Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Анжелика КУЧ, Юрьевка АА: «Өзүбүздөн кийин жакшы элес жана конкреттүү иштердин көзгө урунаарлык жыйынтыктарын калтырышыбыз керек»

2020-01-13 / Жаӊы лидерлер
Анжелика КУЧ, Юрьевка АА: «Өзүбүздөн кийин жакшы элес жана конкреттүү иштердин көзгө урунаарлык жыйынтыктарын калтырышыбыз керек»

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист, "Муниципалитет" журналынын буюртмасы менен

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Юрьевка айылдык аймагындагы Руслан ШАБОТОЕВ атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштеген Анжелика Ивановна КУЧтун тагдыры СССР кулагандан кийин рынок экономикасына өткөн оор мезгилде жашаса да, жаңы турмушта өз ордун таба алган, көңүлүнө жаккан иш менен алек болгон, айланасындагыларды ыраазы кыла алган адамдардын тагдырынан көп деле айырмаланбайт.

Атүгүл бүгүнкү күндө ошол бурулуш учурлар унутулуп, андай деле оор болгондой сезилбейт. Эң негизгиси – үй-бүлөсү, балдары, неберелери бар. Коомдук жашоодо да маанайды көтөргөн көрүнүш – адамдар аны сыйлайт, өзүнүн лидери катары санайт, жергиликтүү кеңеште өкүл катары ишенишет, андан колдоо жана жардам күтүшөт.

Анжелика Ивановнанын ата-энеси Ысык-Ата районунда төрөлгөн, апасы өмүр бою мектепте кенже класста сабак берип өткөн. Анжелика Ивановна Таласта төрөлүп, бирок бала чагы жана өспүрүм кези Юрьевка аймагында өткөн. Анжелика Ивановна мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Фрунзе политехникалык институтунун тех нологиялык факультетине тапшырган. Диплом колго тийгенден кийин адистиги боюнча ишке орношкон. Ошол эле маалда турмушка чыгып, Юрьевка аймагына кайтып келип, уулдуу болуп, үй-бүлөлүк абалына байланыштуу үй кожойкеси болуп калган.

1993-жылы немистерди көчүрүү программасы боюнча үй-бүлө Орусиянын Волгоград облусуна жер которуп, ал жерде кыздуу болушкан. Бирок жаңы жерде жашоо ойдогудай болбой, 1997-жылы бул үй-бүлө киндик каны тамган Кыргызстанга кайтып келет. Формалдуу себеп – турак жайга байланыштуу кыйынчылыктар болду. Бирок Анжелика Ивановна мекенин сагынып, куса болгонун мойнуна алат.

Юрьевкадагы жашоо актай барактан башталды: үй сатып алып, бара-бара чарбасын кеңейтип, эл катары жашай башташты. 2000-жылы Анжелика Ивановнага мектепте кенже класстардын мугалими болууну сунуш кылышты. Ал маалда айылда мугалимдер тартыш болчу. Көп өтпөй Анжелика Ивановна математика мугаими болуп, бул кызматты тарбия иштери боюнча башчынын жана профсоюз комитетинин төрайымынын милдеттери менен айкалыштыра баштады.

Ошентип жүрүп 2008-жылы биринчи жолу айылдык кеңештин депутаты болду. Анын талапкерлигин мектептин педагогикалык жамааты жана ата-энелер комитети көрсөткөн. Ушул эле жерден аны бюджеттик комиссиянын төрайымы кылып тандап алышкан. Анжелика Ивановна ошол мезгилди кайгыруу менен эскерет: “Биздин аймакта түшүнүксүз эле талаш-тартыштар болуп жатты. Ар кандай себептер менен бир нече айыл өкмөт башчы алмашты. Жаңы жетекчи келген сайын пландар өзгөрүп, бир калыпка түшүп калган байланыштар үзүлүп, жашоо башаламан болуп калган. Мамилени башынан түзүп, көнүмүш адаттарды өзгөртүүгө туура келген. Мунун баары албетте жергиликтүү бийлик органдарынын ишине, жалпысынан аймактын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатты. Өтө оор мезгил эле – кеңеште эч бир иш аягына чыкчу эмес, жыйынтык көзгө илинчү эмес, депутаттардын сессиялары жана аймактагы жооптуу адамдардын отчету формалдуу түрдө гана өтүп келген, ачык-айкындуулук жана эл менен байланыш тууралуу кыпындай да ой болгон эмес. Тилекке каршы, биз, депутаттар конкреттүү эч нерсе кыла албай, өзүбүздү жоготуп, милдеттерибизди жана ыйгарым укуктарыбызды да билчү эмеспиз. Айыл өкмөтүнүн башына Бек Русланович ЖЕКШЕМБАЕВ келгенден баштап жашоо бир калыпка түштү. Жаңы башчы жергиликтүү кеңеш менен тыгыз кызматташтыкка багыт алып, иш илгерилей баштады: депутаттардын сессиялары регламент боюнча өтүп, эл өкүлдөрүндө ишке кызыгуу пайда болуп, бюджеттик маселелерди түшүнүп, элеттеги көйгөйлөрдү чечүүгө умтула башташты. Биз ал-бул деп ишти баштаганча, эми гана түшүнө баштаганда ошол чакырылыштын мөөнөтү да бүтүп калды. Бизде болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай калдык деген өкүнүч кала берди. Потенциалыбыз эми гана көрүнө баштаганы менен, ал ишке ашпаган бойдон кала берди”.

Юрьевка аймагы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун максаттуу муниципалитети болуп калгандан кийин жашоо кызыды. Албетте, Анжелика Ивановна да коомдук иш-чараларга катышпай, четте карап тура алмак эмес. Ал эми мындай иш-чаралар биринин артынан бири өткөрүлүп жатты. 2015-жылдын июнь айында ал биринчи жолу тренингге катышкан. Андан соң айылдык чогулуштарды, бюджеттик угууларды даярдоо жана өткөрүү иштеринде, элет көйгөйлөрүн аныктоо боюнча фокус-топтордо жана ЖМБА иш-чараларында мыкты активисттердин бирине айланды. Долбоорду ишке ашыруу процессинде ал адамдар менен иштегенди, калк менен да, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү кеңеш менен да эффективдүү өз ара мамилелерди түзгөндү үйрөндү. Анжелика Ивановна башкаларды уга билгенди, негизгиси – көйгөйдү көрүп эле тим болбостон, анын артыкчылыктуусун иргеп алганды да үйрөндү.

“Мен Долбоор менен тыгыз иштеше баштагандан тартып депутат болуп турганда көп нерсени туура эмес жасаганыбызды баамдадым. Биз ишти пландаганды билген эмес экенбиз, аймактын адистери жана жетекчилиги менен дээрлик кызматташпаптырбыз, электораттын муктаждыктарын көз жаздымында калтырып, шайлоочулардын алдында отчет тапшырбаптырбыз. Башкача айтканда, натыйжасыз жана пайдасыз иштеген экенбиз. Мунун баары бизге, депутат катары элдин ишеними азайып кетишине, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун идеясына терс таасирин тийгизген экен. Эми болсо, мурдагы каталарды эске алып, Долбоордун жардамы менен көйгөйгө болгон көз карашыбыз толугу менен өзгөрүп, жамааттын мүмкүнчүлүктөрү белгилүү боло баштады, элдин бийлиги катары өз алдынча башкарууну ишке ашырууга карата мамилени аныктап алдык. Көрсө, айыл өкмөтүнүн адистери жана депутаттары элден качпай, тескерисинче, өздөрү барып, коомдук турмуштун чабал жактарын чогуу аныктап, маселени чечүү жолдорун чогуу издеши керек экен. Соңку жыйынтык дал ушул иштерге көз каранды болот”, - деп ой бөлүштү А. И. КУЧ.

2016-жылдын күз мезгилинде Анжелика Ивановна айылдык кеңешке шайлоого катышууну ойлоно баштады. Бирок буга чейинки депутаттык тажрыйбасы күмөн ойлорду жаратты: “Эгерде кайрадан эле колуман келбей калсачы? Анда элдин көзүн кантип карайм?”. Бирок Анжелика Ивановнаны тобокелдикке барууга мажбурлаган бир оор, узактан бери келаткан көйгөй бар эле. Айылда көптөрдү, өзгөчө мугалимдерди жергиликтүү мектептин абалы тынчсыздандырып келаткан. Бул болсо Юрьевкадагы жалпы билим берүү системасына түздөн-түз таасирин тийгизип жаткан. 1965-жылы курулуп, 520 окуучуга эсептелген айылдагы жалгыз мектептин абалы өтө оор болчу. Себеби орус тилинде билим алууну каалаган балдардын баарын бул мектеп батыра алмак эмес. Ошол маалда бул мектепте 870 бала билим алып жаткан жана бул сандар жылдан жылга көбөйүп жатты. Класстык бөлмөлөр тартыш болгондуктан башталгыч мектептеги сабактар мурда окуу-өндүрүш комбинаты болгон имаратта өтүп жатты. Бул имараттагы устаканаларды окуу кабинеттерине алмаштырышкан. Ошентсе да бул маселени чече алган жок. Себеби 18 классты бул жерде батыруу мүмкүн эмес эле. Мындан улам сабак ырааттамасын өзгөртүүгө туура келип, кенже класстардын балдары чоң класстын кабинеттеринде билим алууга мажбур болушту. Бирок балдар үчүн чоңдорго ылайыкталган парталарда отуруу өтө ыңгайсыз эле.

Бул маселе көп жылдардан бери элеттиктерди жана педагогикалык жамааты тынчсыздандырып келди. Бирок 2016-жылдын декабрь айында жамааттын муктаждыктарын аныктоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, фокус-топтордо аныкталган соң бул маселе аймактын артыкчылыктуу маселелеринин сап башына чыкты. Ал эми Анжелика Ивановна депутат болсо бул маселени чечүүгө олуттуу салым кошо алаарын түшүндү. Анжелика Ивановнаны кесиптештери, тааныштары, кошуналары жана достору колдошту. Ошол эле жылдын декабрь айында А.И.КУЧ шайлоодо жеңип чыгып, XXVII чакырылыштын депутаты болуп калды. Башынан өткөргөн оңой эмес учурларды эске алуу менен, долбоор менен кызматташтыктын натыйжасында алган тажрыйбасын колдонуп, Анжелика Ивановна айылдык кеңештин депутаты болгондон кийин депутаттык мөөнөтүнүн соңуна чейин жасалышы керек болгон иштердин планын түзүп алды. Бүгүнкү күндө ошол иштердин көбү ийгиликтүү жасалганын сыймыктануу менен айта алат. Айталы, депутаттык корпус мурдагы чакырылыштагы депутаттардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун реалдуу пландарын даярдоого карата ишин кайра сын көз менен карап чыкты. Ошондой эле туруктуу комиссиялар алдыга коюлган пландардын аткарылышына тийиштүү көзөмөл жүргүзүүдө. Депутаттар калкка туруктуу отчет берип турушат жана айыл өкмөтүнүн адистери менен тыгыз кызматташтык жолго салынды. Мурда жергиликтүү жамаат сугат сууга көзөмөлдүн жоктугуна көп даттанчу. Мындан улам кеңештин сессияларында жана туруктуу комиссиялардын жыйналышында мурабдардын иши толугу менен карылып чыгып, маселени чечүү ыкмасы өзгөрдү. Эми мурабдар ишин келишимдин негизинде аткарышат. Ар бирине конкреттүү жер участогу бөлүп берилген, ар бир мураб ошол участок үчүн жооп берет, сугат суу график боюнча берилет. Мындай тартип үч жылдан бери иштеп келатат жана адамдар бул участокто сугат суу маселеси чыкпаганына өтө ыраазы болуп калышты. Долбоорду ишке ашыруу маалында Анжелика Ивановна демилгелүү топто мүчө болчу. Бирок 2018-жылы анын тажрыйбасын жана жигердүүлүгүн эске алуу менен, ал спорт залдын ремонтуна байланышкан көйгөйдү чечүү боюнча Демилгелүү топтун лидери болуп тандалган. Өз мөөнөтүнөн кечиктирбестен ал бул көптөн берки иш бир миллион сомго бүткөнү тууралуу отчет берген.

2019-жылы Анжелика Ивановна биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөсү болуп калды. Бул топ аймактагы түрдүү объекттердин курулуш-ремонт иштеринин жүрүшүнө көз салуу максатында түзүлгөн. Натыйжада заказчы тарабынан нааразылык болгон жок.

Депутаттардын иши айыл өкмөтүнүн пландар менен тыгыз кызматташтыкта жасалат. Өзгөчө бул коомдук иш-чараларга байланыштуу маселелерде ушундай болот. Эгерде мурда аймакта жылына ашып кетсе бир чогулуш өтүп, анда бардык маселелер жалпы жонунан, дыкат териштирилбестен эле каралып келсе, эми болсо айылдык чогулуштар, коомдук угуулар тынбай өтүп турат. Эрежеге ылайык, бир конкреттүү маселеге арналган чогулуштар өтөт. Анда ошол маселе толугу менен, бардык өңүттөрдөн каралып, талданып чыгат. Мындай иш-чараларга депутат КУЧ абдан жигердүү катышат. Дал ошонун демилгеси менен клубдун чатырына жана кээ бир бөлмөлөрүнө, орто мектептин спорт залына капиталдык ремонт жасоо маселелери ийгиликтүү ишке ашырылды.

Биздин каарманыбыздын айрым пландары ишке ашпай калды. Алардын көбү көп чыгымды талап кылган үчүн токтоп турат. Бирок Анжелика Ивановна бул пландар ЖӨБдүн болочок пландарына кирип калышы үчүн аракет жасамакчы. Себеби бул пландар артыкчылыктуу, демек жергиликтүү жамаат үчүн өтө маанилүү болуп саналат.

Жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого катышуу тууралуу айта турган болсок, Анжелика Ивановна эч кандай план курган жок, себеби бул статуста жетиштүү эле иштедим деп эсептейт. Бирок ишти такыр эле таштап коюу ниети да жок. Анын мүнөзүн жакшы билгендиктен, элет көйгөйлөрүн четтен карап тура берет деп ойлобойбуз. Ал дайыма аймактын маанилүү маселелерин чечип жатканда алдыңкы катарда турат.

“Кудай адамга өмүр тартуулаптыр, ал эми ал кандай болот – бул өзүбүздөн көз каранды. Ошондуктан өз жашообуздун деңгээлине өзүбүз гана таасир эте алабыз. Биз өзүбүз үчүн гана эмес, келечек муун үчүн да жооптуубуз. Бизден кийинки муунга жакшы атыбызды жана конкреттүү иштердин көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарын калтырып кетишибиз керек. Мен жердештериме жасаган эбегейсиз чоң эмгеги үчүн Долбоорго дайыма ыраазы болом. Долбоордун жардамы менен өзүм да инсан катары өстүм. Чындап эле коомдун бардык катмарлары менен байланыш түзгөндү үйрөнүп, эл менен иштөө механизмдерин өздөштүрдүм”, – деп айтты Анжелика Ивановна.

Окшош материалы: