Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Саттарали МИҢБАЕВ, Көк-Жар АА: «Мен стратегиялык көз караш менен ой жүгүрткөндү, көргөндү жана келечекке так пландарды койгонду үйрөндүм»

2020-01-13 / Жаӊы лидерлер
Саттарали МИҢБАЕВ, Көк-Жар АА: «Мен стратегиялык көз караш менен ой жүгүрткөндү, көргөндү жана келечекке так пландарды койгонду үйрөндүм»

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист, "Муниципалитет" журналынын буюртмасы менен

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Саттарали МИҢБАЕВди чыныгы лидер жана чындап эле элдик жетекчи катары үлгү кылып көрсөтсө болот.

С. МИҢБАЕВ жергиликтүү жамааттын арасында, ошондой эле бул райондогу кесиптештеринин арасында талашкыс абройго ээ болду. Саттаралини жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аксакалы деп атаса болот. Себеби ал бул чөйрөдө 22 жылдан бери эмгектенип келатат. Бирок ал элдин кадыр-баркына жаш курагы үчүн гана эмес, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү жана эбегейсиз чоң тажрыйбасы үчүн ээ болду.

Саттарали МИҢБАЕВ 1964-жылы Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. Ал беш баланын төртүнчүсү болчу. Ата-энеси дыйкан чарбасы менен алектенишчү. Анткен менен баласынын мектептеги ийгиликтерине өзгөчө кубанып, келечекте чоң жетекчи болот деп кыялданышчу. Бирок мектептен кийин Саттарали МИҢБАЕВ армияга кетип, 1982-1983-жылдары Ооганстанда кызмат өтөгөн. Ошентип ал жаш кезинде эле согушта өлүм-житимдерди көрүп, үрөйү учкан. Армиядан жигит “Кызыл жылдыз” орденин, “Эрдик үчүн” жана “Ыраазы ооган элинен интернационалист жоокерге” медалдарын тагынып кайткан. Мекенине кайтаар замат ал өзүнүн совхозунда жүк ташуучу машиненин айдоочусу болуп ишке орношкон. Саттарали МИҢБАЕВ айылдаш кызга баш кошуп, көп өтпөй эки уулдуу жана эки кыздуу болушат. Бүгүнкү күндө МИҢБАЕВдин беш небереси бар.

1993-жылы Саттарали Ош мамлекеттик университетинин экология факультетине өткөн. Окууну аяктагандан кийин айылдаштары көптөн үмүттөндүргөн жаш, диплому колунда бар адисти айыл башчы кызматына көрсөтүшкөн. Сегиз жылдан кийин Саттаралиге жер түзүүчү кызматын сунуш кылышкан. Бул кызматта ал 11 жыл эмгектенди. Бул жылдары ал эки жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланды. Депутаттык орунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен башынан аягына чейин таанышып чыгып, кесиптештер жана жергиликтүү жамаат менен бекем байланыш түзүүгө жетишти. Мунун баары шайлоочулардын суроо-талабы боюнча иштерди бир кыйла жеңилдетип, элеттиктердин күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүүгө өтө чоң жардам берди. Көп өтпөй лидердик сапаттары, эч кимден жардамын аябаганы, дайыма жардам берүүгө умтулган эпчилдиги, чатакташкан тараптарды элдештире алган сапаты, орундуу жана пайдалуу кеп-кеңештерди бере алары тууралуу жергиликтүү эл көп айта баштаган.

2017-жылы мурдагы айыл өкмөт башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, жаңы лидерди шайлоого даярдык башталган. Көк-Жар аймагынын курамына кирген алты айылдын эли Саттарали МИҢБАЕВ айыл өкмөт башчысы болушу керек деп бир добуштан чечкен. Алты айылдын аксакалдары жана лидерлери райондун акимине жана өз депутаттарына кайрылышып, Саттарали МИҢБАЕВди муниципалитеттин башчысы кызматына көрсөтүү сунушун беришкен. Бийлик өкүлдөрү жергиликтүү жамааттын өтүнүчүн эске алып, жергиликтүү кеңештин 22 депутаты (33 депутаттын ичинен) С.МИҢБАЕВ үчүн добуш беришкен.

“Мен абдан сыймыктанып турам. Элим жана айылдык кеңештин депутаттары мага ушунчалык чоң ишеним көрсөтүштү. Менин көп жылдан берки эмгегимди, жеке адамдык касиеттеримди баалаганы үчүн өзүмдү абдан бактылуу сездим. Бирок ошол эле маалда өтө чоң жоопкерчиликти алып жатам деген коркуу сезими да болбой койгон жок. Бирок күмөн санап, күчүмө көп ишене албай турганымда мага кесиптештерим, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аймактын карапайым тургундары жардамга келишти, алар мени колдоп, жакшы сөздөрүн айтышты. Ал эми мындай колдоону сезип турсаң анда тоону деле омкоруп саласың да!”, - деп эскерет Саттарали МИҢБАЕВ.

2017-жылдын февраль айында МИҢБАЕВ Көк-Жар аймагындагы айыл өкмөттүн башчысынын милдеттерин аткарууга киришкен. Биринчи кезекте ал муниципалитеттин жамаатын чогултуп, эч кимди кызматынан бошотпой турганын, кадрларды өзгөртүү ою болбогонун, жумуш буга чейинкидей эле ыргакта улана берээрин, бирок жүк жана жоопкерилик көбөйө турганын жарыялаган. Жаңы кызматта ал өзүн ыңгайсыз сезген эмес. Себеби буга чейин эле бул “казанда кайнап”, башка статуста болсо да, ушул эле ишти жасап келген. Ошондуктан жаңы жетекчи болгон назарын актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө бурду. Жаңы жетекчи социалдык маанидеги объекттер – мектептер, бала бакчалар, ФАП өңдүү көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйгө көңүлүн бурду. Бул объекттердин баары ремонтту, реконструкциялык иштерди, кайра жаңылоону талап кылып жаткан. Ал эми бул маселелерди чечиш үчүн биринчи кезекте акча керек эле. Муниципалитет мамлекеттик дотацияда тургандыктан жаңы башчы кошумча каражаттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү издей баштады.

2017-жылдын апрель айында Саттарали МИҢБАЕВ интернеттен “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору тууралуу окуп калды. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат. Саттаралинин назарын Долбоордун аталышы буруп, Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун лидерлери менен долбоордун өкүлдөрүнүн таанышуу максатында уюштурулган жолугушуусуна сөзсүз катышууну чечти. Расмий жолугушууда долбоордун максаттары жана тапшырмалары тууралуу кенен маалыматтарды алып, анын аймак үчүн маанисин баалап, Саттарали МИҢБАЕВ конкурска катышууга өтүнмө жиберет:

“Бул долбоор абдан кызыктуу экенин ошол замат түшүндүм. Мага долбоордун негизги идеясы жана концепциясы жакты. Долбоордун көп максаттары жана тапшырмалары биздикине шайкеш келгенин, көбү үндөшүп да кетээрин көрдүм. Биздин муниципалитетке калктын бюджеттик процесске катышуусун активдештирүү зарыл эле. Бирок биз муну кантип жасай турганыбызды билбей жүргөнбүз. Ошондуктан конкурста жеңүүчү деп табылып, максаттуу муниципалитет болуп калганда абдан сүйүндүк. Ошентип, 2017-жыл биздин муниципалитет үчүн бурулуш жыл болуп калды. Долбоорду ишке ашыруу процессинде бардык кызматкерлер чоң теориялык жана практикалык тажрыйбага ээ болушту. Бул баа жеткис тажрыйба болду”.

Көк-Жар аймагында Долбоорду ишке ашыргандан бери өткөн эки жылдын аралыгында 30 иш-чара өткөрүлдү. Алардын ичинде: сегиз иш-чара жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоого, бирөө бюджет боюнча коомдук угууларга, бешөө айылдык чогулушту өткөрүүгө, сегизи окуу тренингдерине, бешөө жумушчу жолугушууларга багытталган. Бул иш-чараларга жалпы жонунан 2438 адам катышып, алардын 1176сы аялдар болду. Мындан тышкары Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзчү топ (БМжБТ), демилгелүү топтор түзүлүп, алардын курамына калктын бардык катмарларынын өкүлдөрү киришти.

Жамааттын муктаждыктарын аныктоо процессинде аймактагы сегиз көйгөй артыкчылыктуу деп табылган. Бул маселелерди чечүү үчүн үч демилгелүү топ түзүлүп, Биргелешкен аракеттер планы (БАП) даярдалган. ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун Гранттык программасына катышуу аркылуу 2 миллион сом көлөмүндө каржылык колдоо алынды. Мындан тышкары коомдук бюджеттик угуу өткөрүлүп, ага 350 адам катышкан. Булардын ичинен 201и аялдар болду. Натыйжада айтылган 113 сунуштун ичинен 13ү 2019-жылдын бюджетине кошулган. Бул окуялардын баары долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө ачылган муниципалдык сайтта толугу менен чагылдырылган. Ошондой эле бул маалыматтар аймактагы ар бир айылда орнотулган беш тактага илинген.

Каарманыбыздын ырасташынча, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатууда тренингдер жана практикалык окуулар чоң ролду ойногон. Долбоордун программасында түрдүү темалар боюнча тренингдер бар болчу. Дал ушул тренингдерде коомдук жыйындарды, бюджеттик угууларды уюштуруу, иш-чарага “чейин” жана “андан кийин” маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү тууралуу билим берилип, кызматкерлер көндүмдөргө ээ болушту. Мунун натыйжасында коомдук иш-чараларга көбүрөөк элеттиктерди тартууга мүмкүн болду. Ошондой эле кызматкерлер кайтарым байланыштын түпкү маанисин түшүнүп, калктан түшкөн суроолор жана сын пикирлер көйгөйдү ачык көрсөтүп коёрун, жашоо шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштар түшөөрүн билишти. Ушул тапта мындай иш-чаралар аймакта кадыресе көрүнүш болуп калды жана дайыма чоң пайда алып келет. Мисалы, акыркы эки жылы көкжарлыктар өз алдынча ЖМБА иш-чараларын өткөрүп, 2018-жылы алардын натыйжасында беш артыкчылыктуу көйгөйдү аныктап чыгышса, 2019-жылы алты көйгөй аныкталган.

Саттарали МИҢБАЕВдин баамында, жергиликтүү жамаат менен иштөөнүн жаңы формалары ЖӨБ органы менен элдин ортосунда тыгыз байланышты түзүүгө жардам берди. Жергиликтүү калктын активдүүлүгү кескин өсүп, бүгүнкү күндө бардык иш-чараларга бери дегенде 300-500 адам катышат. Мурда ашып кетсе 100гө жакын адамды араң чогултушчу. Мындан тышкары элдин аңсезими да өзгөрдү. Айталы, түрдүү инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүгө элеттиктер 866 300 сом чогултуп беришкен. Ал эми эмгек салымы 322 654 сомго барабар болду. Бул сандар эл колго тийбеген бюджеттик ассигнацияларды күтпөстөн эле муниципалитеттин көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө даяр болгонун ырастап турат.

“Мурда дайыма эртең менен кабылдамада 10-15 адам арыз-муңун айтып турчу, - дейт С.МИҢБАЕВ. – Ал эми бүгүн андайлар аз. Себеби биз көптөгөн кокого жеткен маселелерди чече алдык. Мындан тышкары биз өз пландарыбыз, ишибиздин жыйынтыктары тууралуу калкка отчет бере баштадык. Элге маалымат жеткирүүнүн башка ыкмасы – маалымат такталары да жолго салынды. Үч демилгелүү топ түзүлүп, алардын курамына муниципалитеттин өкүлдөрү жана жергиликтүү жамаат кирип, бул да калкты активдештирүү үчүн чоң дем болуп берди. Көптөр алар менен иштеп, маселени чечүү жолдорун чогуу издегиси келип, жоопкерчилик сезими пайда болду. 13 адамдан турган атайын түзүлгөн жумушчу топ аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн негизинде 2018-2019-жылдарга БАП даярдады. Бул план бир кыйла реалдуу болду. 2018-жылдын ноябрь айында эле ичүүчү суу көйгөйүн чечтик, бул үчүн 870 миң сом сарпталды. 2 599 400 сом мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, 463 000 сом мектепке чейинки мекемелердин ишин уюштурууга багытталды. 755 000 сом жолдордун абалын оңдоого, 6 306 454 сом электр менен жабдуу системасын жаңылоого багытталды. Маалымат борборун оңдоо, маалымат такталарын жана муниципалдык сайтты түзүүгө 1 239 000 сом жумшадык. 2017-2018-жылдары Биргелешкен аракеттер планын ишке ашырууга кеткен чыгашанын жалпы суммасы 12 232 854 сомду түздү. Алардын ичинен элеттиктердин акчалай салымы 866 300 сом, эмгек салымы 322 654 сом, демөөрчүлөрдүн жардамы 310 000 сом, ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун салымы 2 108 000 сом, АРИС долбоорунун салымы 11 000 сом жана жергиликтүү бюджеттен 8 614 900 сом болду. Кырдаалга баалоо жүргүзүү үчүн БМжБ тобун түзүү жалпы айыл-дык аймак үчүн олуттуу учур болуп калды. Себеби сапаттуу кызмат көрсөтүү маселеси дайыма түрдүү кеп-сөздөрдү, талаш-тартыштарды жаратып, атүгүл жаңжалдарга да жол ачып келген эле. Көкжарлык топтун ийгиликтүү иши аймакта гана эмес, Долбоордун эки облустагы максаттуу муниципалитеттери үчүн да үлгү болуп калды. Республикалык деңгээлде тажрыйба алмашуу сапарынын алкагында бул жетишкендиктер тууралуу кенен сөз болуп, алар талданып чыгып, көптөр үлгү катары алууну чечишти. “БМжБ тобу ЖӨБ органынын оң колуна айланды, – деп белгиледи Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы. – Дал ушул топтун жардамы менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты оңолду. Мектептерде жана бала бакчаларда капиталдык ремонт боюнча иштерге, ичүүчү сууну өткөрүү жумуштарына, маалымат борборун капиталдык ремонттоого оң таасири тийди. Мисалы, мектептин тегерегин тосмолоо жумуштары начар аткарылган экен, подрядчылар муну кайрадан жасап чыгууга мажбур болушту. Мындай топтордун ишин бекемдеп, өнүктүрүш керек деп эсептейм. Себеби алардын иши жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн натыйжалуу аспап болуп саналат”, - деди С.МИҢБАЕВ.

Бардык көкжардыктар үчүн чоң окуя 2018-жылдын ноябрында болду. Бул маалда алардын аймагында тажрыйба алмашуу болуп, ага долбоордун Ош жана Нарын облустары боюнча 26 муниципалитети катышты. Бул жерде бардык айыл өкмөт башчылары, мониторинг жана баалоо топторунун төрагалары, жалпысынан 84 адам, анын ичинде 26 аял катышты. Көкжардыктар жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Катышуучулардын айтымында, Көк-Жар аймагына болгон сапар аларды ушунчалык катуу таасирлендиргендиктен ар бири өз жеринде олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу ойго батып калышты. Катышуучулар өз ишине башкача көз менен карап, баа беришти. Алар иште колдонулуучу ыкмалардын креативдүүлүгү тууралуу ойлонуп, депутаттардын ролун жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн, бюджетти бөлүштүрүүгө жана инвестицияларды тартууга башкача баа бере башташты. Иш процессинде административдик тоскоолдуктар жана менталитеттер менен чектелбеген, түрдүү муниципалитеттер ортосундагы баарлашуу платформасын түзүү идеясы өзүнөн өзү пайда болду. Себеби ар бир муниципалитеттин башкалар менен бөлүшө ала турган тажрыйбасы бар. Бул жолугушуу ушуну тастыктап берди.

Жамааттын ар бир көйгөйүн чечүү маселеси финансылык мүмкүнчүлүктөргө барып такалары турган иш деңизчи. Көк-Жар аймагында финансылык донорлорду издөө боюнча чоң жумуштар жасалып жатат. Болгондо да Саттарали МИҢБАЕВ инвестицияларды тартканы үчүн стимул берүү ыкмасын колдонгон саналуу жетекчилердин бири. Башкача айтканда, сырттан акча тартып келген мекемеге же уюмга кошо каржылоо катары жергиликтүү бюджеттен белгилүү бир көлөмдөгү акча бөлүнөт. Бирок бул финансылык көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу эмес. Айталы, 2018-жылы айылдык кеңештин сессиясында АЖМФ жерлерин ижарага берүү үчүн салыкты жогорулатуунун эсебинен жергиликтүү бюджетти көбөйтүү тууралуу сунуш болгон. Бул сунушту депутаттар колдоп беришкен. Эгерде мурда келишим боюнча ижара акысы бир гектар үчүн 5 миң сом болсо, азыр бул сумма 7 миң сомго көбөйдү. Мындан тышкары муниципалдык жерлер мурдагыга караганда жигердүү колдонула баштады. Аны менен катар кирпич заводу, кондитердик цех, машине жуучу жай, курулуш материалдарын, курулуш гипсин чыгаруучу завод, дүкөндөр өңдүү бизнес үчүн ижара участоктору бөлүнө баштады. Мунун оң жагы – муниципалдык казынага ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин эсебинен киреше түшүп жатат.

Ошентип, 2018-жылы мисалы, Көк-Жар аймагынын бюджети 17 миллион сомдон 28 миллион сомго чейин көбөйдү. Мына ушул жетишкендиктердин баарын муниципалитеттин башчысы долбоор менен байланыштырууда: “Долбоор бардык көкжардыктарга өтө чоң таасирин тийгизди. Эгерде өзүм тууралуу айта турган болсом, мен кесипкөй билимимди жана көндүмдөрүмдү бир кыйла жогорулатып алдым, мыйзам чыгаруу базасын өздөштүрдүм, бийликтин бардык деңгээлдеринде жана өнөктөштөр менен өз ара байланышты түзгөндү үйрөндүм, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн заманбап усулдарын өздөштүрдүм, эл менен мамиле түзгөндү үйрөндүм. Ошондой эле мен долбоорлорду даярдап, мүмкүн болушунча натыйжалуу иштеп, элге толук жана чын маалымат жеткиргенди, чогулуштарды, бюджеттик угууларды жана фокус-топторду туура уюштуруп, өткөргөндү үйрөнө алдым. Бирок эң негизгиси – мен стратегиялык жактан ой жүгүртүп, көрө билгенди жана келечекке так пландарды түзгөндү үйрөндүм.

Эгерде долбоордун калкка тийгизген таасири тууралуу айта турган болсом, негизги бир учурду баса белгилегим келет: адамдар өз укуктарын билип калышты, аларда жергиликтүү бюджетке болгон кызыгуу пайда болду, эми алар бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгү боюнча маселени түшүнүп калышты, акча кантип жана кайда сарпталып жатканына кызыгышат... Жамааттын ишине катышуу ниети пайда болуп, адамдар бардык окутуучу жана коомдук иш-чараларга жигердүү катышып жатышат.

Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесипкөй көндүмдөрүн бир кыйла жакшыртып, башка муниципалитеттердеги кесиптештеринен өтө айырмаланып турушат. Ушундай эле бааны жергиликтүү кеңештердин депутаттарына да бергим келет. Алар топтолгон тажрыйбасы менен оңой эле бөлүшүп, жардам берүүгө умтулуп, кесиптештеринин бардык суроолоруна жооп берип жатышат. Ал эми суроолор акыркы убактарда абдан көп болууда. Ноокат району боюнча биздин аймакты үлгү катары көрсөтүп, жетишкендиктерибизди баса белгилеп турушат. Биздин аймакты өнүктүрүүдө баа жеткис жардамы үчүн Долбоордун жетекчилигине жана кызматкерлерине муниципалитеттин бардык жашоочуларынын жана кызматкерлеринин атынан терең ыраазычылыгымды билдирем! Бир нерсеге ишендирип кетким келет: ушул деңгээлден түшпөгөнгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деп айтты С.МИҢБАЕВ.

Көк-Жар аймагынын жана анын башчысынын жетишкендиктери тууралуу кептер тез эле Ноокат районунун чегинен чыгып кетти. Саттарали МИҢБАЕВдин кесиптештери, донорлор, долбоорлор менен түрдүү расмий жолугушууларга чакырып жатышты. Ал өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, калк менен иштөөнүн ыкмалары тууралуу айтып берет. Долбоордун алкагында 2019-жылдын күз мезгилинде Саттарали МИҢБАЕВ эл аралык деңгээлдеги тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучусу болуп калды. Саттарали МИҢБАЕВ кесиптештери менен Латвия Республикасынын борбору Ригага барып келишти. Бул жолугушуунун катышуучулары Латвиянын бир катар шаардык жана элеттик муниципалитеттеринде болушуп, алардын ишинин өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышты. Мына ушул жерде да Көк-Жар аймагынын жана анын башчысынын тажрыйбасы чыныгы кызыгууну жаратты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы көп жылдык ийгиликтүү иши үчүн 2018-жылы өлкөнүн Айыл чарба министрлиги С.МИҢБАЕВди “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйлаган. Ал эми Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы “Мыкты айыл өкмөт башчы” Ардак грамотасын тапшырган. 2019-жылы да ушундай эле грамотаны Ош облустук мамадминистрациясынан алды. Аймактын жашоочулары да өз лидеринин тажрыйбасын жана иштин көзүн таба билгендигин жогору баалап, анын дарегине жылуу сөздөрдү айткандан чарчашпайт.

Айсулуу ТҮМӨНОВА, 53 жашта, жергиликтүү кеңештин депутаты, мугалим: “Ал биздин мектеп үчүн өтө көп нерсени жасады: видеобайкоочу камераларды орнотту, капиталдык ремонт жасап берди, жабдууларды жана эмеректерди сатып берди. Мектептин болгон инфраструктурасын өзү келип текшерип турат. Атүгүл мугалимдердин ден соолугуна жана маанайына да кызыгат, сабактар кантип өтүп жатканын, балдардан сабактан калып-калбаганын, кандай көйгөйлөр бар болгонун сурайт. 2015-жылы жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок чоң чуңкур казып коюп, ошол бойдон калтырып кетишкен. Ал эми Саттарали кызматка келгенден баштап иш ордунан козголуп, учурда биринчи кабаты бүтүп калды. Курулуштун болгон процессин өзү көзөмөлдөп, жумушчулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүп берет. Айыл өкмөтүнүн имаратына киргенде да сергий түшөсүң – бардык жери жаңыланган, заман талабына ылайык жабдылган жыйындар залы борбордук жерге айланды. Бул жерде кызыкчылыкка жараша түрдүү топтор жолугуп, муниципалитетибиздин маанилүү маселелерин талкуулайбыз. Биздин башчыбыз калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына, майыптарга жана карыкартаңдарга өзгөчө көңүл бурат. Ал биз менен – депутаттар менен өтө тыгыз иш жүргүзөт. Биз башчынын бардык демилгелерин колдоп турабыз. Ал да өз кезегинде бизге кулак салып, колдоп, иш тууралуу отчетторду убагында тапшырып турат. Айтор, бизде ынтымак бекем, ошол себептен иш илгерилеп жатат. Акыркы жылдары аймакта өтө көп жакшы өзгөрүүлөр болду. Мунун баары Саттаралинин көктүгү жана максатка умтулгандыгы үчүн болуп жатат. Анткени ал дайыма баштаган ишинин соңуна чыгат. Саттарали заманбап, чындап элдик жетекчинин мыкты сапаттарына ээ”.

АДИЛОВ Абылаким, дыйкан: “Биринчи кезекте ал абдан жакшы, ак ниет адам. Ал адамдар үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайт жана муктаждарга чын дилинен жардам берет, ачык жана өтө элпек адам, ар бир айыл тургуну менен тил табыша алат. Ал үй-бүлөсүн да жакшы карайт, балдарынын баары тарбиялуу, бири дарыгер, дагы бир баласы судья, кичүү уулу армияда кызмат өтөйт. Бул өтө ынтымактуу жана үлгү болчу үй-бүлө. Саттаралинин биздин аймактын өнүгүүсүнө кошкон салымын өтө чоң деп баалайт элем. Саттарали биздин айыл өкмөтүбүзгө башчы болгондон бери көптөгөн артыкчылыктуу маселелерибиз чечилди: мектептер, бала бакчалар, ички жолдор оңдолуп, таза суу өткөрүлүп, электр энергиясы келип, көчөлөр жарык болуп калды. Айта берсе сөз көп. Саттарали жамаатты ойгото алды. Көп өткөрүлө баштаган чогулуштарда жана бюджеттик угууларда эл батпай кетет. Башчы даярдаган түстүү жана түшүнүктүү графикалар менен сүрөттөр бардык маселени бир заматта жетимдүү жана ачык кылып коёт. Бирок андан да маанилүүсү – муниципалитеттин башчысы калктын көйгөйлөрүн жеке өзү кызыгып сурайт, ар бир адамды угуп, пикирин эсепке алат, эмнени чечсе болорун, ал эми жакын арада эмне чечилбей турганын так жана ачык айтат. Саттарали эл арасында чоң абройго ээ болду. Эл сокур эмес да. Биз анын ишинин жыйынтыгын көрүп, абдан ыраазы болуп отурабыз”.

 

Окшош материалы: