Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Лариса КУСОВА, Боролдой АА: «Пенсия – бул жигердүүлүктү азайтууга себеп эмес»

2020-01-13 / Жаӊы лидерлер
Лариса КУСОВА, Боролдой АА: «Пенсия – бул жигердүүлүктү азайтууга себеп эмес»

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча адиси, Татьяна ПОПОВА, журналист, "Муниципалитет" журналынын буюртмасы менен

Бул макаланын каарманынын тагдыры оңой эмес, бирок бул макалада өз айылындагы чыныгы лидердин кызыктуу жашоосу тууралуу сөз болот. Долбоорду Боролдой айылдык аймагында ишке ашырууга жигердүү катышуу менен каарманыбыз кадыр-барк гана күтпөстөн, ошону менен бирге элеттиктердин ишенимине да ээ болду. Элеттиктер аны жергиликтүү кеңешке өткөн соңку шайлоодо депутат кылып шайлап алышты.

Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылындагы мектепти бүтөөрү менен Лариса Ивановна КУСОВА кондитердин кесибин өздөштүрдү. Ал өмүр бою тамак-аш өнөр жайында иштеп, элге жаккан тортторду жасап жүрдү. 1980-жылдан баштап Боролдой айылындагы №10 атайын интернатка ишке орношту. Бул интернатта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жетим балдар тарбияланып, атайын билим алышкан. Ал 13 жыл бою кечинде жумуштан кийин почта ташып иштеп жүрдү. Убагы келгенде турмушка чыгып, кыздуу болду. Бирок атайын интернаттагы жетимдерди кайдыгер карап отура алган жок. Ошентип ал беш баланы асырап алды. Төртөө бойго жетип, учурда өз оокатын кылышууда. Ал пенсияга стаж боюнча 55 жашында чыкса да, Боролдой айылындагы №103 кесиптик лицейде ишин уланта берди. Бул лицейде балдарды ашпозчунун жана кондитердин кесибине үйрөтүп жатат. Анын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү учурда өз кесиби менен Москвада, Новосибирскиде, Калининградда, Белгороддо, Воронежде жана албетте Бишкекте иштеп жатышат. Ушул кезге чейин мекенине келгенде ар бир бүтүрүүчү белек-бечкегин камдап алып, мугалими менен учурашууга шашылышат. Ал эми Лариса Ивановна бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтерине сыймыктанып, аларды дайыма эстеп жүрөт.

СССР кулагандан кийин Боролдой айылы мал чарбасы өнүккөн миллионер колхоздон бара-бара талкаланган, ыңгайсыз, дээрлик ээн калган жерге айланды. Бул айылдын эли иш издеп туш тарапка кете баштаган. Ал эми эч жакка кетпей, ордунда калгандар “өлбө, жаным, өлбө” деген күн көрүшкөн. Адамдарда бийликке болгон ишеним жоголуп, ар ким өз тиричилиги менен гана алек болуп калган. Бул өтө оор жылдар эле. Атүгүл электр жарыгы да бир нече саатка берилчү. Ал эми акы төлөнбөй калган үчүн электрподстанциясы өчүрүлүп, адам дар такыр таза суусуз калган. Мына ушундай учурда адамдар бийликти тоготпой, эч ким өз милдетин аткаргысы келбей, жалпы эрежелерди көзгө илбей калган: таштандыны көчөгө эле ыргытышып, бак-дарактарды туш келди кыйып, каалаган жерде ар нерсени куруп, дарбазаны каалаган жеринде орнотуп, жолбун иттер да көбөйгөн. Ошентип, айыл жөн эле жоголуп баратты. Атүгүл курулушка жарайт деп, ээн калган үйлөрдүн жана мектептердин кирпичтерин да бирден ташып кетишкен. Ошол кезде кварталчы болуп иштеген Лариса Ивановна адамдардын түшүнбөстүгүнө жана кайдыгерлигине күбө болуп жүрдү. Адамдар кол шилтеп, айылдын түйшүгүнө баш ооруткусу келбегенин, бул үчүн бийлик, мамлекет жооп бериши керектигин айтышчу. Бирок 2014-жылдан баштап көйгөйлөрдүн саны жетээр чегине жеткенден кийин адамдардын көзү ачыла түшкөндөй болду. Элеттиктер мындан ары да ушинтип жашай берүүгө болбой турганын баамдашты. Алар таштандыдан арылып, арыктарды казып, коомдук жайларды тазалай башташты.

2015-жылы Боролдой айылдык аймагы Долбоордун максаттуу муниципалитети болуп калды. Башкы активисттердин катарына Лариса Ивановна да кирди. Ал коомдук иш-чараларды уюштуруга катышып, ЖӨБ органдарынын иш аракеттерине баа берүү үчүн түзүлгөн биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобунун төрайымы болуп калды.

“Мен айыл өкмөтүнүн ишине нааразы болчумун, аткаминерлерди начар иши жана элге кам көрбөгөнү үчүн сындап келгем. Бирок Долбоордо иштегенден кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 4 753,6 сомду түзгөн бюджет менен ай ылдык аймактын көйгөйлөрүн чечүү канчалык оор болгонуна көзүм жетти. Ошентип жүрүп бюджеттин бардык күңгөй-тескейин түшүнүп, бухгалтерия менен таанышып чыгып, аткаруу иштериндеги каталарды көрүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмүн – ким эмнелер үчүн жооп бере турганын, айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн ролу кандай болгонун түшүндүм. Эл менен иштеп, чогулуштар, коомдук угуулар өңдүү иш-чараларды уюштуруу боюнча чоң тажрыйба топтой алдым. Адамдарды конкреттүү көйгөйлөрдү чечүүгө тартканды, баяндамаларды даярдап, эл алдына чыгып сөз сүйлөгөндү үйрөндүм. Кызыгы, көп жыл кварталчы болуп иштесем да, мен адамдар менен чогуу иштешкенди билчү эмес экенмин. Бирок эң маанилүүсү – мен бир нерсени түшүндүм: жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү жамаат – бул бир бүтүн организм экен. Бул организм бири-бирине үндөшүп өнүгүп, бири-бирине колдоо көрсөтүп турушу керек, ал эми бир адам бүтүндөй айыл үчүн жооптуу”, - деп айтты Л. КУСОВА.

Демилгелүү топтун мүчөсү болоору менен Лариса Ивановна көйгөйдү аныктап, аны өзүнүн жана жалпы жамааттын жашоо шартын өзгөртүүгө умтулган айыл тургундары менен чечүү процессинде топтун маанилүү ролун түшүндү. ЖӨБО иш аракеттерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү механизми – айылдык аймактын өнүгүүсүндөгү негизги шарттардын бири болгонуна БМжБ тобунун төрайымы катары ынанды. Себеби ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын көзөмөлдөө өңдүү коомдук турмуштагы маанилүү миссияны аткарат. Бул болсо акыр соңунда элеттиктердин жашоо деңгээли жакшырат деген кепилдикти берет. Мониторинг жана баалоо процессинде өтө көп түшүнбөстүктөр жана пикир келишпестиктер болду. Башында БМжБ топторун адамдар такыр кабыл албай, алар менен эсептешпей жүрүштү. Баары бул жөн эле оюн деп ойлошкон. Топтордун максатын ичинен жана терең түшүнүп, Лариса Ивановна бир тыянакка келди: бул топторду түзүп жатканда талапкерлерди өтө кылдат тандап алыш керек экен. Себеби топко өз айылынын чыныгы патриоттору кириши керек. Мындай адамдар өз иши үчүн жан үрөп, реалдуу пайда алып келишет. Ошондуктан айылдык кеңештин депутаты болгондон кийин ал биринчи кезекте бардык демилгелүү топтордун, өзгөчө БМжБ тобунун толук кандуу иши үчүн шарттарды түзүп берди. Ал топтун мүчөлөрү өз милдетин эркин аткара алсын деп каалады. Ошондон кийин гана Лариса Ивановна топтун мүчөлөрү менен кенен-кесири сүйлөшүүнү сунуш кылып, топтун курамын талкуулап, кайра карап чыгууну, зарыл болсо жаңы адамдарды таап, талапкерлерди тандоодо өтө этият болууну сунуштады. Натыйжада биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча жаңы топ түзүлүп, анын курамы дээрлик толугу менен жаңыланып, кеңештин сессиясында бекитилди. Топтун төрайымы катары кайрадан Лариса Ивановнаны шайлап алышты.

Баса, Боролдой айылдык аймагында Долбоорду ишке ашырууда эң маанилүү жетишкендиктердин бири – Лариса Ивановна үчүн айылдык кеңештин депутаты болуп шайланганы. Ал буга чейин эч качан бул тууралуу ойлонбогонун, бийликке келүү тууралуу кыпындай ою да болбогонун мойнуна алат. Бирок долбоорду ишке ашыруу процессинде жаштар менен тыгыз байланышта иштеп, өз үнүң чыгып турганы, кырдаалга баа бере алганын, аны жакшы жагына өзгөртүү канчалык маанилүү болгонун түшүндү. Бирок бул да аздык кылды. Элеттиктердин идеяларын жеткире ала турган өкүл, демилгелүү топтордун активисттери бийликтин түзүмүндө болушу керек эле. Башкача айтканда, жергиликтүү бийликте өзүнүн лидери болгону зарыл эле. Ошондуктан айылдын жаштары Лариса Ивановнаны жергиликтүү кеңешке шайлоого катышууга көндүрүштү. Ал да ойлонуп, баарын тең салмактап көрүп макул болду. Натыйжада шайлоодо 16 талапкердин ичинен алтынчы орунду ээледи. Лариса Ивановна үчүн айылдын 86 тургуну добушун беришкен.

“Шайлоодо жеңгенден кийин менде катуу коркуу сезими пайда болду, - деп мойнуна алды Лариса Ивановна. – Мени мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн жоопкерчилик коркутуп турду. Бирок башка варианттар жок эле. Ишенимди актай турганымды далилдешим керек эле. Жаштардын чоң колдоосун сезгенде менде күч пайда болду. Иштеп, айылдагы жашоо шартты оңдош керек болду”.

Шайлоодон кийин депутат биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамдар менен таанышып чыкты, башка ченемдик укуктук актыларды окуду. Мунун баары кийин депутаттык ишинде абдан жардам болду. Анын айтымында, чечим кабыл алуу процесси – бул эң жоопкерчиликтүү учур. Ошол процесстен айылдагы ар бир жашоочунун келечеги көз каранды болот. “Мен биздин айылыбыздын өчүп калган атагынын жок дегенде бир бөлүгүн кайтаргым келет. Жердештерим жетиштүү турмуш көрүп, эч ким бул жерден көчүп кеткиси келбей тургандай, баары иш менен камсыз болуп, ар бир жашоочу өз айылына аяр мамиле жасап калышын каалайт элем”, - деди Лариса Ивановна.

Депутат катары ал ар бир жашоочу айылдык кеңештин сессиясына катыша ала тургандай шарт түздү. Мында ал депутаттык иштин ачык-айкындуулугуна басым жасады. Анын көз карашын тең бөлүшкөн кесиптештери менен чогуу элеттиктерге жергиликтүү кеңештин алдыда болчу сессиясы тууралуу кабар берип жатышты. Бул үчүн маалымат такталарына жарыяларды илип, социалдык тармактар жана “Вотсап” аркылуу билдирүү жиберип турушту.

Жергиликтүү кеңештин буга чейинки чакырылышы мындай кылган эмес. Адамдар, атүгүл, өз депутаттарын таанычу эмес. Анын үстүнө ошол чакырылыштагы депутаттардын иши деле өзгөчө көзгө урунган эмес. Муну Лариса Ивановна жакшы билчү. Анткени кварталдык комитеттин төрайымы болуп иштеп жүргөндө мурдагы депутаттарга бир нече жолу кайрылып, көчөлөрдү тазалоого, кык чыгарууга, арыктарды тазалоого жана башка иштерге жардам сурап кайрылган, бирок бир да жолу “эл өкүлдөрү” анын демилгесин колдоп берген эмес. Мындай мамиледе негизги көйгөй – калк менен иштөөнүн ыгын билбегендик. ошол кездеги депутаттар бир да жолу отчет беришкен эмес, шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүлгөн эмес. Анын үстүнө ошол чакырылыштагы депутаттар бири-бири менен тил табыша албай, туруктуу комиссиялардын ишинде биримдик жана максатка умтулуу байкалган эмес. Мунун натыйжасында эл да жергиликтүү депутаттардын мүмкүнчүлүктөрүнө ишенбей келген. Ал эми депутаттар ишенимге ээ болууга аракет да жасабай коюшкан.

Жаңы чакырылышта кырдаал түп тамырынан бери өзгөрдү – депутаттар шайлоочулар менен жолугушканда өздөрүн жоготушпайт, калк менен жигердүү иш алып барышат, шайлоочуларга дайыма отчет берип турушат. Эми адамдар айылдык кеңештин депутаттарынын үйлөрүнө чейин келип, өз көйгөйлөрүн жана маселелерин айтып турушат. Аткаруу бийлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү бутагына да ишеним арта баштады. Депутат болуп шайланганга чейин эле Лариса Ивановнага бюджеттин бөлүштүрүлүшү жакпай келген. Анда мисалы, клубга жана китепканага бөлүнгөн акча бала бакчага жана мектепке кеткен чыгымдан ашып кетчү. Ошол эле маалда майрам күндөрү жана чогулуштарда гана болбосо, клуб дээрлик иштечү эмес. Ал эми китепкана дайыма жабык турчу. Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө бюджеттен бир топ акча бөлүнгөнү да суроо жаратып келген. Анткени мындай иш-чараларга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаминерлери гана чакырылчу. Ал эми айылдагы кадырлуу жана сыйга татыктуу адамдар четте кала берчү.

Лариса Ивановнанын баамында, өмүрүн айылынын өнүгүүсүнө арнаган ар бир пенсионер коомдун камкордугун сезип, унутта калбашы керек. Ага бир жолу азык-түлүк түрүндөгү белек берип коюу менен чектелбеш керек. Мындай кадырлуу адамдарды айылдын коомдук, маданий жашоосуна тартуу зарыл. Ошондо гана кары адамдар өздөрүн жалгыз сезбей калышат.

Депутат болгондон кийин Лариса Ивановна биринчи кезекте бюджеттеги ошол беренелер боюнча чыгашаларга көңүлүн бурду. Ал кадырлуу пенсионерлердин укуктарын мүмкүн болушунча жакшы сактаганга умтулуп, кары адамдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө байланышкан бюджеттик чыгымдардын беренелерине өзгөчө көңүл бурду.

“Аймактын мээси жана жүзү болгон айыл өкмөтүндө тартип орноп, адистер болгон күчү менен иштешин каалайт элем. Анткени адатта кабинеттер ээн турат, кулпулап кетип калышат, адамдар болсо даттанып, бир тастыктаманы алыш үчүн 3-4 күн келип-кетиш керек деп нааразы болууда. Эмнегедир көпчүлүк адистер “отчет тапшырам” деген шылтоо менен бир орунда турушпайт экен. Бул маселени да кеңештин сессиясында көтөрүп, чара көрүш керек. Мен мунун аягына чыгышым керек. Бюрократиялык көрүнүшкө колдонуудагы мыйзамдар күнөөлүүбү же адам фактору барбы – мына ушуну түшүнүүгө аракет кылам. Элге бийликти коомдун жыргалы үчүн иштеген жардамчы катары кабыл алууга тоскоол болуп жаткан нерсени оңдош керек”, - деп эсептейт Л. КУСОВА.

Бүгүнкү күндө, арадан үч жыл өткөндөн кийин баары өзгөрдү – айыл өкмөтүнүн иши жаңы деңгээлге көтөрүлдү, бардык кабинеттер иштеп жатат, адистер дайыма өз ордунда отурушат, ар биринде компьютер бар, иш кызып турат. Мунун баары айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашты. Аткаруу бийлиги алдына так максаттарды, конкреттүү тапшырмаларды койгонду үйрөнүп, ага жетүүгө умтулуп жатышат.

Депутат болуп иштеген үч жылдын ичинде Лариса Ивановнанын жигери азайган жок. Кесиптештери менен чогуу жергиликтүү жамааттын пайдасына багытталган бир топ ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгып, беките алышты. Анын ичинде чөптү тебелегендерге айып салынууда, чарбагын таза суу менен сугаргандардын шлангдары конфискацияланат, таштандыны туш тарапка ыргыткандарга жаза каралган.

Мындан тышкары Лариса Ивановна көпүрө куруу демилгесин көтөрүп чыгып, бул тапшырманы ашар жолу менен аткара алышты. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы катары ал жону жука адамдар, майыптар, калктын социалдык жактан корголбогон катмары менен тыгыз байланышта турат: аларга азык-түлүк алып барып берет, түрдүү майрамдарды уюштурат, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жашоо шартын жеңилдеткен жана укуктарын коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырат.

“Мен эми бир нерсени так түшүнүп калдым – айылдык кеңештин депутаты ишин биринчи кезекте шайлоочулары менен дайыма байланышта болуп жасашы керек экен. Депутат айылдын өтө тереңде жаткан көйгөйлөрүн сууруп чыгып, ар бир нерсени сезип, ыкчам реакция жасап, адамдардын кызыкчылыктарын коргоп, көйгөйдү чечүү жолдорун издеп, элдин алдында туруктуу отчет берип турушу керек экен. Ошондой эле жалпы жергиликтүү башкаруу органынын командалык иши зарыл. Мунун негизги максаты – аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү. Долбоорду ишке ашыра баштаган мезгилде жеткен деңгээлди сөзсүз сактап калабыз. Бул биринчи кезекте ЖӨБдүн ачык-айкындуулук маселеси. Муну бюджет, жамааттын көйгөйлүү маселелери боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу ишке ашырып жатабыз. Айылдык чогулуштарды, жергиликтүү кеңештин ачык сессияларын туруктуу өткөрүп, активисттерди жана бардык каалоочуларды тартып, жергиликтүү маанидеги маселелерди сапаттуу чечүүгө көңүл бурабыз. Бул иштер өз жемишин берип, Боролдой айылдык аймагын жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишенем”, - деди Лариса Ивановна.

 

Окшош материалы: