Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: жарандардын кызыкчылыктарын жана жаңы тоскоолдуктарды эсепке алуу менен туруктуу өнүгүү

2021-09-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу: жарандардын кызыкчылыктарын жана жаңы тоскоолдуктарды эсепке алуу менен туруктуу өнүгүү

2021-жылдын 16-августунан 5-сентябрына чейинки мезгилде Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Чүй жана Нарын облустарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (мындан ары ЖӨБ Союзу) менен жаңы шайланган айыл өкмөт башчыларынын, шаар мэрлеринин, айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарынын жолугушуусу өтөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын миңге жакын башчысы – ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчылары жана беш облустун жергиликтүү кеңештеринин төрагалары, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышат.

Жолугушуулар маалында ЖӨБ органдарынын жаңы жетекчилери ЖӨБ Союзунун эксперттик жана өкүлчүлүк функцияларынын алкагында, калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун туура өткөрүү боюнча Иш-аракеттер планын даярдоонун методикасы менен таанышат.

Катышуучуларга муниципалдык кызматчыларды ведомстволук окутуу мүмкүнчүлүктөрү, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы жана конкурстарга катышуу шарттары, анын ичинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлгөн “2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсу тууралуу маалымат берилет.

Ошондой эле ЖӨБ органдарынын жаңы жетекчилери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ресурстарды башкарууга тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулай алышат. Мисалы, алар муниципалдык жерлер, жайыттар, АЖМФ жерлери, жер казынасы, анын ичинде жерлерди трансформациялоо өңдүү жарандар үчүн да, ЖӨБ органдары үчүн да маанилүү болгон башка маселелер боюнча маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Окшош материалы: