Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Лира СҮЙҮНТБЕКОВА, Кочкорбаев АА: «Ийгиликке карай жол – бул чоң жардан секирип өтүү менен барабар»

2020-01-13 / Жаӊы лидерлер
Лира СҮЙҮНТБЕКОВА, Кочкорбаев АА: «Ийгиликке карай жол – бул чоң жардан секирип өтүү менен барабар»

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист, "Муниципалитет" журналынын буюртмасы менен

Долбоор менен жасалган жигердүү иш Лира СҮЙҮНТБЕКОВАга теория жана практика аркылуу өз потенциалын ачып, муниципалдык бюджетти түзүү жана аткаруу процессин түшүнүп жана ага катышып, элдин алдында сүйлөп, ыктмал донорлор менен өз ара мамилени бекемдеп, масштабдуу долбоорлорду баамдап, ишине жаңыча көз караш менен карап, кесипкөй артыкчылыктарды аныктап алуу аркылуу жаңы билим алууга жол ачты. Натыйжада топтолгон тажрыйба жана үйрөнгөн көндүмдөр анын карьералык өсүшүндө трамплин болуп берди.

Лира 1979-жылы Талас районунун Таш-Арык айылында туулган. Ал төрт баланын үчүнчүсү болчу. 1996-жылы мектепти бүткөндөн кийин Лира Баласагын атындагы КМУУнун физика жана электроника факультетине өткөн. Башкача айтканда, Лира өмүрүн балдарын окутууга арнаган ата-энесинин жолун улап кеткен. Бешинчи курста окуп жүргөндө Лира турмушка чыккан. Азыр бойго жеткен үч баласы бар. Университетти бүтүргөндөн кийин 2001-жылы Лира Бишкектеги №33 мектепте физика мугалими катары эмгек жолун баштаган эле. Бирок эки жылдан кийин университетке, өзү бүтүргөн факультетке кайтып келип, компьютердик билимин тереңдеткен. Беш жылдан кийин үй-бүлөлүк абалына байланыштуу Лира жолдошунун кичи мекенине – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев аймагындагы Кеңеш айылына көчүп келишкен.

Жигердүү адам катары Лира үйдө отура албай, ресурстук борбор ачкан. Бул борбордо бардык аймактан келген балдарды компьютерде иштегенди үйрөткөн. Мындан тышкары Лирага жергиликтүү муниципалитеттин кызматкерлери да келип, ар кандай документтердин текстин терип, кагазга чыгарып берүүнү суранышчу. Ошентип Лиранын жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы карьерасы бүчүр байлайт. Бирок айыл өкмөт башчы ага катчы-иш жүргүзүүчү кызматын сунуш кылганда Лира дароо эле макул боло койгон жок. Себеби жогорку билимдүү адам жакшы акы төлөнгөн, статусу жогору кызматта иштеши керек деп эсептечү. Бирок Лира ата-энесинин “айланадагы адамдарды унутпай, аларга пайда келтире тургандай иштеш керек, ошондо гана адам бул жашоодогу вазыйпасын аткарган болот” деген насаатын эстейт. Бул насаат аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына өтүүгө түрттү.

Социалдык жактан жигердүү жана улам жаңы бир нерсени таанып-билүүгө умтулуп келген адам катары Лира өзүнүн негизги ишин гана мыкты аткарып тим болбостон, муниципалитеттин ишиндеги башка багыттарга да кызыгып жүрдү. Ошентип, жарым жыл айланбай социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис болуп калат. Дагы үч жылдан кийин ушул эле багыт боюнча башкы адис болот. Мына ошондо ал калк менен иштөө боюнча алгачкы тажрыйба топтой алган. Лира жону жука жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жүрөгү ооручу. Ушундай үй-бүлөлөрдү кыдырып чыккан сайын каарманыбыз кайдыгер карап отура албай, жаны жай алчу эмес. Демилгелүү адам катары ушундай үй-бүлөлөргө жардам берүү жолдорун издеп, кээде өз акчасына да азык-түлүк сатып берген күндөр болду. Бирок бул албетте маселени чечүүнүн жолу эмес болчу. Ошол себептен Лира инвестиция тартуунун жолдорун издей баштайт. Бул аракеттери жемишин берип, “Хьюмэн Эппиэл Интернейшнл” кайрымдуулук фонду 15 жетимге эрезеге жеткенге чейин ай сайын жөлөк пул төлөп бермей болду. Мындан тышкары Тайвань фонду менен келишим түзүлүп, 2012-жылдан 2014-жылга чейин бул фонд жону жука үй-бүлөдө өскөн балдарга ай сайын 300 сомдон берип келди. Мындан тышкары, 2013-жылы Лира ошол эле “Хьюмэн Эппиэл Интернейшнл” фонду бөлгөн акчага Буденовка айылындагы орто мектепте компьютердик класс ача алды. Бул класс үчүн жалпы суммасы 350 миң сомго үстөлү менен кошо 20 компьютер сатып алынган. Ошондой эле “Нур Наристе” бала бакчасы үчүн 190 000 сомго 50 жаңы керебет сатып алынды.

2015-жылы Кочкорбаев аймагы конкурска катышып, Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун максаттуу муниципалитети болуп калат. Долбоордун өкүлдөрү катышкан жалпы чогулушта аймактын лидерлери жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Лираны долбоорду ишке ашыруу процессинде жамааттын ишин жөнгө салуу үчүн жооп берген муниципалитеттин координатор-адиси кылып шайлашат. Башкача айтканда, ошол замат ал аймактын социалдык турмушуна баш-отуменен кирип кетет. Көптөгөн иш-чараларды даярдап, ишке ашыруу боюнча негизги милдет да Лирага жүктөлгөн. Муну менен кошо, албетте, жоопкерчиликти да алат.

Лира биринчи кезекте эл алдына чыгып сүйлөгөндү үйрөндү. Бардык иш-чараларда алып баруучу болуп, өзү да ар кандай темалар боюнча баяндамаларды жасап келди. Ошол мезгилде анын ар бир кадамында колдоо көрсөтүп, кесиптештери баа жеткис жардам беришкен.

“Биздин муниципалитеттин башкы адистери Чолпон Бейшекеева жана Зирофа Саидова болбосо, мен мындай ийгиликтерге жете алмак эмесмин. Алар менин таянычым болуп, колдоо көрсөтүп келишти. Дал ушул “үчилтик биримдигинин” жардамы менен долбоор ийгиликтүү ишке ашты. Үчөөбүз таратып берме материалдарды, фокус топтор боюнча жыйынтык отчетторду даярдап, бир нече апта бою түнгө чейин иштеген күндөр эсимде. Айылдык чогулуштарды, коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана даярдоо иштери өтө көп убакытты алды. Анткени мындай коомдук иш-чараларга көнбөгөн элди кызыктырып, башын бириктирүү жеңил эмес болчу. Долбоордун тренингдеринде алган маалымдоонун жаңы усулдарын колдонуп, биз элди тартканды үйрөндүк. Азыр болсо коомдук жайларда кулактандырууларды илип чыгабыз, чакыруу таратабыз, үймөүй кыдырып маалымдайбыз. Айтор маалыматты жеткирүүнүн болгон ыкмаларын колдонуп, 180ге чейин адамды чогултабыз”, - деп айтып берди Л.СҮЙҮНТБЕКОВА.

Жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү процесси айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлери үчүн жана жеке Лира үчүн пайдалуу тажрыйба болуп калды. Бул жамааттагы терең жаткан, глобалдык көйгөйлөрдү аныктап чыгуунун реалдуу механизми болгонун, муниципалитеттин ишин илгерилеткен аспап экенин баары түшүндү. Дал ушундай ЖМБА иш-чараларынын негизинде бүгүнкү күндө администрациянын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын иш планы даярдалып калды. Мурда мындай болчу эмес, калктын пикири дээрлик эсепке алынбай келген. Атүгүл экономикалык өнүгүү боюнча стратегиялык пландарды аймактын адистери жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын эсепке албастан, көшөгө артында даярдашчу. Биргелешкен аракеттер планын даярдоо да пайдалуу тажрыйбалардын бири болуп калды. Бул планда ар бир артыкчылыктуу көйгөйдү чечүү жолдору деталдуу көрсөтүлгөн. Лира муну калктын муктаждыктарын чечип жатканда ар бир баскычта эмне кылыш керектигин так түшүнүүгө жардам берген өтө зарыл жана ыңгайлуу документ деп эсептейт.

Баса, биргелешкен аракеттер пландарын даярдап, ишке ашыруу үчүн муниципалитетте төрт демилгелүү топ түзүлгөн. Алардын биринде – ичүүчү жана сугат суу көйгөйүнө байланышкан топко Лира да мүчө. Ал көйгөйдүн чоо-жайын териштирип чыгып, эмне үчүн башка көйгөйлөрдүн ичинен артыкчылыктуу болгонун элеттиктерге жүйө келтирип далилдеп бере алган. Дал ушул долбоор миллион сомдук грантты утуп алып, бул маселе чечилген күн да келди – Буденовка айылында жаңы суу мунарасы орнотулуп, тегереги тосмолонуп чыккан. Ошентип 2500 айыл тургуну таза суу менен камсыз болду. Мына ушундай ийиликтүү “бет ачардан” кийин айыл өкмөттүн жетекчилиги Лирага Долбоордун гранттык программасы боюнча кийинки конкурска катышууга өтүнмө даярдоо ишин өткөрүп берген. Лиранын бул өтүнмөсү да конкурстан өтүп, Кеңеш жана Буденовка айылдарынын көчөлөрүнө жарык келди – бул айылдарда 80ден ашык жаңы бетон устундар тургузулуп, көчөлөр жарык болуп калды. Ошентип Лира дагы бир маанилүү көндүмгө ээ болду. Ал долбоордук документтерди даярдаганды, гранттык өтүнмөлөрдү туура, сабаттуу түзгөндү, инвестицияларды тартканды өздөштүрдү. Баары салыштыруудан билинет эмеспи: көпчүлүк башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери ушул кезге чейин бул маанилүү ишти аркалай албай жатышат, алар гранттык программаларга катышуу үчүн кайда жана кантип өтүнмө жазуу керектигин, донордук уюмдарды жана долбоорлорду издеп тапканды билбей жатышат. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айылдык аймагында Лиранын ишинин натыйжасында бул жаатта мындай көйгөй жок.

Албетте, жаш адистин ЖӨБ чөйрөсүндөгү мындай ийгиликтүү кадамдары көз жаздымда калган жок. 2017-жылы муниципалитеттин жооптуу катчысы кызматына конкурс жарыяланганда айыл өкмөт башчысы Лирага катышууну сунуш кылганы эч кимге күтүүсүз болгон жок. Лира ошол замат макул болду, себеби бул кызмат үчүн күчү да, жөндөмү да жетиштүү болгонун сезип турду. Бир гана учур тынчын алып жатты – иш көп болот, мунун айынан үй-бүлөгө да азыраак көңүл бурулуп калат да. Бирок кесиптештери кайрадан эле Лирага колдоо көрсөтүп, ар тараптан жардамдашып, көмөктөшүүгө убада беришти. Натыйжада Лира конкурстан утуп алып, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп калды.

Лира башында оңой эмес болгонун мойнуна алат. Себеби иш кагаздарын жүргүзүү системасын толугу менен иретке келтирип, заман талабына жооп берген деңгээлге көтөрүш керек эле. Бирок мында да долбоорду ишке ашыруу процессинде алган билими жардамга келди. Бул турмуштук баскычтын кандайдыр бир жыйынтыгы болду – Лира Ысык-Ата раймамадминистрациясынын “2018-жылдын мыкты кызматкери” Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошол эле жылы ЖӨБЭММАдан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын отличниги” төш белгисин алды. Өткөн жылы болсо Лира “муниципалдык кызматтын III классстагы кеңешчиси” ченин алды. Мындан тышкары мамлекеттик тилди билгенин текшерген тестирлөөнүн алкагында “Мамлекеттик тилди С1 деңгээлинде билет” деген сертификатка ээ болду. Бул болсо жогорку даражадагы күбөлүк болуп саналат.

“Лира чоң потенциалга ээ, абдан жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү жана тартиптүү – өтө сабаттуу адис. Бардык иш-милдеттерин өз убагында жана ак ниети менен аткарат, жаш-кары дебей, баары менен тил табышып кетет, өтө коммуникабелдүү. Лира аппарат кызматкерлеринин арасында гана эмес, эл ичинде чоң аброй тапкан. Оратордук жөндөмү күчтүү, бардык ишти жасай алат. Кандай гана тапшырма бербегин, “мен муну билбейм” деп айткан күнү боло элек. Интернеттен издейби, бирөөдөн сурайбы, айтор керектүү нерсени таба алат, жаңы иштен коркпойт. Мындан тышкары Лира таланттуу, өнөр адамы. Ал жакшы ырдайт, биздин муниципалитеттин көркөм чыгармачылыгына катышат. Айыл өкмөтү үчүн өтө баалуу кызматкер. Келечекте мен Лираны мамлекеттик, жарандык же муниципалдык кызматтарда жетекчилик орунда көрөм”, - деп айтты айыл өкмөт башчы Эркинбек КЕРИМКУЛОВ.

Лира өзү тагдырында жана кызматтык тепкичте ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ойногон маанилүү ролду айтуудан чарчабайт: “Мен үчүн Долбоордун кызматкерлери менен жолугушуу, долбоордун маңызы менен таанышуу кандайдыр бир чоң ачылыш, бурулуш учур болуп калды. Ошол учурдан кийин өз алдынча башкаруунун өзгөчөлүктөрү менен таанышып, бул багыттагы реалдуу ишке аралаша баштадым. Долбоордун айыл өкмөтү боюнча координатору болгонум жолумду ачты. Себеби, бул мага алган билимимди практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Чынын айтсам, буга чейин калк менен иш алып барганды такыр билчү эмес экенбиз. Муниципалитеттин кызматкерлеринде мындай тажрыйба болгон эмес. Буга кошумча жергиликтүү бюджет менен толук таанышуу мүмкүнчүлүгү да, элдин жашоосуна чындап таасир этүү жөндөмдүүлүгү да болбоптур. Азыр эстесем күлкүм келет – биз абдан эле билимсиз болгон экенбиз. Бирок ошол чоң жардан секирип чыгып, алдыдагы тоскоолдуктардын баарын жеңе алдык. Бүгүн баары башкача. Биздин аймактын турмушунда долбоордун ролу баа жеткис болду. Бул тажрыйба өмүр бою жоголбойт”.

Лира СҮЙҮНТБЕКОВА эмгек жолунун башатында гана турат. Бирок ушул кезге чейинки ийгиликтерге эмгек сиңирип, ак ниети менен жете алды. Алдыда жаңы жеңиштер жана ийгиликтер, жаңы карьералык өсүш күтүп турганы шексиз. Эгерде кайсы бир маалда айыл өкмөт башчысы же жергиликтүү кеңештин төрайымы болуп калса мен буга таң калбайм. А балким мамлекеттик кызматта да өзүн иштин көзүн таба билген кесипкөй кызматкер катары көрсөтө алат. Лиранын көз карашы, айланасына болгон мамилеси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө топтогон мол тажрыйбасы элдин көз жаздымында калбайт. Себеби ал элге кызмат кылып, эл үчүн күйүп жүрөт.

 

Окшош материалы: