Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБдүн мыкты практика порталынын кызмат көрсөтүүлөрүн кантип колдонсо болот? Өнөктөш муниципалитеттердин биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору үчүн билим берүүчү онлайн-семинар

2021-04-05 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
ЖӨБдүн мыкты практика порталынын кызмат  көрсөтүүлөрүн кантип колдонсо болот? Өнөктөш муниципалитеттердин биргелешкен мониторинг   жана баалоо топтору үчүн билим берүүчү онлайн-семинар

2021-жылдын 18-февралында ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында өнөктөш муниципалитеттердин биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору үчүн Порталдын кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныштырууга арналган онлайн окуу семинары өттү.

Иш-чаранын максаты – биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБ) жана демилгелүү топтордун (ДТ) мүчөлөрүнө ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталы жөнүндө маалымат берүү, интерфейс, Порталдын бөлүмдөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары менен тааныштыруу.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Порталга кантип катталуу керектигин, мыкты тажрыйбаны кантип даярдап, аны Порталга жайгаштырууну, өз тажрыйбаларын кантип добушка койсо болорун жана ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасына добуш берүүгө кантип катышса болорун үйрөнүштү.

Семинарга БМжБТ төрагасы жана мүчөлөрү, АК төрагасы, АК депутаты, жооптуу катчы жана социалдык маселелер боюнча адис баш болгон 12 адам (10 аял) катышты. 

Айтбүбү ТУРДАЛИЕВА, Чүй облусунун Кызыл-Туу ААнын БМжБ тобунун төрайымы: “Бизде ийгиликтүү мисалдарды жазуу боюнча тажрыйбабыз бар, анткени биз буга чейин “Жергиликтүү демилге” конкурсуна катышкан элек. Жакшы тажрыйбанын мисалдары көп, ошондуктан биз окуяларыбыз тууралуу жазып, мындан ары да бөлүшө бермекчибиз. Мен Сокулук районунун айылдык ден соолук комитеттеринин чогулуштарынын төрайымы болгондуктан, Кызыл-Туунун гана эмес, биз ЖӨБ органдары менен иштеген жана кызматташкан башка муниципалитеттердин да ийгиликтүү тажрыйбаларын сүрөттөп бергим келет”.

Окшош материалы: