Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кесипкөй айыл өкмөт башчы өзүнүн муниципалитетинде гана эмес, башкасында да ишти жолго сала алат: Максат Дорбаев

2020-03-03 / Элеттик жаңы лидерлер
Кесипкөй айыл өкмөт башчы өзүнүн муниципалитетинде гана эмес, башкасында да ишти жолго сала алат: Максат Дорбаев

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист *** Бул макаланын каармандары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары. Экөө тең айыл өкмөт башчы – Максат ДОРБАЕВ Ак-Чий айылдык аймагынын башчысы, ал эми Талгат МУКАЛАЕВ Жыргалаң айылдык аймагын жетектейт. Булардын окуясынын өзгөчөлүгү эмнеде? Алар өлкөнүн башка аймактарындагы кесиптештерине караганда кыска убакыт ичинде таң калтырарлык жыйынтыкка жете алгандыктан алардын тажрыйбасы менен кененирээк таанышууну чечтик. Дагы бир өзгөчөлүгү: жашоочулар аларга өздөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жетектеп берүүнү сунуш кылышты. Мунун өзү эле бул жетекчилердин кесипкөй деңгээлинен канчалык кабар берээрин ойлоп көрүңүзчү. Бул ошондой эле өз айылынын тагдырын жергиликтүү абройлуу адамга эмес, өз мекенинде кесипкөйлүк, жамаатты жаңыча, мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалуу иш-аракеттер менен жетектей алууга жөндөмдүү болгонун тастыктаган “варягга” ишенип берүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ой жүгүртүүсү толугу менен өзгөргөнүнөн кабар берет. Бир караганда эки башчынын ортосунда көп деле окшоштук жок – жаш курагы, билим деңгээли, жеке кызыкчылыктары ар башка. Бирок адамдар менен мамиле түзө алуу жөндөмү, адамдардын суроо-талаптарын түшүнүп, жамааттын эң орчундуу маселелесин чечүүгө башкаларды тарта алганы, элет жергесин өнүктүрүү стратегиясын бир топ алдыга көрө билүү жөндөмү экөөндө тең окшош болгондуктан, алар эгиздерге окшошуп кетишет.

Максат ДОРБАЕВ менен Талгат МУКАЛАЕВдин феномени эмнеде?

“Зарыл учурда керектүү жерде болуп калды” деп коюшат. Бирок канча деген адамдар, жүздөгөн, балким миллиондогон адамдар негизгисин көрө албай, өзүнүн жана айланасындагы адамдардын жашоосун өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберүүдө. Ал эми биздин каармандарыбыз ошол мүмкүнчүлүктү көрүп, күмөн санаса да, тагдырын өзгөртүүгө карай эрктүү кадам шилтей алышты. Муну менен алар өзүнүн гана эмес, миңдеген жердештеринин жашоосун да өзгөртүштү.

Каармандарыбыздын ачыктыгы, чынчылдыгы, ак ниеттүүлүгү, өз жерине болгон чыныгы сүйүүсү, эрктүү чечимдери, элдин башын бириктире алчу жөндөмү, ар бир адам менен мамиле түзө алганы буларды чыныгы лидерлерге айландырды. Бул лидерлер жергиликтүү жамааттын башында туруп, өтө чоң жыйынтыктарга жетип жатышат. Бул адамдар тууралуу дагы далай жакшы кептерди угабыз деп ишенимдүү түрдө айта алабыз.
 
Максат Дорбаев: издеп, сынап көрүш керек!

Максат Дорбаев 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылында төрөлгөн. Ал үч балалуу үй-бүлөдө кенжеси болчу. 2002-жылы мектепти бүтүргөндөн кийин ал Ысык-Көл мамлекеттик университетинин (Каракол ш.) тарых факультетине тапшырган. Максаттын ата-бабасы өмүр бою ушул жерде мал багып, жер иштетип келгендиктен ал да ушул жолдон чыккан жок. Институтту бүтүргөндөн кийин Максат борбор калаада бир жылдай жүрүп, кичи мекенине – өз айылына кайтып келүүнү чечти. Адегенде эмгек жолун айыл өкмөтүнө статист-экономист болуп ишке кирүү менен баштайт. Андан соң салык инспектору болуп иштейт. 2012-жылы конкурска катышып, Ак-Чий айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кызматын ээлейт. Ал маалда Максат үй-бүлө күтүп, үч баланын атасы болуп калган эле.

2012-жылдын май айында конкурста жеңүүчү деп табылып, Ак-Чий аймагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитетине айланат. Максаттын айтымында, бул жамаат үчүн да, жеке өзү үчүн да бурулуш учур болуп калды. Максат мына ушул учурдан тартып анын жашоосунда абдан кызыктуу этап башталганын мойнуна алат. Жоопкерчиликтүү жана жаш адис катары Максатты Долбоордун муниципалитеттеги координатору катары шайлашат. Максаттын милдетине бардык уюштуруу иштери кирген. Бул ага өтө чоң практикалык тажрыйба берип, инсан катары өсүп-жетилүүсүнө көмөктөшкөн. Мунун баары көп өтпөй карьерасына да оң таасирин тийгизген.

Долбоордун иши түрдүү темалар боюнча окуу тренингдеринен башталган. Бул тренингдер катышуучуларга – жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн адистерине, жергиликтүү жамааттын лидерлерине күнүмдүк ишинде колдоно алчу өтө көп кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды бере алган. Максат ошол тренингде алган билимдин үзүрү Долбоорду ишке ашыруу процессинде гана эмес, муниципалитеттин башчысы кызматында да тийип жатканын белгилейт.

Алгачкы тренингдерден кийин эле дароо практикалык иш башталган. Бул ишке АӨнүн бардык кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук лидерлер жана дээрлик бардык жамаат тартылган. Дорбаевдин айтымында, мындай масштабдуу иш-чаралар Ак-Чий аймагында буга чейин өткөрүлгөн эмес.

Адегенде бардык үч айылда тең элеттиктердин муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча аймактын алты артыкчылыктуу көйгөйү аныкталды. Түзүлгөн үч демилгелүү топ бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карап чыгып, биргелешкен аракеттер планын даярдап чыгышты. Максат чукул арада оңдолушу керек болгон ички жолдордун ремонту өңдүү маселе менен алектенген топко кирди. Ошентип, белгиленген мөөнөттүн ичинде жалпы жамааттын жигердүү катышуусу менен алдыңкы планда турган көйгөйлөр чечилди. Максаттын айтымында, биргелешкен аракеттер планы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча мыкты механизм болуп берди. Көйгөйлөрдү аныктоонун механизмин, демилгелүү топтордун өз ара аракеттенүү системасын түшүнүп, алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу жолдорун таба алгандан кийин элеттиктер өз күчүнө ишенишип, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрү кеңири болгонуна ыннышты. Мунун натыйжасында коомдук иш-чаралардын, элеттик чогулуштардын активдүүлүгү жана натыйжалуулугу да жогорулады. Долбоорду ишке ашыруу маалында жалпысынан 29 иш-чара өткөрүлүп, аларга 1674 адам катышты. Бул болсо аймак калкынын дээрлик жарымын түзөт. Булардын ичинен 582си же 32 пайызы аялдар болду.

Мындан тышкары жергиликтүү жамаат ЖӨБ органы чындап эле ачык-айкын болуп калганын көрдү. Бул да элдин ишенимине оң таасирин тийгизди.

2014-жылы айыл өкмөт башчысынын кызматтагы мөөнөтү соңуна чыгып, Максатты анын милдетин аткаруучу катары тандап алышкан. Бул кызматка талапкерлер арасында шайлоо өткөрүү тууралуу сөз болгондо, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары Максатка өз талапкерлигин көрсөтүүнү сунуш кылышты. Бирок Максат ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирип, баш тартууга аракет кылды. Ал: “Мен болгону 28 жаштамын. Мындай чоң ишенимди актай албай каламбы деп корком. Бул өтө жоопкерчиликтүү иш, мен аны жасай албай калышым ыктымал”,- деди.

Бирок бул сөздөр элдин оптимисттик маанайына таасирин тийгизе алган жок: “Биз сен кантип иштегениңди көрдүк – бардык маселени чече алаарыңды иш жүзүндө далилдеп бердиң. Сенин уюштуруучулук жөндөмүң күчтүү, адамдар менен иштегенди билесиң, алдыга койгон максатыңа жетесиң, бизге дал ушундай лидер керек. Анын үстүнө биздин аймакты жаштардан башка кимдер өнүктүрөт? Сага эл үмүт артууда, башкаларга караганда сен көбүрөөк пайда алып келээриңди билебиз”.

Мына ушундай мактоо сөздөрдөн кийин Максат сунуш тууралуу дагы бир жолу ойлонуп көрүп, кесиптештери, ЖӨБ чөйрөсүндөгү эксперттер, туугандары менен акылдашып, жаңы кызматта өзүн сыноого бел байлады. Ошентип 2014-жылдын август айында өткөн шайлоодо жергиликтүү кеңештин 11 депутатынын сегизи Максат үчүн добуш беришип, ал Ак-Чий аймагынын өкмөт башчысы болуп калды.

Максат өз ишин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар менен таанышуудан баштады. Бирок, биринчи кезекте кадр маселесин чечиши керек эле. Анткени төрт орун бош турган, эч ким жарыбаган айлыкка айыл өкмөткө ишке келүүнү каалаган эмес. Максат жаштарга басым жасап, алардын көбү менен жолугушуп, сүйлөшө баштады. Кээде “Жаштардан башка айылды, келечекти дагы ким ойлойт?” деп ынандырууга да туура келди. Максат аймак абдан жакшы өнүгөөрүн айтып, бул үчүн сабаттуу, заманбап технологияларды билген, башка ой жүгүрткөн, өз айылы үчүн күйүп-бышкан жаш адистер керек экенин тынбай айта берди. Мына ушул сөздөрдү тандалып алынган талапкерлерге гана эмес, алардын ата-энелерине да жеткириш керек эле. Себеби алар балдарынын соңку чечимине өтө чоң таасир тийгизет эмеспи. Натыйжада төрт жаңы адис ишке алынып, кадрлар арасында ротация жүргүзүлдү.

Кийинки кадам инвестицияларды издөө багытына жасалды. Себеби Ак-Чий аймагы дотацияда турат жана жергиликтүү бюджет ошол маалда болгону 5 745,8 миң сомду түзчү. Биринчи кезекте чукул арада мектептин жана ички жолдордун ремонту, бала бакча өңдүү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечиш керек эле. Ошондуктан Максат өз командасы менен түрдүү долбоорлорго жана донордук уюмдарга өтүнмөлөрдү жибере башташты. Ошондой эле алар республикалык бюджеттен дем берүүчү грант сурап кайрылышты. Мындан тышкары аймактагы элдин, туугандардын жана тааныштардын ичинен демөөрчүлөрдү издеп жатышты. Натыйжада 2014-жылдан 2015-жылга чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджетке 89 миллион сом донордук каражат бөлүнгөн.

2014-жылдан 2019-жылдын августуна чейин инвестициялардын суммасы 367 млн. сомду түздү. Бул каражатка 29 долбоор ишке ашты. Алардын ичинен жетөө – жаңы курулуш объекттери. Алар: эки мектеп, эки спорт зал, чакан футбол аятнча, эки чоң көпүрө.

2015-жылы сотко берип, эки бала бакчанын имаратын кайтарып алышты, бири 150, экинчиси 50 орундуу бала бакча эле. Биринчисинде алты долбоор, экинчисинде бир долбоор ишке ашырылды. Бардык социалдык-маданий имараттардын жана сейил бактардын тегерек чети тосмолонуп чыкты, мектепке капиталдык ремонт жасалды, клубдун жыйындар залы толугу менен реконструкцияланды, мектепте ашкана ачылды, үч айылдын ичинде жолдордун алты километрине асфальт төшөлдү, көчөлөрдүн 23 километри оңдолду, бир айылга таза суу жетти, үч айылдын ар биринде көчөлөр жаңы технология боюнча жарыктандырылды, 46 чакан көпүрө курулду.

2015-жылы биринчи биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу мөөнөтү аяктады. Бул план 2013-жылы Долбоордун жардамы менен иштелип чыккан эле. Эми ыргакты азайтпастан, мындан аркы жолду уланта бериш керек болчу. Бирок жаңы биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгууга жардам да зарыл эле. Ошондуктан 2016-жылдын март айында Максаттын жетекчилиги алдында анын командасы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын лидерлери бардык эрежелерди жана жол-жоболорду сактап, үч айылда ЖМБА-сессияларын өткөрүшкөн. Натыйжада 12 артыкчылыктуу көйгөй аныкталып, 2016-2019-жылдарга БАП иштелип чыгып, ал айылдык кеңештин сессиясында бир добуштан бекитилди. 2019-жылдын август айына карата БАПтын 85 пайызы ишке ашырылды.

Ак-Чий аймагынын жетишкендиктери жана анын башчысы Максат ДОРБАЕВдин “феномени” тууралуу жергиликтүү жана республикалык гезиттер жаза башташты. Анын командасынын дарегине министрликтерден, агенттиктерден, мамкызматтардан, эл аралык донорлордон, түрдүү долбоорлор боюнча өнөктөштөрдөн ыраазычылык каттары түшө баштады. Максат жана анын командасы жасаган иши үчүн элүүдөн ашык Ардак грамота менен сыйланышты. 2016-2017-жылдардын жыйынтыгы боюнча М.Дорбаев “Ак-Суу районунун мыкты айыл өкмөт башчысы” наамын алды.

Мындан тышкары 2016-жылы “Мыкты айыл өкмөтү” аттуу республикалык сынакта Ак-Чий АӨ экинчи орунду ээлеген. Байге катары өкмөттөн бир миллион сом алган. Муниципалитет маданиятты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ийгиликтери үчүн бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеген. Ал эми Максат 2018-жылы республиканын премьер-министринин колунан алтын саат түрүндө сыйлык алган.

Максат ДОРБАЕВдин тажрыйбасы бүгүнкү күндө далилденди, анык жана өтө зарыл. Аны түрдүү мамлекеттик структураларга, эл аралык уюмдарга тынбай чакырып турушат. 2019-жылы мындай сунуш Ноокат районунун Бел айылдык аймагынан түштү – буга чейин түндүктүн өкүлүн түштүк аймагындагы муниципалитетке иштеп берүүгө чакырган мындай көрүнүшболгон эмес – кесиптештердин сый-ураматына ар бир адам эле ээ боло бербейт.

Максат адегенде бул сунуштан баш тартайын деген. Биринчиден, кичи мекенинен алыс аймакка барып жашаш керек эле. Экинчиден, “өз жеримде жараткан ийгиликти башка муниципалитетте кайталай аламбы?” деген кооптонуу да болду. Бирок биринчи сунуштун артынан экинчиси да, үчүнчүсү да болуп, Бел айылдык аймагынын көшөргөн тургундары акыры Максатты ынандыра алышты. Бирок Максат адегенде Бел айылдык аймагына барып, азырынча көп тааныш болбогон, бирок чоң кызыгууну жаратып жаткан муниципалитет менен жеринен таанышып чыкты. Акыры чечим кабыл алынып, Максат Бел айылдын аймагынын башчылыгына өз талапкерлигин койду. Шайлоо 2020-жылдын январь айында өтүп, айылдык кеңештин 21 депутатынын 16сы катышып, алардын 15и Максат үчүн добушун беришти. Максат өзү болсо буларды айтты: “Таптакыр башка муниципалитетте, жергиликтүү жамааттын менталитети жана салт-санаасы такыр башкача болгон жерде тажрыйба алууну кааладым. Ак-Чий ААда калктын саны 3500 адамды түзөт. Ал эми Бел ААда дээрлик төрт эсе көп экен – 12 000 адам жашайт. Бирок буга чейин бейтааныш чөйрөдө өз дараметимди ачуу ошончолук кызык болот да. Бел аймагынын жашоочуларынын чоң ишенимин акташым керек. Ишимди эмнеден баштагым келет? ЖӨБ органынын ишин ачык-айкындуулуктун негизинде жолго салуу зарыл, ошондо элде жергиликтүү бийликке болгон ишеним көбөйөт. Көбүрөөк инвестицияларды тартууну пландап жатам. Айылдык кеңештин депутаттары окутуу жана квалификацияны жогорулатуу аркылуу айыл өкмөт аппаратынын ишин жакшыртууну суранып жатышат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан алган болгон билимимди жана көндүмдөрдү ушул жерден колдоноюн деп жатам: ЖМБА-сессиялары аркылуу артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктайбыз, Биргелешкен иш-аракеттер планын даярдап чыгабыз, жарандардын демилгелүү топторун, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун түзөбүз, чогулуштарды жана бюджеттик коомдук угууларды өткөрөбүз. Айыл өкмөтүнүн ишин талаптагыдай деңгээлге чыгара ала тургандай уюштуруп, көбүрөөк жыйынтыкка жете алам деп ишенем. Бул жыйынтыктар Бел ААнын өнүгүүсү үчүн пайдубал түзүп берет деп эсептейм. Долбоордун жардамы менен Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы максаттуу муниципалитеттердин башчылары менен бекем байланыш түзөалдым. Мен алар менен дайыма байланышта турам, интернет жана телефон аркылуу тажрыйба алмашып турабыз. Жаңы муниципалитетте башчы катары өз кесиптештерим менен мындан да тыгыз байланышып турууну пландап жатам”.

Келечекке карай жеке пландары тууралуу айта турган болсок, мыкты уюштуруучулук жөндөмдүүлүккө ээ болгон, пландарды ишке ашырууга жана жалпы эле ишке сабаттуу мамиле жасаган адис Максатка суроо-талап көп болот, ошондуктан ал эч качан ишсиз калбайт. Максат кыялданып эле отура бербейт, ал өз келечегине реалдуу мамиле жасайт жана объективдүү нерселерди айттууда: “Бир жерде кандайдыр бир жыйынтыкка жете алсаң, анда үстүндө отуруп алып, ырахат ала берүүгө болбойт. Дайыма изденип, өзүңдү башка жерлерде да сынап көрүшүң керек. Айыл өкмөт башчысы катары ушул жердеги мөөнөтүм бүткөндөн кийин ушул эле чөйрөдө башка деңгээлде иштеп көрүүгө аракет кылам. Алыс кетпейм, аймактарды өнүктүрүү менен алектене бермекчимин. Келечекте биздин өлкө дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет деп ишенем. Бул үчүн биринчи кезекте бийликтин бардык деңгээлдериндеги жемкорлукту жок кылып, туруктуулукка жетип, жаңы жумуш орундарын түзүп, биздин өлкөбүздүн жаркын келечегине ишениш керек”.

 

Окшош материалы: