Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы муниципалдык кызматчылардын квалификациясын онлайн түрдө жогорулатуунун лицензияланган кызматын көрсөтүүгө даярданууда

2021-09-03 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы муниципалдык кызматчылардын квалификациясын онлайн түрдө жогорулатуунун лицензияланган кызматын көрсөтүүгө даярданууда

Кыргыз Республикасы эл аралык донор уюмдар тарабынан каржыланып жаткан көптөгөн өнүктүрүү долбоорлорун бүтүрдү жана ишке ашырууну улантууда. Ар бир долбоордун жыйынтыктоочу этабында негизги тапшырма – бул жыйынтыктарды корутундулап, “Долбоор аяктагандан кийин “жашоосун уланта беришин” кантип камсыз кылуу керек?” деген суроого жооп издөө. Ушул эле тапшырманы 2021-жылы Кыргыз Республикасында 10 жылдан бери иштеп келе жаткан жана ушул тапта жыйынтыкталып жаткан ЭҮЖӨБОЖ Долбоору да аткарып жатат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун негизги багыттарынын бири буга чейин жетишилген жыйынтыктардын туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Мисалы, ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн окутуу жагынан алып караганда билимди жана тажрыйбаны жайылткан Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg) өңдүү механизмди колдоп, андан ары өнүктүрүү өтө маанилүү. Ошондой эле муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун ведомстволук багытына тиешелүү маселелер боюнча муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу үчүн туруктуу инфраструктураны түзүү да маанилүү элемент болуп саналат.

Бул жерде ведомстволук окутуу ЖӨБ органдарынын жалпы багыт боюнча окуунун алкагына жана милдеттерине кирбеген өз функциялары менен байланышкан маселелерди камтыганын эске салуу маанилүү (КР Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик тапшырыгы). Ведомстволук багыттагы квалификацияны жогорулатууну уюштуруу үчүн ЖӨБ органы өзү жоопкерчилик алат жана ЖӨБ органы аны уюштурууга жылдык бюджеттен 1 пайыздан кем эмес өлчөмүндө каражат бөлүүгө милдеттүү1. Бирок, ар бир ЖӨБ органына бул ведомстволук окууну жекече уюштуруу кыйын, андыктан инфраструктурага – ЖӨБ органдарына бул маселени чечүүдө колдоо көрсөтө ала турган кадрларга, материалдарга, институттарга, уюмдарга, аспаптарга муктаждык бар.

Мыкты тажрыйбалар порталы – бул инфраструктуранын ыкчам аспаптарынын бири. Порталды ЖӨБ Союзу (Союз) жана Өнүктүрүү саясат институту түзгөн Борбор Азияда Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) башкарат. Союздун жана БАЖБАнын катышуусу менен муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатуунун туруктуу процессин уюштуруу үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖӨБ, муниципалдык кызмат жана билим берүү чөйрөсүндөгү өнөктөштөр жана эксперттер менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Талкуулардын жыйынтыгында катышуучулар Академиянын базасында ведомстволук окууларды жана квалификацияны жогорулатууну уюштурса болот деген жалпы пикирге келишти, ал үчүн Академия мындай иштерди жүргүзүү үчүн лицензия алууга тийиш. Академияны бүтүргөн муниципалдык кызматчылар карьералык өсүш жана эмгек акы маселелерин чечүүдө квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өткөнүн тастыктоо үчүн Академиянын сертификаттарын колдоно алышат.

Ведомстволук окуунун алкагында муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатууну уюштуруу маселесин ар тараптуу карап жатканда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору окуу иш-чараларын оффлайн да, онлайн да уюштуруу жана өткөрүү тажрыйбасына таянып, мүмкүн болушунча көбүрөөк сандагы окуу материалдарын “санариптештирүүгө” өзгөчө көңүл бурууну чечти. Буга онлайн режиминде ЖӨБ органдары үчүн сапаттуу окутууну уюштуруу үчүн лицензияланган окуу программаларынын стандарттарын сактоо максаты себеп болду. Мындай муктаждык ушул тапта өзгөчө кырдаалдар менен байланышкан жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга, атап айтканда, COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөргө байланыштуу жаралды.

Жогорудагы тапшырмаларды аткаруу үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Академиянын мугалимдери, ӨСИ жана ЖӨБ Союзунун адистери үчүн материалдарды санариптештирүү ыкмалары боюнча окуу уюштурду. Окууга катышкандар окутуунун тандап алган формасынын негизинде курстардын жумушчу программаларын даярдоо боюнча; педагогикалык дизайндын өзгөчөлүктөрүн аныктоо, окуу материалдарын санариптештирүү – видеолор, LMS жана тесттер, Moodle, Googleclassroom, Learnme платформасында курстарды түзүү боюнча; окуу контентин Moodle платформасына жүктөө жана окуу элементтерин түзүү боюнча билимге жана көндүмдөргө ээ болушту. Окуунун жыйынтыгы боюнча 15 мугалим аларга сертификат берүү үчүн жетиштүү жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg) муниципалдык кызматчыларды окутуунун аралаш форматын колдонуп билим берүү үчүн аянтча болуп берет. Учурда Академиянын администрациясы тийиштүү мамлекеттик органга лицензия алуу үчүн өтүнмөнү даярдап жатат. Ошондой эле алар 2021-жылдын аягына чейин Порталдын катталуучуларына жана башка кызыккан адамдарга жеткиликтүү боло турган окуу программаларын санариптештирүүнүн үстүнөн иштеп жатышат.

 

____________ 

1 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 28-беренесине ылайык.

Окшош материалы: