Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө

2021-04-05 / Мыйзам жаӊылыктары

Нурдин КУМУШБЕКОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун муниципалдык кызмат боюнча адиси

2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына олуттуу жана көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилген. “Муниципалитет” журналы өз окурмандары менен ЖӨБ органдарынын иши үчүн олуттуу мааниге ээ болгон ушул өзгөрүүлөргө байланыштуу комментарийи менен бөлүшөт. ЖӨБ органдарынын жетекчилери мыйзам кызыкчылыктардын кагылышына көзөмөлдү бир кыйла күчөткөнүн билүүгө тийиш. Мисалы, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр эми аялы же туугандары тарабынан түзүлгөн биригишкен компанияны “туунду” компанияга “катып коюуга” жол бербейт. Эгерде мурун ЖӨБ органында туунду жактары жөнүндө маалыматты берүүчүлөрдөн сурап же сурабоо тандоосу болсо, эми мындай тандоо жок, мыйзам берүүчүнү ушул маалыматты сурап алууга милдеттендирет.
Ошол эле учурда электрондук каталогду колдонуу менен түз сатып алуу жана сатып алуунун айрым жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү.

Жаңы түшүнүктөр

“Берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын дайындар базасы” деген жаңы түшүнүк киргизилди. Бул база мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан берүүчүлөр жана консультанттар (мындан ары – берүүчүлөр) жөнүндө маалыматтарды камтыйт. База электрондук түрдө жүргүзүлөт жана берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар жөнүндө маалыматты ачуу үчүн мамлекеттик маалымат ресурстары менен интеграцияланат. 

“Бенефициардык ээси” деген түшүнүк киргизилди. Бенефициардык ээси – бул түпкүлүгүндө (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түз же кыйыр түрүндө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо анын атынан же анын кызыкчылыктарында операция (бүтүм) жасалган жеке жак. Бул кызыкчылыктардын кагылышуусун кылдаттык менен көзөмөлдөөгө жол берген маанилүү өзгөрүү. Демек, саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары бенефициардык ээлери болгон берүүчүлөр аффилирленген жактын белгилерине ээ болот жана мындай берүүчүлөрдөн сатып алуулар коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышуу тобокелдиги жогору. Жөнөкөй сөз менен айтканда, фирманын туунду компаниялар аркылуу аткаминерге тийиштүүлүгүн “жашыруу” мүмкүн болбой калды.

Маалыматты сактоо мезгилиндеги маанилүү өзгөрүү – эми мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында маалымат 10 жылдан кем эмес мөөнөткө сакталат.

“Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр” деген түшүнүк такталды, эми бул – зарыл адистештирилген кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациясы бар консультанттар тарабынан берилүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр.

“Бааланган нарк” түшүнүгү такталды. Эми бул – колдонулуучу жеңилдиктерди, бардык сунуштардын бааларын бирдиктүү валютага которууну жана конкурстук документтерде көрсөтүлгөн сапат критерийлерин эске алган конкурстук табыштаманын баасы.

“Анык эмес маалымат” дегенге аныктама берилди. Эми бул – берүүчүлөр өз конкурстук табыштамасында беришкен, чындыкка дал келбеген маалыматтар.

“Мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору” дегенге аныктама берилди – бул мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилүүчү, мамлекеттик сатып алуулардын мониторинги үчүн багытталган, ар кандай белгилери боюнча топтоштурулган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аныкталган коду.

Көрсөтүүлөр түшүнүгүнөн сметачынын, техникалык көзөмөлдүн кызмат көрсөтүүлөрү чыгарылып салган. 

Мыйзам товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө талаптар жөнүндө берене менен толукталган. Ага ылайык, конкурска катышуу үчүн улуттук же эл аралык сапат стандарттарында каралган, белгиленген техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайык келген товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө гана жол берилет. Ошол эле учурда көп сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун жана функционалдык пайдаланылуусун камсыз кылуучу алардын техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптар КР Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же борбордук органдардын чечими менен белгиленет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, азыр тез-тез сатылып алынган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр бекитилген стандарттарга жооп бериши керек. Белгисиз кытайлык берүүчүдөн эң арзанын сатып алуу татаалдашат.

Ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын дайындар базасы 

Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн Базага ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдүн жетекчилери киргизилген. Мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынган адамдардын катарына Базага кирген, бирок башка берүүчүнүн курамында сатып алууларга катышкан компаниялардын жетекчилери да кошулган. Башка сөз менен айтканда, ак ниет эмес берүүчү мындан ары өнөктөш фирманын артына “жашына” албайт.

Мамлекеттик берүүчүлөр үчүн өзгөчө мамиле каралды – Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 14, 20 жана 22-пункттарында (мамлекеттик орган тарабынан анын ыйгарым укуктарына ылайык же анын ведомствосуна караштуу болгон, тиешелүү ыйгарым укуктары мыйзамдар, КР Президентинин жана КР Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен белгиленген мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар, акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык юридикалык жактар тарабынан гана аткарылуучу же көрсөтүлүүчү жумуштарды же кызматтарды сатып алууда) каралган түз келишим түзүү усулу менен сатып алууларды өткөргөн учурлар үчүн; тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, улуттук сапат стандарттарына ылайык чыгарылышынын тиешелүү сертификаты болгон, КР  аймагында толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болгон товарларды ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алууда. Мындай учурларда эгерде түзүүчүлөр, берүүчүнүн жетектөөчү курамынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм менен аффилирленген жактар болуп саналса мамсатып алууларга катыша алат.

Өзгөчө кырдаал үчүн да өзгөчө мамиле каралган -  конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган берүүчүлөр сатып алуулар жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартышса, ошондой эле эгерде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүүгө байланыштуу сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта, конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларациянын шарттары берүүчүлөр тарабынан бузулса, сатып алуучу уюм маалымат базасына ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдү, коллегиялуу аткаруу органдарынын мүчөлөрүн, жеке аткаруу органынын функцияларын аткаруучу жактарды, ошондой эле ушундай реестрге киргизилген жактарды киргизүүнү демилгелейт.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Сатып алуучу уюм келишим же алкактык келишим түзө албаган берүүчүлөрдүн чөйрөсү кеңейтилди. Эми бул чөйрөгө бардык аффилирленген жактар кирет.

Сатып алуучу уюм берүүчүдөн аффилирленүүсү жок экендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү (буга чейин бул сатып алуучу уюмдун милдети эмес, укугу болгон).

Мыйзам дагы бир ченем менен толукталган: бенефициардык ээлер жөнүндө маалымат веб-порталга жайгаштырылган ачык жана жеткиликтүү маалымат болуп саналат.

Дагы бир жагдай такталды: Сатып алуучу уюм туунду чарбалык коом болуп саналган, же болбосо товарларды сатып алууда техникалык өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу, жумуштарды сатып алууда кемчилик актысын түзүү, долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу менен байланышкан консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана кызматтар менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда техникалык тапшырманы түзүү үчүн жалданып алынган биргелешкен кызматкерлери бар берүүчү, консультант менен сатып алуулар жөнүндө келишим же алкактык макулдашуу түзө албайт.

Конкурстук комиссия

Конкурстук комиссиянын курамы такталды. Эми анын курамына сатып алуучу уюмдун өкүлдөрү гана кирбестен, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү же сырттан тартылган эксперттер да кириши мүмкүн. Конкурстук комиссиянын иш-милдеттери толукталды: конкурстук табыштамаларды баалоонун жыйынтыктарына негиздүү даттануу келип түшкөн учурда, көз карандысыз комиссиянын чечимине ылайык үч жумушчу күндүн ичинде конкурстук табыштамаларды баалоону кайтадан жүргүзөт жана көз карандысыз комиссиянын чечимин аткаруунун жыйынтыктары тууралуу билдирүүнү мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.

Конкурстук документтер

Эми конкурстук табыштамаларды берүүдө чет өлкөлүк валюта конкурстук табыштамалар ачылган күнү КР Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайта эсептелиши керек (буга чейин чет элдик валютадагы конкурстук табыштамаларда конкурстук табыштамалардын бааларын жана алмашуу курсун аныктоо ыкмасы көрсөтүлчү).

Конкурстук документтерде берилиши керек болгон маалыматтарга да талаптар кеңейтилди. Маалыматтын жаңы түрү – берилүүчү товарларга, аткарылуучу жумуштарга жана көрсөтүлүүчү кызматтарга продукциянын коопсуздугун, сапатын ырастаган тиешелүү сертификаттардын болуусу жана (же) долбоорлоо (изилдөөнү кошуп алганда), өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстерине байланышкан талаптар. Сертификаттар жеке адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө байланышкан тобокелдиктерди жок кылышы керек”.

Мамлекеттик сатып алуулардын усулдары

Буга чейин эгерде баадан тышкары, белгисиз “башкаларды” белгилөө керек болсо товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн бир этаптуу тендер колдонулуп келген. Эми мыйзам сапаттын критерийлерин белгилөө зарыл болгондо усул колдонула тургандыгын конкреттештирет.

Ошондой эле сатып алуучу уюм бардык лоттордун жалпы суммасын эске алуу менен, сатып алуунун предметинин пландаштырылган суммасы эң жогорку чектен эки эсе ашып кетсе, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда эки пакеттүү ыкманы колдонушу керектиги такталды. Каалаган учурда, сатып алуучу уюм сатып алуунун предметинин пландаштырылган суммасы аз болгон учурда да ушул усулду колдонууга укуктуу.

Түз келишим түзүү усулу менен сатып алуулар

Түз келишим түзүү усулу менен сатып алуунун жол-жоболору өзгөртүлдү. Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6, 11, 15 жана 17-пункттары веб-порталга келип түшкөн табыштамалардын (сунуштардын) арасында бааларга мониторинг жүргүзүлө турган учурлардан алынып салынды.

Эми эгерде веб-порталга табыштамалар келип түшпөгөн учурда, сатып алуулар табыштамаларды кагаз жүзүндө суратып алуу аркылуу кайрадан мониторинг жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Сатып алуулар жөнүндө маалыматты веб-порталга кеминде эки жолу жайгаштыруу зарыл болгон айрым учурлар үчүн буга чейин болгон өзгөчө мамиле жокко чыгарылды.

Жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча минималдуу босоголук сумманын 3 пайызына чейин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процесси жөнөкөйлөштүрүлдү: 1) Мыйзамдын 14-беренесине ылайык документтер даярдалбайт; 2) сатып алуучу уюм салыктар жана социалдык төлөмдөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз тууралуу маалыматты талап кылбастан келишим түзүүгө укуктуу.

Сатып алуучу уюм түз келишим түзүү усулу менен сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу болгон учурлардын тизмеси кеңейтилди: эми КР Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган берүүчүдөн товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган нарк боюнча конкреттүү сатып алуу учурунда мүмкүн болуп калды. 

Электрондук каталогду пайдалануу менен сатып алуулар

Эми Мыйзамдын 21-беренесинин 1 жана 3-пункттарында каралган бааларды жана техникалык өзгөчөлүүлүктөрүн сактоо менен жүргүзүлгөн конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 5 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алуу жана табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда (табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген баалар боюнча) электрондук каталог аркылуу жүргүзүлбөйт.

Электрондук каталог аркылуу сатып алууларды жүргүзүүгө боло турган учурлардын тизмеси кеңейтилди. Ошентип, 7-10, 18 жана 20-пункттар пайда болду:

  • эгерде өткөрүлгөн конкурстар өткөн жок деп таанылса жана конкурстук документациянын кайра каралган талаптарын эсепке алуу менен конкурсту кайрадан өткөрүү келишим түзүүгө алып келбесе;
  • сатып алуучу уюм алдын ала билбеген жагдайларга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып алууда шашылыш зарылдык келип чыкканда, көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгон күндөн тартып бир айдын ичинде милдеттүү түрдө конкурс жарыялоо шарты менен;
  • мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү;
  • чет мамлекеттин аймагында өзүнүн иш-аракетин камсыздоо үчүн КРнын чет өлкөлүк мекемелери үчүн же КРнын чет өлкөлүк мекемелери менен, КРнын аймагында жүргүзүлгөн сатып алуулардан тышкары, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда;
  • максималдуу босоголук суммадан ашпаган суммага изилдөөлөрдү, эксперименттерди өткөрүүдө же илимий корутундуларды даярдоодо;
  • тизмеги КР Өкмөтү тарабынан аныкталган, улуттук сапат стандарттарына ылайык чыгарылышынын тиешелүү сертификаты болгон, КРнын аймагында толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болгон товарларды ички товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алууда.

Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу

Конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү конкурстук табыш-таманын колдонуу мөөнөтү менен дал келүүгө тийиш деген ченем менен толукталды. 

Сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылууну өзүнө калтырган учурлардан өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режимин киргизүү менен байланыштуу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин жарыяланган шартта жеңүүчүнүн конкурстук табыштамасында каралган шарттарда келишимге кол коюудан берүүчүнүн баш тартуусу чыгарылып салынды. Мындай учурда конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу берүүчүгө үч жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө кайтарылып берилет. “Сатып алуучу уюм берүүчү тарабынан демпингге каршы чара катары берилген банктык кепилдикти толук көлөмдө товар берилгенден, жумуш аткарылгандан же кызмат көрсөтүлгөндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде, келишимде каралган шарттарга ылайык кайтарып берет” деген ченем кошулду.

Берүүчүнүн (подрядчынын) квалификациялык дайындары

Сатып алуучу уюм конкурстук документтерде берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине койгон талаптардын ичинен продукциянын коопсуздугун, сапатын тастыктаган жана (же) бул процесстерге коюлган талаптарга байланыштуу тийиштүү сертификаттар чыгарылды. Ошол эле маалда талаптар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактуралардын маалымат системасында жол-жоболоштурууга милдеттүү болгон берүүчүнү каттоо жөнүндө маалымат менен толукталды.

Эки пакеттүү ыкмада кагаз жана электрондук түрдөгү конкурстук табыштамаларды ачуу

Финансылык сунуштары бар пакеттер квалификациялык жана техникалык талаптарга туура келүүсүнө баа берилгенден кийин веб-порталда ачылуучу мөөнөтү кыскарды. Эми он жумушчу күндүн ордуна бештен ашпайт, бирок эки пакеттүү ыкманын биринчи пакетинин өткөндүгү жөнүндө кабар жарыяланган датадан тартып жети жумушчу күндөн эрте эмес болуп калды. Сатып алуулардын экинчи пакетин кароо мөөнөтү эми бир жумушчу күндүн ордуна он жумушчу күндөн ашпайт.

Конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу, жеңүүчүнү аныктоо

Жол-жобо бир ченем менен толукталды: эгерде бирден-бир критерий баа болсо, анда конкурстук комиссия берилген жеңилдиктерди эске алуу менен конкурстук документациянын талаптарына маңызы боюнча жооп берген, эң төмөнкү бааны сунуш кылган конкурстук табыштаманы жеңүүчү деп аныктайт.

Эгерде конкурстук документтерде баа менен катар сапат критерийлери каралса, конкурстук комиссия белгиленген критерийлерди эсепке алуу менен алда канча төмөн бааланган наркты сунуш кылган конкурстук табыштаманы жеңүүчү деп аныктайт деген тактоо киргизилди.

Сатып алуулар веб-портал аркылуу жүргүзүлгөнүнө байланыштуу дагы бир тактоо киргизилди: эгерде баа төмөндөтүлгөндөн (арзандатуу берилгенден) кийин берүүчүлөр бирдей сунуштарды (бааны, арзандатууну) беришсе, мамсатып алуулар кагаз түрүндө болгон учурда жеңүүчү веб-порталы тарабынан чүчүкулактын жардамы менен аныкталат.

Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу Мындан ары түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууда, сатып алуулар бөлүмү сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзүшү керек, эгерде:

  • бааларды жана техникалык өзгөчөлүүлүктөрүн сактоо менен жүргүзүлгөн конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 5 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууда;
  • табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген баалар боюнча табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
  • мамлекеттик орган тарабынан анын ыйгарым укуктарына ылайык же анын ведомствосуна караштуу болгон, тиешелүү ыйгарым укуктары мыйзамдар, КР Президентинин жана КР Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен белгиленген мамлекеттик мекемелер, мамлекеттик ишканалар, акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык юридикалык жактар тарабынан гана аткарылуучу же көрсөтүлүүчү жумуштарды же кызматтарды сатып алууда.
 

Эми сатып алуулар бөлүмү жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча минималдуу босоголук сумманын 3 пайызына чейин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуулар жол-жобосунун протоколун түзбөйт.

Сатып алуучу уюм сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзүп, веб-порталга жайгаштырган мөөнөт узартылды: эми мыйзамдын мурунку редакциясында болгондой, бир календардык күндүн ордуна эки жумушчу күн болуп калды.

Конкурсту жокко чыгаруу же конкурсту өткөрүлгөн жок деп таануу

Эми сатып алуучу уюм бир дагы конкурстук табыштама келип түшпөгөндө, же конкурстук табыштамалардын саны жетишсиз болгондо конкурсту өткөрүлгөн жок деп тааныйт. 

Конкурсту өткөн жок деп таанунун жол-жоболоруна өзгөртүүлөр киргизилди. Эгерде конкурс укук бузуулар аныкталганда өткөн жок деп табылса, ага чейин кайталап конкурс өткөрүлүп, бирок келишим түзүлбөсө, түз келишим түзүү усулу менен кайталап мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү мүмкүн эмес.

Конкурстун жыйынтыктарын жалпыга жарыялоо жана келишимди түзүү 

Сатып алуучу уюм жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалыматты веб-порталга жайгаштырган мөөнөт эки жумушчу күнгө чейин узартылды. Дагы бир толуктоо киргизилген: сатып алуучу уюм жеңүүчү берүүчү менен келишим түзгөн мөөнөттө уставдык капиталында акциялардын 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдорго карата мамлекеттик сатып алуулар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген атайын мөөнөттөр колдонулбайт.  Берүүчү кабарламаны ырастабаган учурда, сатып алуучу уюм конкурстун жеңүүчүсүнүн рейтингинде экинчи орунду ээлеген берүүчү менен келишим түзө алат, бирок милдеттүү эмес (буга чейин ушундай болчу) деген өзгөртүү киргизилди. 

Даттануунун тартиби

Подрядчылардын даттунууну көз карандысыз комиссияга берүү процессине өзгөртүүлөр киргизилди. Эми арызды веб-портал аркылуу гана эмес, почта же чабарман аркылуу да берсе болот.

Сатып алууну бир этаптуу усулду эки пакеттүү ыкма аркылуу жүзөгө ашырууда даттануу берүү үчүн мөөнөт сатып алуучу уюм чечимин жарыялаган күндөн тартып эки күндөн беш жумушчу күнгө чейин көбөйтүлдү. Даттанууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамы юристтер жана эксперттер менен кеңейтилди.

Сатып алуулардын жол-жоболорун токтото туруу мөөнөтү эми көз карандысыз комиссия даттануу боюнча акыркы чечимин чыкканга чейин узартылып жатат.

Көз карандысыз комиссия мөөнөттөрдү бузуу менен түзүлгөн келишим түзүлгөндөн кийин даттанууну карайт. Көз карандысыз комиссия Мыйзамдын талаптарына ылайык келиши үчүн, ушул келишимдин аткарылышын он календардык күнгө чейин токтото турат. Эгерде көз карандысыз комиссия сатып алуулар Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүргүзүлгөн деп тапса, ал даттануунун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берет, анын катышуучусу сотко кайрылууга укуктуу.

Мамлекеттик сатып алуулар келишими

Сатып алуучу уюмдун веб-порталга келишим жөнүндө маалыматты жарыялоо мөөнөтү кыскарды (келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жумушчу күнгө чейин).

Сатып алуучу уюм веб-порталга жарыялоого милдеттүү болгон маалыматтын түрлөрүнүн тизмеси толукталды. Маалыматтын төмөнкү түрлөрү кошумча камтылган: бенефициардык менчик ээлеринин; берүүчүнүн аталышы жана юридикалык дареги; келишим түзүлгөн күн; келишимди аткаруу мөөнөтү; келишимдин аткарылышынын шарттары жана графиги; келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун көлөмү; келишим боюнча кепилдик мөөнөтүнүн болушу.

Мыйзамга келишимди аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтардын тизмесин кошулду, аны сатып алуучу уюм келишимдин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча веб-порталга жайгаштырат: 1) келишимге өзгөртүү киргизилген күн; 2) өзгөртүү үчүн жүйө; 3) кабыл алуу актысына кол коюлган дата; 4) айыптык санкциялардын суммасы; 5) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылууну кармап калуу жол-жобосу колдонулгандыгы; 6) келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун кармалган суммасы; 7) төлөнгөн датасы жана суммасы.

Купуя маалыматтарды жана жеке маалыматтарды кошпогондо, келишимдердин тексттери эми жалпыга жеткиликтүү. Эми келишимди аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн сатып алуучу уюмдун жетекчиси жана кызматкерлери жооп беришет. Келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун көлөмү тууралуу ченем өзгөртүлдү. Эми ал келишимде каралган айыптык санкциялардын эң жогорку чегинен аша албайт (мурда келишимде каралган айыптардын эки эселенген өлчөмүнөн аша алчу эмес).

Келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылуу кайтарылган учурлар көрсөтүлдү: 1) бардык кепилдик милдеттенмелерди кошуп алганда, келишим боюнча милдеттенмелер аткарылганда (кепилдик милдеттенмелер күчүндө турган мезгилде, сатып алуучу уюм аткарууну кепилдик камсыз кылуу өлчөмүн төмөндөтөт. Мында келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуунун кармалган суммасы келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш); 2) форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулганда.

Эгерде берүүчүлөр келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса сатып алуучу уюм келишимдин аткарылышын кепилдик камсыз кылууну кармап калат деген ченем киргизилди. Буга форс-мажордук кырдаалга байланыштуу келишим бузулган учурлар кошулбайт.