине толугу менен дал келди. Ошондуктан Максатбек Долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жарыяланган конкурска өтүнмөнү биринчилерден болуп тапшырган. Натыйжада конкурста жеңүүчү деп табылып, Жазы айылдык аймагы Долбоордун максаттуу муниципалитети болуп калды.

Максатбек карьерасы Долбоорду ишке ашыруу менен кошо башталган жагдайды өзүнүн кесипкөй өсүшүндөгү негизги жана чечүүчү фактор, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы кызматындагы ийгилиги деп эсептейт. Айыл өкмөт башчысы болгондон кийин ал ЖӨБдүн уюштуруу-укуктук маселелери менен таанышып чыгып, буга кошумча Долбоордун бардык тренингдерине жана практикалык окууларына катышып жүрдү. Алган билими анын негизги идеясын ишке ашыруу үчүн чоң жардам болду. Максатбек администрациянын ишинде мүмкүн болушунча ачык-айкындуулукка жетүүгө умтулуп, айылдык аймактын ишинде бюрократияны жоё ала тургандай ишти уюштуруну көздөгөн. Максатбек эл өз демилгелерин сунуш кылып, жасаган эмгектин натыйжасы элеттиктердин жашоосун ыңгайлуу жана ойдогудай гана кылбастан, ырахат да алып келсе деп кыялданган.

Долбоордун алкагында Максатбек өз командасы, депутаттар, жергиликтүү жамааттардын лидерлери менен тренингдерге катышты. Алар артыкчылыктуу көйгөйдү аныктоо боюнча ар кандай жолугушууларды, кырдаал менен таанышып, баа берүү боюнча иш-чараларды өткөрүштү. Ошентип биринчи жолу коомдук бюджеттик угуулар өткөрүлүп, жалпак жана түшүнүктүү тилде жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматтар берилди. Элден кайтарым байланыш өзүн көпкө күттүргөн жок – элеттиктер Максатбекке жана депутаттарга бюджет боюнча өз сунуштарын жаадыра башташты.

Ошентип, көп жылдан бери түрдүү коомдук иш-чараларга, чогулуштарга, жыйындарга, угууларга эл “кожо көзүнө” эмес, жигердүү катышуу үчүн бара баштады. Мындай көрүнүш аймактагы төрт айылда тең пайда болду. Дал ушундай коомдук иш-чараларда Максатбек алгачкы оратордук жана баяндама жасоо көндүмдөрүнө ээ болду. Ал ыңгайы келген жерден Жазы айылдык аймагы райондо биринчилерден болуп бюджеттик угууларды өткөрүп, слайддык презентациялар аркылуу элге маалымат жеткире баштаганын белгилеп жүрөт. Жаш лидердин баамында, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзүү калкка чоң пайда алып келди. Бул топ кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына көзөмөл жасоонун реалдуу механизмине айланып, аймактын ишинин ачык жана айкын болушуна көмөк көрсөтүүдө. 2018-жылдан тарта Биргелешкен аракеттер планы (БАП) башкаруунун эффективдүү аспабы болуп калды. Анткени так ошол аспаптын жардамы менен жергиликтүү тургундардын жашоосунун олуттуу жакшырышына 37 млн 163 сом сарпталып, анын натыйжасында 11 артыкчылыктуу көйгөй чечилди.

Максатбектин жана анын командасынын дагы бир жетишкендиги – муниципалитетте 2019-жылга бюджетти бекитээрдин алдында бюджеттин гендердик сезгичтигин аныктоо долбоору киргизилген. Өткөн жылдын январь айында Долбоордун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын лидерлери үчүн “Жергиликтүү деңгээлде гендердик-сезгичтикти пландоо жана бюджетти түзүү” деген темада тренинг өткөрүлгөн. Тренингдин негизги максаты – аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына гендердик анализ жүргүзүү аспаптары менен тааныштыруу, гендердик мамилени киргизүү боюнча практикалык тажрыйбаны үйрөнүү, жергиликтүү бюджетке гендердик анализ жүргүзүүнүн көндүмдөрүн өздөштүрүү. Бюджетти мына ушундай жол менен пландоо 13 адамдан турган жумушчу топту түзүүдөн башталды. Алардын арасында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мекемелердин жана коомдук уюмдардын жетекчилери бар. Жумушчу топтун негизги максаты – 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына кошумча артыкчылыктуу маселелерди киргизүү, гендерди эске алган бюджетти иштеп чыгуу.

Жумушчу топтун мүчөлөрү биринчи кезекте бул документке жана 2019-жылга бюджеттин долбооруна түрдүү багыттар боюнча гендердик анализ жасап чыгышты. Андан соң төрт айылдын ар биринде аялдар, коомдун социалдык жактан аярлуу катмарлары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү аадмдар менен өз-өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү. Сурамжылоо жүргүзүлүп, пикирлерди чогултуп, төмөнкүдөй актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү таап чыгышты: таза суу; ички жолдорду жана тротуарларды оңдоо; башкача айтканда кары адамдардын, коляска сүйрөгөн энелердин, майыптардын жолдо жүрүүсү үчүн шарттарды түзүп берүү; балдардын жана элеттиктердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында көчөлөрдү жарыктандыруу; бала бакчалар – мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо үчүн шарттарды жакшыртуу; мектеп – коопсуздукту камсыздоо жана билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу; жол кырсыктарынын алдын алуу; кийиз, шырдак жасоо, жүндү кайра иштетүү боюнча жумуш орундарын түзүү, жарандарга сапаттуу муниципалдык кызматтарды көрсөтүү – “Бирдиктүү терезеге” өтүү. Чогултулуп, анализденип чыккан сунуштар 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча жаңыланган планга жана 2019-жылга бюджеттин долбооруна кирди. Мында жергиликтүү жамааттын бардык өкүлдөрүнүн, анын ичинде аялдардын, социалдык жактан аярлуу катмарлардын жана майыптардын артыкчылыктары эсепке алынды. Натыйжада 2019-жылы Жээренчи айылында суу түтүгүн өткөрүштү, бул үчүн 700 000 сом сарпталды. Болгондо да анын 300 000 сому жергиликтүү бюджеттен, 400 000 сому “Асафа” аттуу араб фондунан бөлүндү. Бардык төрт айылда тең көчөлөрдү жарыктандыруу маселеси 60 пайызга чечилди, бул үчүн 200 000 сомду жергиликтүү демөөрчүлөр чогултуп беришти. Аймактагы беш бала бакчада жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлмөлөр, дааратканалар, балдар аянтчалары ремонттолуп, акыл-эсти өнүктүрчү оюнчуктар, конструкторлор сатып алынды. Ошондой эле бала бакчаларга интернет өткөрүлдү. Эми ата-энелер каалаган убагында балдарын чөнтөк телефондору аркылуу көрө алышат. Мындан тышкары төрт мектепке, айыл өкмөтүнө жана бейтапканага да интернет келди. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 000 сом сарпталды. Бул жылы бардык мектептерге видео байкагыч орнотуу, от жагуучу бөлмөнү, ашкананы, дааратканаларды жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп чыгуу иштери пландалып жатат. Ал эми демөөрчүлөрдүн жардамы менен №7 мектепке 70 миң сомго компьютерлер жана жаңы китептер сатып алынды. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин эсебинен эки айылдагы эки километр жолго асфальт төшөлдү. Ушул жылы бул иштер улантылат. МАИ кызматкерлери менен келишим түзүлүп, ар бир мектептин жана бала бакчанын алдындагы жолдорго ылдамдыкты азайтуучу тосмолор, жол белгилери орнотулду.

“Биздин муниципалитет үчүн гендерди эсепке алган бюджетти пландоо маанилүү практикалык тажрыйба болуп, жамаатта иштөөнүн жаңы формаларын көрсөтүп берди. Биз аялдарды тартып, социалдык аярлуу катмар, майыптар менен тыгыз байланыш түзө алдык. Алар да жамааттын жигердүү мүчөлөрүнө айланышты. Мурда бул адамдардын пикири көңүл сыртында кала бергенин байкабаптырбыз, муну менен алардын өзүн толук кандуу жашоочу катары сезүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койчу экенбиз. Райондо Жазы аймагында гана бул багытта иштер жасалып жатат жана биз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө дайыма даярбыз”, - деп билдирди Максатбек.

Ал эми аймактын тургундары бул тууралуу кандай пикирде?

Толкун РЫСПАЕВА, 75 жашта, пенсионер: “Мен Жээринчи айылында жашайм. Бизде бир бала бакча бар жана ага эки неберем барат. Алар мени менен жашашат, ата-энеси эртеден кечке чейин жумушта болгондуктан аларга мен көз салып турам. Негизи менин он балам, 40 неберечөбөрөлөрүм бар. Өз убагында биздин мурдагы айыл өкмөт башчыбыз эски мектеп имаратын бала бакчага айландырууну чечкен эле. Бирок иш аягына чыкпай калган. Максатбек башчы болуп келгенден бери муз ордунан козголду. Ал бардык инстанциялардан уруксат кагаздарын алып, документтерди даярдап салды. Бюджет аз болгондуктан башында бир аз ремонт жасалган. Көп балдар бакчага барып, ата-энелер балдары социалдык жашоого ыңгайлаша баштады деп кубанып отуруп калышкан. Бирок бара-бара кемчиликтер да оркоюп чыга баштады – ашкана тар болуп, даараткананын эскилиги жетип, бакчанын тегерек чети тосмолонгон эмес. 2019-жылы аялдар катышкан чогулуштардын биринде ушул кемчиликтер тууралуу айтсак, муниципалитеттин башчысы бул маселелерди бюджетке киргизүүнү убада кылган. Ошол эле жылы Максатбек сөзүнө туруп, бала бакчаны бардык стандарттарга ылайык ремонттоп, жаңы ашкана жана даараткана куруп берип, имараттын тегерегин тосмолоп, чатырын толугу менен алмаштырды. Бүгүнкү күндө биздин бакчада 115 бала тарбияланат. Бакча абдан жылуу жана ыңгайлуу. Ии, баса, аймактын жетекчилиги балдардын тамагын да оңдоп берди, бул үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз! Негизгиси – көп энелер жумушка чыгып, үй-бүлөлүк капчыкты толуктай башташты. Бүгүн баарынын маанайы жакшы, жада калса балдар да өздөрүн башкача алып жүрүшөт – көбүрөөк ойношот, күлүп жүрүшөт, тарбиячыларда ишеним пайда болду, ал эми биз – ата-энелер, карылар балдар коопсуз жерде жүрүшөт деп көңүлүбүз тынчып калды. Айтор, биз баарына ыраазыбыз, Максатбекке ырахмат!”

Арзыкан МОЙДУНОВА, 54 жашта: “Мен Жазы аймагына 20 жыл мурда көчүп келгем. Мен билгенден бери эле жолдорубуз начар абалда болчу. Ал эми акыркы жылдары жолдордун ташталканы чыгып калган – ар кайсы жерде асфальттын бөлүктөрү жатчу, терең чуңкурлар пайда болгон. Бирок бул биздин айылдагы негизги жол болгондуктан балдар ошол жол менен мектепке барышат, ата-энелер наристелерин бала бакчага ташышат, жолдун боюнда дүкөндөр орун алган. Бирок ошол жолдо жүргөндөн абдан кыйналчубуз. Өзгөчө жамгыр жааганда же кар эригенде басууга мүмкүн болбогон баткак пайда болчу. Ылайдан улам чуңкурларды көрбөй калган айдоочулардын машинелери талкаланып, алардын кыжырын кайнатчу. Мындан тышкары мындай кырдаал капчыкты жакшы эле кагып алчу: бул жолду басып өткөндөн кийин бут кийим тез эле эскирип, ал эми айдоочулардын машинелери ремонттон чыкпай калган. Өзгөчө ФАПка же мечитке барам деген кары-картаңдар бир топ кыйналышты. Балдарын ээрчиткен энелер да азабын жакшы эле тартышты, бир колунда бала, экинчи колу менен баткакта коляска түртүп баратканын элестетсеңер! Ишенбешиңер мүмкүн, бирок кошуналар да оңой менен киришип-чыгышпай калганбыз. Кеч киргенде бул көчөдө бир дагы жерде жарык болбогону абалды ого бетер татаалдаштырды. Биз караңгыда, ылай кечип мектептен келаткан балдарыбызды ойлоп, санаага бата берчүбүз. Аймактын мурдагы башчысына бир топ даттанганбыз, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. 2019-жылдын башында өткөн чогулушта биз, аялдар акыры жол жана жарык маселесин көтөрүп, жаңы башчыдан бул көйгөйдү чечип берүүнү суранганбыз. Башчыдан мүмкүн болсо чукул арада жолдорго асфальт төшөп, жол чырактарын өткөрүп берүүнү өтүнгөн элек. Биздин бактыбызга ушул эле жылдын жай мезгилинде биздин көчөгө асфальт төшөлүп, чырактар орнотулду. Кубанычыбызга чек жок эле! Эми элеттиктер – кары-картаңдар, балдар, коляска сүйрөгөн энелер ушул көчөнү бойлой ээн-эркин басып, ал эми балдар велосипед тээп жыргап калышты. Бири-бирибизге каттап, конокко барып калдык. Кыжырданып, ачууланганга себеп жок. Мурда баары эле үңүрөйүп, кабагын ачпай жүрчү, ар кандай чыр-чатактар болуп турчу. Азыр болсо баарыбыздын маанайыбыз жакшы, күлүп-жайнап, бири-бирибиз менен пикир алышып, жакшы жашап калдык. Бардык жашоочуларда алдыда дагы көп жетишкендиктер болот жана биздин айылдагы инфраструктура жаңыланат деген үмүт пайда болду. Айылыбыздын атынан жергиликтүү бийликке ушундай көпкө күткөн белек үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз!”

Динара МОЛДУСАКОВА, 56 жашта, үй кожойкеси, пенсияда: “Менин беш балам бар, баары бойго жетип, бөлүнүп кетишкен, өз жашоосун улантып жатышат. Кичүү балам 14 жашта, жети жаштагы неберем экөө мектепке барышат. Бул мектепте 760 окуучу билим алат, 39 мугалим иштейт. Бул мектепти 20 жыл мурда курушкан, көптөн бери ремонт жасала элек болчу. Себеби айылда андан да чоң көйгөйлөр бар эле. Макул, биз мындан ары деле чыдап жүрө бермекпиз. Бирок мектептин дааратканасы чоң көйгөйгө айланды. Бул даараткана көчөнүн боюнда жайгашкан жана авариялык абалда турган. Атүгүл дубалдары да урай баштаган, эшиги такыр эле жок болчу. Негизи эле бул даараткана санитардык-гигиеналык нормаларга жана коопсуздук эрежелерине жооп берчү эмес. Кышында ушул даараткананы колдонуп, балдардын ооруганы аз келгенсип, даараткананын ичине түшүп кетеби деп коркчубуз. Ата-энелер бул маселени көтөрүп, чыр-чыр этип эле жүрдүк. Мындан тышкары от жагуучу меш эскирип калгандыктан мектептин ичи жакшы жылычу эмес, мугалимдер жана окуучулар сырткы кийими менен отурчу. Ал эми ашканасында СССР заманынан бери калган жалгыз меш турчу, ага тамак жасаганга мүмкүн эмес эле. 2018-жылы айылдын чогулушунда биз кайрадан ушул көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, акыры чечип бергиле деп талап койдук. Айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары “чечип беребиз” деп убада беришти. Мындан тышкары интернетти киргизип берүү маселесин да көтөрдүк. Анын үстүнө 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланбадыбы. Бардык мектептерге интернет эбак эле жеткен, ал эми азыркы замандын талабы – окуучулар үчүн да, мугалимдерге да бул өтө керек шарт. Кийин биз айткан маселелердин баары 2019-жылдын бюджетине киргизилгенин уктук. Ал эми ошол жылдын жай мезгилинде ремонт иштери башталды: дээрлик жаңы даараткана куруп беришти. Болгондо да балдар үчүн өзүнчө, мугалимдер үчүн өзүнчө даараткана курулду. От жагуучу жайда эки мешти алмаштырышты – мектептин ичи үйдөгүдөй болуп жылып эле жатып калды, эч ким сырткы кийимин кийип отурбайт. Ашканада тамак жасоо үчүн чоң жаңы меш орнотуп беришти, эми балдар ысык тамак менен камсыз болуп калды. Сентябрда интернет өткөрүп беришти. Айтор маалымат алмашуу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Эми мугалимдер балдарга интерактивдүү сабак өтүп, зарыл болгон маалыматтарды алып, дүйнөдө болуп жаткан бардык окуялардан кабардар болуп калышты. Окуучулардын дүйнө таанымы кеңейип, алар жаңы технологияларды колдонуп, шаардык курдаштарынан артта калбоого аракеттенип жатышат. Бул жылы видео байкагычтарды орнотуу пландалып жатат. Ошондо ата-энелер балдарын онлайн режиминде көзөмөлдөп турушмак. Мектептеги көйгөйлүү маселелер чечилгенден бери мен балдарым үчүн санаам тынчым калды. Ата-энелер жергиликтүү бийликтин ишине ыраазы жана кадам сайын башчыбызга өмүр тилеп жашайбыз”.

ИСАКОВ Абдыжакып, 68 жашта, пенсионер: “Мен өмүр бою Жээренчи айылында жашап келатам. Бул айылдын төрт көчөсүндө 70 кожолук бар, бул жерде негизинен жаш үй-бүлөлөр жашайт. Мен майыпмын – көзүм көрбөй калган. Аялым көп жыл мурда кайтыш болгон. Азыр үч балам жана эки неберем менен чогуу жашайбыз. Мен билгенден бери бул жерде таза суу дайыма көйгөйлүү маселе болчу. Эң жакын жердеги суу булагы бир километр алыс жайгашкан, адамдар жөө, машине менен, колго жасалган араба менен, ат-эшек менен суу ташып келчү. Муну баары эле жасачу, алардын ичинде мен да бармын. Суунун тартыштыгы тиричиликти абдан эле оорлотуп койчу. Же кийим-кечеңди кенен жууй албайсың, же даамдуу тамак жасай албайсың, жуунуп, үйүңдү жакшылап тазалай албайсың. Жада калса идиш-аякты жууган да чоң көйгөй болчу. Дайыма сууну үнөмдөп жашап келдик. Кышында сууну чоң каналдан ташып келчүбүз. Бул каналдын жанында кээде малдын өлүгү жаткандыктан кандайдыр бир ооруну жуктуруп алабызбы деп кооптонуп жүрдүк. Жашоочулардын чыдамы түгөнсө да, маселени чече албай жүрүштү. Бирок өткөн жылы чогулушта жаңы айыл өкмөт башчыга ушул маселени айталы деп чечтик. Чогулушта Максатбек маселебизди биротоло чечип берүүнү убада кылды. Буга чейин деле мындай убадаларды угуп жүргөндүктөн жергиликтүү бийликтин бул жолку убадасына ишенчү эмеспиз. Бирок Максатбек ошол маалда эле айылдыктардын жашоосуна күйөөрүн далилдеп койгондуктан биз ага ишендик. Биринчи кезекте суу менен жабдуу маселесин 2019-жылдын бюджетине киргизишти. Андан көп өтпөй акча да бөлүндү. Бирок бул сумма жетишсиз болгондуктан донорлорду издей башташты. Мында чечүүчү жардамды “Асафа” аттуу араб фонду берди. Ошол заматта иштер башталды: 2,5 километр түтүк өткөрүлүп, ар бир көчөгө үчтөн колонка орнотулду. 2019-жылдын май айында төрт көчөгө тең таза суу жетти. Жаш-карысы дебей бардык жашоочулар балдардай эле сүйүнүп жатып калдык. Бул биз үчүн бактылуу окуялардын бири болду. Жашообуз да бир кыйла оңолду: үй тиричилиги жеңилдеп, аялдар балдарды тарбиялоого көбүрөөк убакыт бөлүп калышты. Ал эми Максатбек 2020-жылы 78 үй-бүлө жашаган дагы бир көчөгө суу өткөрүп берүүнү убада кылды. Ал 2022-жылы ар бир короого суу келет деп айтты. Ошондо да чоң бакыт болот го!”.

Бул пикирлерден белгилүү болгондой, эл Максатбек ИБРАИМОВдун ишине абдан ыраазы. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун оңой эмес механизмдерин кыска убакыттын ичинде өздөштүрүп, элеттиктердин жашоосун жеңилдетүүгө аракет кылып жатат.

Максатбек өзү болсо жаңы жашоого багыт көрсөткөн Долбоорго ыраазычылыгын айтып бүтпөйт: “Менин кесипкөй өсүшүм Долбоорду ишке ашыруу менен кошо башталды. Бул долбоордун жардамы менен калк менен иш алып барганды үйрөндүм, ачык-айкындуулуктун манызын түшүндүм, жергиликтүү бюджетти туура бөлүштүргөндү билип калдым, жамааттагы бардык катмарлардын пикирин эсепке алуу канчалык маанилүү жана зарыл болгонун түшүндүм. Долбоордун жардамы менен биздин муниципалитет өзүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Уставын даярдай алды. Бул Уставда аймактагы жашоочулардын жүрүм-турум эрежелери жазылган. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Себеби бул документ ар бир муниципалитет үчүн негизги документ болуп саналат. Бузуулар боюнча комиссиянын ийгиликтүү иши да биз үчүн чоң жетишкендик болуп калды. Адамдар коомдук жашоонун шарттарын жана талаптарын түшүнө башташты, башкалардын эмгегине аяр мамиле жасап, иштеген, жашаган жеринде тартипти сактап калышты. Биздин муниципалитет райондогу алдыңкы аймактардын катарында турганы, 19 муниципалитеттин ичинен мыкты деп табылганы Долбоордун жардамы менен болду деп так кесе айта алам. Биздин муниципалитет райондук кесиптештерден 2-3 жыл алга кеткен деп ишенимдүү айтам. Мен муну менен сыймыктанам жана ушуну менен токтоп калгым келбейт. Менде олимпиадалык чемпиондо болгондой кумар пайда болду, жетишкендиктерди жакшыртып, жаңы долбоорлорду издеп, иштин жаңы инновациялык ыкмаларын билгим келет. Биздин аймактын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон Долбоордун кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем!”, - деп айтты Максатбек.

Анын муниципалитеттин башында турган эки жылдан берки иши “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын отличниги” жана “Айыл чарбанын отличниги” төш белгилери менен бааланган. Ал эми өткөн жылы Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы аны “Мыкты айыл өкмөт башчы” Ардак грамотасы менен сыйлаган.

Долбоордун атынан Максатбекке күч-кубат каалап, чон-чоң пландарын жана долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып алсын деп тилейбиз. Максатбекке айылдык аймактын өнүгүүсү жана айылдагы жашоону жакшыртуу үчүн креативдүү б а ш т а л ы ш т а р д ы, ачылыштарды жана жеңиштерди, жаңы м ү м к ү н ч ү л ү к т ө р д ү жана оң жыйынтыктарды, албан ийгиликтерди каалайбыз!

Окшош материалы: