Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кесипкөй айыл өкмөт башчы өзүнүн муниципалитетинде гана эмес, башкасында да ишти жолго сала алат: Талгат Мукалаев

2020-03-03 / Элеттик жаңы лидерлер
Кесипкөй айыл өкмөт башчы өзүнүн муниципалитетинде гана эмес, башкасында да ишти жолго сала алат: Талгат Мукалаев

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист *** Бул макаланын каармандары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары. Экөө тең айыл өкмөт башчы – Максат ДОРБАЕВ Ак-Чий айылдык аймагынын башчысы, ал эми Талгат МУКАЛАЕВ Жыргалаң айылдык аймагын жетектейт. Булардын окуясынын өзгөчөлүгү эмнеде? Алар өлкөнүн башка аймактарындагы кесиптештерине караганда кыска убакыт ичинде таң калтырарлык жыйынтыкка жете алгандыктан алардын тажрыйбасы менен кененирээк таанышууну чечтик. Дагы бир өзгөчөлүгү: жашоочулар аларга өздөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жетектеп берүүнү сунуш кылышты. Мунун өзү эле бул жетекчилердин кесипкөй деңгээлинен канчалык кабар берээрин ойлоп көрүңүзчү. Бул ошондой эле өз айылынын тагдырын жергиликтүү абройлуу адамга эмес, өз мекенинде кесипкөйлүк, жамаатты жаңыча, мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалуу иш-аракеттер менен жетектей алууга жөндөмдүү болгонун тастыктаган “варягга” ишенип берүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ой жүгүртүүсү толугу менен өзгөргөнүнөн кабар берет. Бир караганда эки башчынын ортосунда көп деле окшоштук жок – жаш курагы, билим деңгээли, жеке кызыкчылыктары ар башка. Бирок адамдар менен мамиле түзө алуу жөндөмү, адамдардын суроо-талаптарын түшүнүп, жамааттын эң орчундуу маселелесин чечүүгө башкаларды тарта алганы, элет жергесин өнүктүрүү стратегиясын бир топ алдыга көрө билүү жөндөмү экөөндө тең окшош болгондуктан, алар эгиздерге окшошуп кетишет.

Максат ДОРБАЕВ менен Талгат МУКАЛАЕВдин феномени эмнеде?

“Зарыл учурда керектүү жерде болуп калды” деп коюшат. Бирок канча деген адамдар, жүздөгөн, балким миллиондогон адамдар негизгисин көрө албай, өзүнүн жана айланасындагы адамдардын жашоосун өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберүүдө. Ал эми биздин каармандарыбыз ошол мүмкүнчүлүктү көрүп, күмөн санаса да, тагдырын өзгөртүүгө карай эрктүү кадам шилтей алышты. Муну менен алар өзүнүн гана эмес, миңдеген жердештеринин жашоосун да өзгөртүштү.

Каармандарыбыздын ачыктыгы, чынчылдыгы, ак ниеттүүлүгү, өз жерине болгон чыныгы сүйүүсү, эрктүү чечимдери, элдин башын бириктире алчу жөндөмү, ар бир адам менен мамиле түзө алганы буларды чыныгы лидерлерге айландырды. Бул лидерлер жергиликтүү жамааттын башында туруп, өтө чоң жыйынтыктарга жетип жатышат. Бул адамдар тууралуу дагы далай жакшы кептерди угабыз деп ишенимдүү түрдө айта алабыз.
 
Талгат МУКАЛАЕВ: көрүп, үйрөнүп, ишке ашыруу!

Талгат МУКАЛАЕВ 1975-жылы Бишкекте төрөлгөн. Ал төрт баланын улуусу болчу. Баланын атасы өмүр боюнча курулуш уюмунда иштеп келди, апасы – үй кожойкеси. Ата-эне балдарын билимдүү болуп, ийгиликке жетишин каалагандыктан төрт баласы тең жогорку билимге ээ болушту. Мектепти бүткөндөн кийин эле Талгат Токмок агроөнөр жай колледжине тапшырып, бул окуу жайын ийгиликтүү аяктаган. Ал эми 2008-жылы Москва ишкерчилик жана укук институтунун Караколдогу филиалынын юриспруденция факультетин сырттан бүтүргөн.

Талгат эмгек жолун спорт комитетинен баштайт. Өз айылындагы клубдун жетекчиси болуп бир аз иштегенден кийин курулуш компанияларынын бирине директордун орун басары болуп орношот.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы карьерасы тууралуу айта турган болсок, бул жол 2004-жылы Талгат Кара-Жал аймагынын жергиликтүү кеңешине депутат болуп шайланганда башталган. 2010-жылы Талгатты айыл старостасы кылып шайлашат. Ал эми 2013-жылы кайрадан айылдык кеңештин депутаты болот. Ошол эле жылы айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2015-жылы аны Жыргалаң айыл өкмөт башчысы кызматына чакырышкан эле. Ошондон бери Талгат бул кызматты аркалап келатат.

ЖӨБдогу алгачкы жылдарын эстегенде ал биринчи кезекте кыйынчылыктарга токтолот. Алардын эң оору – бийликтин аткаруу жана өкүлчүлүктүү булактары ортосундагы ачык тиреш. Башкача айтканда, муниципалитеттин адистери менен кеңештин депутаттары функционалдык милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так түшүнө алышчу эмес, мыйзамдык базаны жакшы билишчү эмес. Ар бири “өз көмөчүнө күл тартып”, мындан улам жергиликтүү жамааттын да жолу болбой койду. Буга кошумча, Кара-Жал аймагы дотацияда турат, ушундан улам, мисалы, бюджеттик чыгымдарга байланышкан маселелерди чечүүдө мунаса табыш керек эле. Бирок адатта бул өтө узакка созулган, ызы-чуу коштолгон процесске айланып кетчү. Натыйжада иш өтө чукул убакыт ичинде, өтө көп нерв коротуу менен бүтчү. Мунун баарын эл көрүп тургандыктан жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүктөрүнө да ишеними да азайган. Бул,иалбетте, адамдардын маанайына да таасирин тийгизген – күлүп-жайнап жүргөндөр аз эле.

2014-жылы Кара-Жал аймагы Ысык-Көл облусундагы башка тогуз муниципалитет менен кошо ЭУЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитети болуп калган. Ошол учурду Талгат мындай деп эскерет: “Кара-Жал АА Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жигердүү ишти баштаган мезгил чындап эле “алтын доор” болду. Биз элди ойготуп, жергиликтүү маанидеги иштерге жана бюджеттик процесстерге дээрлик бардык жамааттын активдүү катышуусуна жетише алдык. Биз чоң жана маанилүү окуялардын айлампасына кирип кеткендей болдук. Жыл ичинде отузга жакын түрдүү иш-чаралар, анын ичинде тренингдер, чогулуштар, жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо иштери, бюджеттик угуулар, жумушчу жолугушуулар өттү. Иштин түрдүү багыттары боюнча демилгелүү топтор түзүлүп, аныкталган көйгөйлөргө биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүлдү. Буга 1182 адам катышып, алардын ичинен 308и аялдар болду. Аймактагы элдин саны 5083 болгонун эске алганда, алардын 23 пайызы жигердүү коомдук турмушка тартылды десек болот. Мындан тышкары долбоордун үстүнөн иштөө процессинде муниципалдык кызматкерлер менен депутаттар тил табыша алды. Алардын ишинде ачык-айкындуулук болуп, элдин да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеними артты. Бул болсо аймактагы биринчи кезекте чечилиши керек болгон тапшырмаларды аткарууда калктын жигердүүлүгүнө оң таасирин тийгизди. Ошол маалда алган тажрыйбаны ушул кезге чейин ишимде колдонуп келатам”.

Адаттагыдай эле биринчи кезекте депутаттар жана АӨ адистери, жамааттын лидерлери, мекемелердин, коомдук уюмдардын жана жамааттардын жетекчилери Долбоордун окуу тренингдеринекатышты. Жети тема боюнча өткөн тренингдерге жалпысынан 156 адам, анын ичинде 39 аял катышты. Аймакта түзүлгөн кырдаалды изилдеп, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн 12 ЖМБА-сессия өткөрүлдү (447 адам, анын ичинде 131 аял катышты).

Ошентип, жергиликтүү жамааттын 12 артыкчылыктуу көйгөйү аныкталып, аларды чечүү үчүн төрт демилгелүү топ түзүлдү. Бул топтун саны жана курамы айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин биргелешкен жыйынында бекитилди. Андан соң биринчи кезекте чечилиши керек болгон көйгөйлөр боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы даярдалып, аны депутаттар бекитишти. Бирок БАПты ишке ашырууга каражат табуу негизги маселе болчу. Себеби ал маалда жергиликтүү бюджетте болгону үч миллион сом бар эле. Инвестицияларды издөө аракетинен майнап чыгып, 13 338 179 сом табылды. Ошентип, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин суммасы 5 327 700 сомго көтөрүлдү. Долбоордун гранттык программаларына катышып, Кара-Жал аймагы “Таза суу – өмүр булагы” аттуу долбоорду ишке ашырууга бир миллион сом грант утуп алды. Бул долбоор суу жабдууларын жаңылоого жана скважинаны тазалоого багытталган. Долбоор ишке ашып, натыйжада ичүүчү суунун сапаты жана көлөмү жакшырды. Андан кийинки жылы 400 000 сом көлөмүндө грант утуп алып, ал “Спорттун чебери” долбоорун ишке ашырууга багытталды. Мунун алкагында аймактагы төрт айыл үчүн спорт шаймандары сатып алынды.

2014-жылдын бюджети жана 2015-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар, түрдүү маанилүү темалар боюнча төрт элеттик чогулуш жашоочулардын жигердүү катышуусу менен өттү. Жети адамдан турган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу иштей баштады. Бул топ айылдык кеңештин 2014-жылдын июнь айындагы токтому менен мыйзамдуу иштеп жатат. Долбоордун жана жергиликтүү бюджеттин жардамы менен аймакта тогуз жаңы маалымат тактасы орнотулду.

2014-жылдын жай мезгилинде Талгат жарандарды бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу практикасы боюнча тажрыйба алмашуу сапарына катышкан. Бул иш-чарага Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 21 айылдык аймагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 51 өкүлү катышкан эле. Жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү жамааттын өз ара аракеттенүү системасы талкуунун негизги темасы болгон. Катышуучулар ачык сессия өткөрүүнүн мисалында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишин талдап чыгышкан. Бул ачык сессия Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо жана Көк-Ирим айылдык кеңештеринин Регламентинин жаңы редакциясына ылайык өткөрүлгөн. Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ачык сессиясынын күн тартибинде төмөнкү маселелер турган: АӨ башчысынын 2014-жылдын биринчи жарым жылы үчүн отчету, анын ичинде биргелешкен аракеттер планынын ишке ашырылышы тууралуу отчет, туруктуу комиссияларда, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунда жыйынтыкты талкуулоо.

Коноктордон тышкары ачык сессияга Тогуз-Торо аймагынын жергиликтүү тургундары (39 адам, анын ичинде 18 аял) катышты. Талгат мындай иш өтө пайдалуу экенин белгилейт: “Мен айылдык кеңештин сессиясын өткөрүүнүн жол-жобосун так түшүндүм, туруктуу комиссиялардын ишиндеги өзгөчөлүктөрдү, анын канчалык маанилүү болгонун баамдадым. Мындан тышкары айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин ортосундагы айрым процедуралык маселелер анык болду. Бул болсо биздин аймактагы депутаттык корпустун ишин өркүндөтүү үчүн башат болуп берди”.

2014-жылдын ноябрь айында Долбоордун алкагында Кара-Жал аймагында “Жарандарды бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу практикасы: Ысык-Көл облусунун айылдык аймактарындагы айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү жамааттын өз ара аракеттенүү системасы” деген темада тажрыйба алмашуу сапары өттү. Иш-чара тогуз максаттуу муниципалитеттин жергиликтүү кеңештеринин төрагалары жана жооптуу катчылары үчүн уюштурулуп, ага Ак-Суу районундагы 13 айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан. Депутаттардын иши бул жолу да тажрыйба алмашуу сапарынын негизги темасына айланды. Бирок бул жолу катышуучулар Кара-Жал айылдык кеңешинин регламентинин жаңы редакциясы боюнча өткөн ачык сессияга күбө болушту. Бул сессияда туруктуу комиссиялардын корутундуларын даярдоонун жыйынтыктары тууралуу сөз болду. Сессияга айылдык кеңештин 11 депутатынын тогузу, жергиликтүү жамааттын 25 өкүлү, айыл өкмөтүнүн 8 адиси катышты. Күн тартибинде: 2014-жылы инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар, бул багытта 2015-2017-жылдары жасалчу иштердин планы тууралуу АӨ башчысынын маалыматы. Туруктуу комиссиялардын ишинин жыйынтыгы тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларында өзгөчө кызыгууну пайда кылды. Бул комиссиялардын корутундулары аткаруучу органдын инвестицияларды тартуу жана аларды колдонуу боюнча ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлгөн.

Бардык катышуучулар бул иш-чарага жогорку баасын берип, ЖӨБ органдарынын ишинде чыныгы ачык-айкындуулукка жетүүдө билим берген өтө пайдалуу иш-чара болгонун белгилешкен. Катышуучулардын айтымында, Кара-Жал айылдык кеңешинин сессиясы өтө жогорку деңгээлде өтүп, депутаттардын кесипкөйлүгүн тастыктады. Туруктуу комиссиялардын алдын-ала даярдаган иши, алар чыгарган корутундулар, депутаттардын тилектештиги, жигердүүлүгү, уюштуруучулугу жана компетенттүүлүгү, кеңештин төрагасынын эл ичиндеги аброю, айылдык кеңештин төрагасы менен айыл өкмөт башчынын тыгыз иш алып барганы, донорлор жана долбоорлор менен эффективдүү иш да өзгөчө белгиленген.

Учурда ЖӨБ маселелеринде тажрыйбалуу эксперт болуп калган Т.Мукалаев ошондон бери бир топ жыл өтсө да көп муниципалитеттердин айылдык кеңештеринин сессиялары азыркы күнгө чейин туура эмес өтүп жатканын белгилейт: сессия өтчү күн чукул мөөнөттө, башаламан, алдын-ала пландалбастан белгиленет, суроолор туруктуу комиссияларда каралбастан сессияга чыгарылат, маселелер дыкат изилденбейт, аткаруу мөөнөттөрү эспке алынбайт ж.б. Бул бир гана нерседен кабар берет – кеңештердин сессиялары көп учурда формалдуу түрдө, жамааттын муктаждыктарын чындап эсепке албастан өткөрүлүүдө. Бул маселени Талгат бардык жолугушууларда, семинарларда, тегерек стол талкууларында жана конференцияларда кесиптештерине ачык айтып жүрөт. Талгат кесиптештеринен жергиликтүү кеңештердин сессияларын өткөрүү эрежелерин, тартибин жана регламентин, туруктуу комиссиялардын иш тартибин сактоону өтүнөт.

Талгат райондо гана эмес, анын тышында да белгилүү инсан болуп калды. Талгат тууралуу жергиликтүү жана облустук гезиттер байма-бай жазышты. Ошентип, 2015-жылы Ак-Суу районунун Жыргалаң аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары Талгатка айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигин коюуну сунуш кылышты.

Мукалаев үчүн бул күтүүсүз сунуш болду. Өтө жупуну адам болгондуктан ал өзүн өзгөчө бир инсан жана бул жаатта мыкты адис катары эсептечү эмес. Анын үстүнө ортодогу аралык да узак эле – үйүнөн 72 км алыс кетиши керек болчу. Буга кошумча башка жамаат, башка кулк-мүнөз дегендей, же ал жакта таанышы же тууганы болбосо... Ошондуктан башында көпкө макул болгон жок. Бирок жыргалаңдыктар анын жообун бир айдан ашык сабырдуулук менен күтүп жатышты. Талгат болсо кесиптештеринен, досторунан кеңеш сурап, ЖӨБ чөйрөсүндөгү эксперттерге да кайрылды. Акыры Талгат шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алды. Натыйжада 11 депутаттын жетөө Талгатка добушун берип, муну менен ишеним артышты.

Муниципалитеттин башына келээр замат Талгат Жыргалаң аймагынын социалдык-экономикалык абалы менен жакындан таанышып чыкты. Совет маалында Жыргалаңда көмүр шахтасы иштеп, калктын саны да көп болчу, бул аймак Москванын камсыздоосунда болгондуктан бир кыйла гүлдөп-өнүккөн. Бирокбүгүн Жыргалаңдын абалы чеке жылытпайт. Акыркы 25 жыл ичинде көмүр шахтасы да, аны менен кошо шаар тибиндеги посөлок да оор абалга кептелди. Турмуш шарттын начардыгынан адамдар үй жайын таштап, башка жакка көчүп кетишкен.  

Алгачкы чогулушта эле жаңы дайындалган айыл өкмөт башчы элди биримдикке чакырды. “Себеби чогуу гана ийгиликке жетүүгө болот”, - деди. Талгат эч кимден жардам күтпөй турганын ачык айтканда эле жергиликтүү тургундар жаңы лидердин ушинтип түз сүйлөп, ачык айтканына баа берип, ага колдоо көрсөтөрүн айтышты. Бирок муниципалдык активисттердин алдында оор иш турган эле – коомдук турмуштан оолак болуп калган адамдардын башын бир жерге чогултуу өтө чоң көйгөй эле. Бул үчүн ар бир айылда жамааттарды жана кварталдык комитеттерди түзүп, алар аркылуу элди чогулта башташты. Талгат долбоордун Кара-Жал аймагындагы иш ыкмасын унуткан эмес, ошондуктан жарандарды бюджеттик процесске катыштыруу моделин жигердүү колдоно баштады. Андан соң айыл өкмөтүнүн чогулушунда артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталып, биргелешкен иш-аракеттер планы жана аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча стратегиялык план даярдалды. Ошентип, көп адамдын катышуусунда чогулуштар жана коомдук бюджеттик угуулар өтө баштады. Бирок дотацияда турган Жыргалаң аймагынын жергиликтүү бюджетинде 515 миң сом гана болгондуктан, бул акча эч нерсеге жеткен эмес.

Жергиликтүү бюджетти жана алдыга коюлган тапшырмалардын масштабын эсепке алып, Талгат өз командасы менен ар бир артыкчылыктуу көйгөй боюнча долбоор иштеп чыгышты. Алар донордук уюмдарга гранттык өтүнмөлөрдү тапшырышты. Ошентип, 56 миллион сомго инвестиция тартууга мүмкүн болду. Бул акчага ФАПтын имаратын, заманбап футбол аянтын куруп, жаңы сейил бак үчүн даярдык иштерин баштап, клубдун имаратын, мектептерди, спорт залдарды жана мечитттерди толугу менен оңдоп чыгышты. Аймактагы бардык айылдардын көчөлөрүнө жарык келип, бул үчүн 1 млн. 200 миң сом сарпталды. Жыл сайын аймакта кар оор түшөт. Калың кардын айынан аймактын турмуш тиричилигин камсыз кылып турган коммуникациялык байланыш да иштен чыгып, жолдор жабылат. Ал эми карды тазалоо үчүн эч кандай техника жок. Ондогон жылдар бою чечилбей келаткан бул көйгөйдү АРИСтин инвестициясынын жардамы менен чечүүгө мүмкүн болду. АРИС бульдозер жана экскаватор-жүктөгүч сатып берди. Эми кар калың түшкөндө элеттиктер өздөрүн ээн аралда калгандай сезишпейт.

Жаңы айыл өкмөт башчы өзгөчө көңүлдү мектепте жана мектепке чейинки билим берүүгө бурду. 200 орундуу бала бакчанын имаратын муниципалдык менчикке кайтаруу аймактын жаңы башчысынын чоң жетишкендиги болуп калды. Бул имарат белгисиз себептерден улам “Жыргалаң шахтасы” акционердик коомунун менчигине өтүп кеткен. Бул маселеничечүү үчүн сотко да кайрылууга туура келди. Бирок бул аракеттер өзүн актады. Ушул тапта имаратка капиталдык ремонт жасалууда. Имаратты оңдоого жалпысынан 17 миллион сом талап кылынат. Ошондуктан ремонт иштери мүмкүнчүлүккө жараша жасалууда, ал эми ЖӨБ башчысы акча издөөдө.

Окуучулардан баштап жергиликтүү кеңештин депутаттарына чейин дем берип, жигердүү болууга шыктандыруу максатында түрдүү экскурсиялар өткөрүлүп турат. Мисалы, жыргалаңдыктар Жогорку Кеңештин сессиясына катышкан, Чолпон-Атага жана Бишкекке барып келишкен, Чүй, Нарын облустарын түрө кыдырышты, Ч. АЙТМАТОВдун 90 жылдыгынакарата өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу үчүн Талас облусунда болушту. Ал эми 2019-жылы Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырышты. Бул сапарлардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагы менен тыгыз мамилелер түзүлдү. Эми эки муниципалитеттин ортосунда тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу пландалды.

Талгат жамаат үчүн өтө орчундуу маселелердин бирин чече алганына ыраазы. Бул – аймакты электр энергиясы менен жабдуу маселеси эле. Узак жылдар бою энергия менен ортомчу компания камсыздап келген. Бул компания мамлекетке 23 миллион сом карыз болчу. Ошондуктан аймактагы айылдарда свет көп өчүрүлчү. Айыл өкмөт башчысы бул маселени чечүү үчүн Ысык-Көл облусунун губернаторуна жана Жогорку Кеңештин депутаттарына расмий түрдө кайрылган. Акыры, биргелешкен күч-аракеттер менен электр энергиясын бөлүштүрүүнү башкаруу милдети РЭСке кайтарылып, азыр жарык такыр өчпөй калды. Ошентип жергиликтүү элдин дагы бир көйгөйү чечилип, жеңилдей түштү.

Т. МУКАЛАЕВ аймакты өнүктүрүүдөгү маанилүү багыт деп туризмди атайт. Себеби Жыргалаң – Ысык-Көл курорттук зонасында гана эмес, республика боюнча да эң кооз аймактардын бири. Бул тема боюнча муниципалитеттин адистери долбоор даярдап беришкен. Ал эми Талгат жергиликтүү ишкер Эмил ИБАКОВго кайрылган. Ишкер идеяны колдоого алып, ЖӨБ органдары менен чогуу туризм тармагын өнүктүрө баштады. Алар ЮСАИДге кайрылып, окуу түрүндө техникалык жардам алышты. Долбоордун алкагында эл арасында тренингдер уюштурулуп, интернет аркылуу өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган рекламалык өнөктүк жүргүзгөн. Бул иштин натыйжасында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн туристтер келе баштады. Алар үчүн турпродукт иштелип чыгып, аймактын картасы, каттамдар, турлар буклет түрүндө басылып чыкты. Ошентип, өткөн жылы аймакка жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн үч миңден ашык турист келди.

Муниципалитеттин күч-аракети жана жардамы менен жергиликтүү эл бардык заманбап стандарттар боюнча мейманкана бизнесин өнүктүрө башташты.

Ошентип, жергиликтүү бюджетке бул берене боюнча салык да түшүп жатат. Эскерте кетсек, Талгат бул айыл өкмөтүнүн башына келгенде жергиликтүү бюджет 515 миң сом болчу. Бүгүнкү күндө бюджет эки миллион сомго көбөйдү. Дагы бир маанилүү көрсөткүч бар: мурда аймактагы үйлөр 30-150 миң сомго бааланса, азыр бир үйдүн баасы миллион сомдон ашат. Бирок эң негизгиси – жергиликтүүлөр үйүн саткысы келбей калды, ал эми аймактан участок алууну каалагандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Мурда көчүп кеткендер кичи мекенине кайта башташты. Эл жакшы өзгөрүүлөрдү байкап, бул жаңы айыл өкмөт башчынын эмгеги болгонун баамдап жатат. Ал эми Талгат ушуну менен токтоп калгысы келбейт. Алдыда дагы көп маселелерди чечиш керек. Алардын бири – шахтанын ишин жандандыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү. Азыр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчиси ушул багытта иш жургүзүүдө, ал Президентке, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө кайрылып, инвесторлорду издеп жатат. Азырынча бул маселе ачык бойдон кала берүүдө, бирок Талгат акыры чечилет деп ишенимдүү айтып жатат.

Т. МУКАЛАЕВдин аймакка кошкон салымы жергиликтүү жана республикалык деңгээлде бааланып жатат. 2014-жылы Мукалаевге парламентаризмди жана мыйзамдарды өнүктүрүүгө, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасындагы демократияны жана конституциялык түзүлүштү бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн жана жигердүү коомдук-саясий иши үчүн КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы тапшырылган. 2015-жылы республикадагы дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасын алган. 2017-жылы Мамлекеттик кадр кызматы “Муниципалдык кызматтын отличниги” наамын ыйгарса, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы Жыргалаң айылдык аймагын “Мыкты айылдык аймак” наамына көрсөткөн. Мындан тышкары Талгат облустук мамадминистрациядан, райадминистрациядан, РИИБ, ИИБ, Архитектура, Салык кызматтарынан, райондук жана облустук деңгээлдердеги бир топ мекеме-уюмдардан 20дан ашык Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын алган. 

Бирок Талгат ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун пайдасын да унутпайт: “Долбоор Кара-Жал ААда ишин жаңы баштаганда мен айылдык кеңештин төрагасы болчумун. Мен ошондо “бардык долбоорлор гранттык акчаны пайдасыз нерселерге жумшайт” деп, Өнүктүрүү саясат институтунун адистери менен талашып-тартыша да кеткем. Бирок көп өтпөй өзүм да жергиликтүү жамааттын катышуусу менен кызыктуу жана интенсивдүү ишке баш-отум менен кирип кетип, аймактын коомдук турмушундагы процесстерди чындап көрүп, буга чейинки көз карашымды толугу менен өзгөрттүм. Бул Долбоор бизге көйгөйлөрдү көрсөтүп берээрин, жарым жолдо таштап койбостон идеядан баштап, аны ишке ашырууга чейин сени менен болоорун, оң жыйынтык чыкмайынча калтырбай турганын түшүндүм. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринде жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарында окуп, тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, баары эле сокур сезимге таянып, же өзү кандай элестетип, түшүнсө, ошого жараша эле иштеп жатат. Бул өтө чоң кемчилик. Ушул боштук жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнүн бардык жеринде байкалууда. Бул жагынан алып караганда биз айырмаланып турабыз. Муну көптөр да түшүнүп калышты. Долбоорду ишке ашыргандан кийин, өзгөчө биздин аймакта тажрыйба алмашуу сапарын өткөргөн соң бардык облустардан кесиптештерим телефон чалып, депутаттардын сессияларын өткөрүү тартиби, калк менен иштөөнүн ыкмалары тууралуу сурап жатышат. Кызыгы, мен айылдык кеңештин төрагасы да, Кара-Жал аймагынын башчысы да болуп, элестүү айтканда, баррикаданын эки тарабында тең иштедим. Албетте, аткаруу органындагы иш депутаттык иштен түп-тамырынан бери айырмаланат. Бул жерде жоопкерчилик да көбүрөөк, чечим кабыл алуу да оор, мүмкүнчүлүктөрүң чектелүү дегендей. Бирок кызыгы да ушунда болуп жатпайбы! Долбоордун жардамы менен мен конкреттүү жыйынтыктарга жеттим, чечим кабыл алууда өзүмө болгон ишеним артты. Ушул кезге чейин бардык юридикалык маселелерди Долбоордун адистеринин жардамы менен чечип келатам. Мындай колдоону уланта бериш ерек, себеби жакында жергиликтүү кеңештерге кезектеги шайлоо өтөт, ал эми депутаттардын 70-80 пайызы – жаңы адамдар, алар ыйгарым укуктарын көп жакшы билишпейт жана алдыда жасачу иштерин жакшы элестете алышпайт. Мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн жетекчилери да жаңы болот. Дал ушундай учурда Долбоордун иши өтө зарыл – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегендердин баарын кайрадан окутуш керек”.

 

Окшош материалы: