Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын горизонталдык өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча тажрыйба алмашышты

2021-06-01 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын горизонталдык өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча тажрыйба алмашышты

Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылат.

2021-жылдын 22-23-апрель күндөрү Бишкек шаарында Бишкек мэриясынын базасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча иш-чара өттү. Иш-чара ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен КР ЖӨБ Союзу тарабынан уюштурулган.

ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ тажрыйба алмашуунун максатын төмөнкүчө баяндады: “Тажрыйба алмашуу туру жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын горизонталдык өз ара байланышын күчөтүү жана Чүй облусунун Аламүдүн менен Сокулук райондорунун шаардык мэриялардын жана айыл өкмөттөрүнүн  ортосунда муниципалдык башкаруу тутумун оптималдаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Иш-чарага Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Чүй облусунун мэрияларынын башчылары жана кызматкерлери, жогоруда аталган эки райондун ЖӨБ органдарынын башчылары катышууда”.

Эки күн бою тажрыйба алмашуу турунун катышуучулары Бишкек шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүн, тактап айтканда, жарандарды кабыл алуу системасын – “Электрондук документ жүгүртүү” АМС жана муниципалдык социалдык жеңилдиктерди берүү боюнча санариптик чараларды изилдешти; Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы баш болгон бир катар объектилерге барышты (медициналык жардамды санариптештирүү жана “Тез жардам” станциясынын автоматташтырылган маалыматтык башкаруу системасы), “Бишкексууканал” ӨЭБ, “Бишкекасфальтсервис” МИ, Ленин районундагы №2 МТУ жана башка объектилерди кыдырышты, муниципалдык менчикти башкаруу маселелерин (муниципалдык жерлерди жана объектилерди ижарага берүүнүн эффективдүү ыкмалары), жергиликтүү бюджеттин чыгым бөлүгүн оптималдаштырууну жана Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү жаатындагы жаңы багыттарын талкуулашты.

Презентациялар жана алмашуу турунун программасы шилтемедеги “Иш-чаралар” бөлүмүндө жеткиликтүү: http://myktyaimak.gov.kg/events/single-event?id=18

 

Окшош материалы: