Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдар жана жаштар үчүн болочок депутаттын мектеби: жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча тажрыйба алмашуу

2021-04-05 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Аялдар жана жаштар үчүн болочок депутаттын мектеби: жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча тажрыйба алмашуу

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер жаштарга жана аялдарга консультациялык колдоо көрсөтүүнү улантууда.

2021-жылдын 4-мартында Аялдар жана жаштар үчүн болочок депутаттын Мектебинин1 алкагында кезектеги онлайн-консультациясы өттү. Буга чейин түзүлгөн графикке ылайык, тренерлер жана Мектептин2 21 катышуучусу талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо процессинде келип чыккан маселелерди талкуулашты. 

Анара МУСАЕВА, Мектептин тренери: “Биздин жолугушууларыбыздын максаты – жергиликтүү кеңештерге шайлоодо болочок аял депутаттардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Бул үчүн биз аларга алдыдагы шайлоого даярдоонун жүрүшүндө пайда болгон маселелер боюнча кеп-кеңештерди берүүдөбүз. Талапкерлердин өтүнүчү боюнча, биз аларга шайлоо программаларын даярдоого да жардам берип жатабыз”.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар аларды кызыктырган бир катар суроолорго жооп алышты. Мисалы, шайлоого байланыштуу ыйгарым укуктары токтогондон кийин негизги ишинде калыбына келүүнүн мөөнөттөрүнө; жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин кызмат орундарын жана эмгек акыларын сактоого; шайлоо процессинде фондду толтуруу мүмкүнчүлүгүнө жана башкаларга байланыштуу суроолорго жооп алынды. Ошондой эле катышуучулар жана тренерлер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинде жеринде пайда болгон көйгөйлөрдү, анын ичинде төмөнкүлөрдү талкуулашты: БШК кызматкерлеринин даярдыгынын жана компетенциясынын жетишсиздиги; эркектер тарабынан, кээде аялдар тарабынан да эмоционалдык кысым; талапкерлердин өзүнө ишенбегени.

Жолугушуунун аягында катышуучулар жардам үчүн ыраазычылыгын билдиришип, практикалык билимдин жана көндүмдөрдүн пайдасын белгилешти.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Мектептин катышуучуларына берилген консультациялык жардамдын алкагында 29 аял жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп каттоодон өтүштү, дагы 6 аял күзүндө өтчү шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Жалпысынан Мектептин 35 катышуучусунда мыйзамдар менен берилген 30 пайыздык квотасынан пайдаланып, жергиликтүү кеңештин депутаты болууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. 

 

_________ 

1  Аялдар жана жаштар үчүн болочок депутаттын мектеби – бул “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун демилгеси. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. Мектептин алкагында берилген жардам тууралуу толук маалыматты бул жерден окуңуз: http://myktyaimak.gov.kg/events/single-event?id=9  

2 Долбоордун консультанттары: Балакунова Айнура, Мусаева Анара, Мамыралиева Нуржан.

 

Окшош материалы: