Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖАШТАР – бул ар бир шардын жана айылдын ЭРТЕҢКИСИ

2012-01-31 / Жарандык катышуу

Акция эки жарым саатка созулуп, 200гө жакын студенттин жана 100гө жакын улуу муундун өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду.

 

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жаштар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогуу кызматташканы тууралуу баяндама
 
Айнура Балакунова, Өнүктүрүү саясат институту
 
 Үмүт, каалоо жана тандоо дарагы
 
2011-жылдын декабрында Нарындын тургундары шаардын борбордук аянтында жана медициналык колледждин имаратынын алдында таң калычтуу көрүнүшкө күбө болуп жатышты: жаштар тобу маалымат тактасына “Мен өзгөрткүм келет!” жана “Бул – мыкты!” деген жазуулар бар карточкаларды илип жатышты. Такта “Үмүт, каалоо жана шайлоонун дарагын” чагылдырып, каалоочулар ошол карточкаларга Нарындагы турмуш шартты жакшыртууга багытталган каалоолорун жазып, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн мактоо сөздөрүн арнай алмак. Акция эки жарым саатка созулуп, 200гө жакын студенттин жана 100гө жакын улуу муундун өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду. Жаштар курдаштарын жергиликтүү кеңештеги өз өкүлдөрү аркылуу шаарды башкарууга катышуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүгү бар болгонуна ынандырган маалымат бюллетендерин таратып жатышты. Бирок бул үчүн жаштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы, мэрия жана айыл өкмөтү өңдүү аткаруу органдарынын фунциялары, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жоопкерчилиги тууралуу маалыматка ээ болушу керек.
 
Жаштар таза шаар үчүн
 
Долбоордун алкагында ишке ашырылган башка бир демилге Нарын үчүн көйгөйлүү деп эсептелген таштандыларды чогултуу жана чыгаруу маселесин чечүүгө байланыштуу болгон. 2011-жылдын декабрь айы ичинде Демилгелүү жаштар тобу “Жаштар таза шаар үчүн!” аттуу кичи долбоорду иштеп чыкты жана ишке ашырды. Кичи долбоор нарындык жаштардын көңүлүн таштандыларды чогултуу жана чыгаруу, көчөлөрдө тазалыкты сактоо жана маданияттуу жүрүм-турумга буруу максатын көздөдү. Бул үчүн шаардагы таштанды эң көп топтолгон эң булганыч жерлер сүрөткө жана тасмага тартылып алынган.  Мындан тышкары уюштуруучулар “таштанды” көйгөйүн чечүү боюнча сунушту даярдоо, жаштарды Нарындын коомдук турмушуна жөн гана байкоо салбастан, ага активдүү катыштыруу үчүн бул маселелерди чечүүгө тартуу максатын көздөгөн. Андан кийин жаштарга шаарда толуп кеткен таштандыларга байланыштуу шаардыктарга кайрылуу жазуу жана аны тургундар арасында таратуу сунушталды. Кичи долбоордун негизги иш-чарасы 2011-жылдын 17-декабрында В. П. Чкалов атындагы мектепте өттү. Катышуу үчүн арызды 5 мектептин парламенти таштаган. Калыстар тобунун курамына Нарын шаарынын вице-мэри Ч.Абдраимакунова, Нарын шаардык кеңешинин вице-спикери Н. Максуталиев, КР Жаштар иштери боюнча министрликтин Нарын облустук бөлүм секторунун жетекчиси Б.Эгембердиев, Нарын облустук мамлекеттик сыналгысынын башкы редактору С. Касымов жана Өнүктүрүү саясат институтунун жаштар иши боюнча координатору, долбоордун авторлорунун бири Чырмыева Айжан кирди. 
 
Катышуучулар калыстар тобуна кызыктуу иштерди сунуш кылышты. Натыйжада жеңүүчү деп В. Чкалов атындагы мектептин тобу табылды. Экинчи орунду Э.Ибраев атындагы мектеп ээлесе, үчүнчү орунга М.Сыдыков атындагы мектеп жетти. Мектеп командалары баалуу белектерди алды. Белек тапшырып жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жаштар мындан ары да шаардын коомдук турмушунан четте калбай, таштанды маселесин чечүүдө өз салымын кошот деген үмүтүн билдиришти. Балдар бийликтин өкүлдөрүнө баалуу кеңештерди беришти. Акциянын соңунда анын бардык катышуучуларына кызыл шарлар таратылды жана ар бири чечим жасашы керек болчу: таштандыга карата мамилесин өзгөртүүсү керек эле – же аны таштанды төкчү жайга таштоо, же аны ар кайсы жерде таштап, мындан ары да шаарды булгай берүү. 
 
Сынак өткөндөн кийин долбоордун авторлору жеңүүчү  үч команда менен жолугушуп, идеяны мындан ары өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Балдар “Жаштар таза шаар үчүн!” темасында жогорку класстар жана мугалимдер үчүн жалпы мектептик жыйын өткөрүүнү жана анда сынакта жеңген сүрөт, видеотасмаларды көрсөтүүнү сунуш кылышты. Эң мыкты чогулушту өткөргөн мектеп Жаштар иштери боюнча министрликтин Нарын облустук бөлүмүнөн баалуу китептерди (жалпысынан 25 миң сомго бааланган) алат. 
 
Элдин байлыгы оригиналдуу адамдар
 
Үчүнчү демилге – “Жаңы горизонт” кичи долбоору (“Элдин байлыгы оригиналдуу адамдарда”) -жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен шаар тургундары ортосундагы мамилени бекемдөөгө багытталган. Долбоордун өнөктөшү болуп Нарын шаарынын мэриясы, шаардык кеңештин депутаттары, Нарындагы ЖОЖдордун ректорлору, СУЗдардын директорлору, шаардын ММКлары чыкты. Долбоордун алкагында бир нече маселе чечилди: 
 
• 25 жаш лидер окутулду – Нарын шаарындагы окуу жайлардын студенттери;
 
• жаштардын атынан эки долбоордун шаблону иштелип чыкты;
 
• создана инициативная группа из 8 студентов и молодых лидеров;
 
• Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгү, ЖӨБ органдарынын жетишкендиктери жана иши, долбоор тууралуу разработан маалымат бюллетени даярдалды;
 
• 500 маалымат бюллетени таратылгандан кийин шаар тургундары жана студенттер көбүрөөк маалыматка ээ болду
 
Семинар маалында анын катышуучулары жергиликтүү кеңешке шайлоо, шаардын бюджетин түзүү, жаштардын бюджеттик процесске катышуусу өңдүү темаларга өзгөчө көңүл бурушту. Семинардын жыйынтыгында жаштардын атынан Нарын шаарынын ЖӨБ органдарынын иш-чараларына  катыша турган иш (демилгелүү топ) топ түзүлдү. Семинардын катышуучулары 8-декабрда “Идеялардын жарманкесине” катышып, өз курдаштарына идеяларын көрсөтө алышты. Эки топ “Жаштар балдарга жардам берүүдө” жана “тамекини ташта жана ден соолукта бол” аттуу долбоорлорун сунуштады. Бул долбоорлор жаштар тобунун күчү менен ишке ашырылат. 
ЖӨБнун ЖАШТАР МЕНЕН ИШТӨӨСҮНҮН ҮЛГҮЛӨРҮ
 
Дөбөлүү айылдык аймагы
 
Дөбөлүү айылдык кеңешинин 8 депутаты 30 жашка чейинки жаштар. Депутаттардын жана айылдык аймактын аппаратынын демилгеси менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жаштарды тартуу маселеси талкууланган форум өткөрүлдү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары орто мектептин окуучулары менен жолугушууну өткөрүп, окуучуларга белектерди тапшырып, балдардын жайкы лагерин уюштурушту. Дөбө айылдык аймагы жаштар уюмдары, анын ичинде “Алыш” жаштар бирикмеси менен тыгыз кызматташат. “Алыш” бирикмеси жер бөлүп берүүнү өтүнүп, аны алгандан кийин картошка эгишти. Мындан түшкөн каражат активисттерге гана пайда алып келбестен, айылдын социалдык керектөөлөрүнө да кетти.  
 
Нарын шаарынын мэриясы
 
Нарын шаарынын мэриясынын демилгеси менен Жаштар союзу жана Жаш данакер уюмдары түзүлдү. Ушул тапта шаар мэриясы “Акун” фирмасы менен студенттерди ушул фирмада практика өткөрүүсүнө уруксат берүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Ат-Башыда “Ат-Башы картошкасы” ассоциациясы түзүлдү. Бул ассоциацияны түзүү менен жаштар лизинг аркылуу айыл чарба техникасын сатып алып, Германияда өз потенциалын жогорулатып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.  
 
НАРЫН ЖАШТАРЫНЫН ЖАНДУУ ҮНДӨРҮ
 
Байбагышев Табылды: «Калктын улуу мууну унчукпай келген маселелер тууралуу дал ушул жаштар бүгүн айта алат”. 
 
Туюкбаев Алмаз: «Жеринде жаштар комитетинин ишин жандандырып, бул үчүн каражат бөлүү зарыл. Ошондо гана жаштарды айылда кармап калууга болот. Жаштар топторуна дем берүү үчүн сынактар уюштурулса жакшы болмок”.
 
Муратов Адилет: «Анын жыйынтыгын көрүп, сезип, билүү үчүн, өз ийгилигине ишене билүү үчүн демонстрациялык долбоорлорду ишке ашырыш керек”. 
 
Омурзаков Нурбек: «Жаштар ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы функцияларын жана милдеттерин билиши керек. Жаштар ЖӨБ органдарынын ишин баалап, мониторинг жүргүзө алат”. 
 
Абдыраев Мирлан: «Жергиликтүү бюджеттер жаштар менен иштешүүгө каражат бөлүшү керек. Жаштар жергиликтүү кеңештеги депутаттардын катарын толукташы керек. Элет жергесинде маданият жана спорттун өнүгүүсүнө көңүл буруу зарыл, анткени бул жаштардын биригүүсү үчүн өтө маанилүү шарт болуп эсептелет”. 
 
Тагаев Кубаныч: «Көмүскөдө жаткан лидерлерди табуу үчүн жаштарды коммуникация механизмдерине үйрөтүш керек. Айыл деңгээлинде жылдык конференцияларды өткөрүү жолу менен жаштар уюмдарынын институционалдык түзүлүшүн бекемдеш керек. Уставда жазылган структура, функциялар жана шайлоо жергиликтүү жамааттын деңгээлинде болушу зарыл. ЖӨБО жергиликтүү жамааттын деңгээлинде түрдүү программаларды жана стратегияларды иштеп чыгуу процессине жаштарды тартышы керек”. 
 
Чырмыева Айжан: «Жаш депутаттардын саны өссө, жакшы болмок эле”.