Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун катышуучулары үчүн онлайн консультация

2021-06-01 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
“2022-жылга жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун катышуучулары үчүн онлайн консультация

Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылат.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору КР Экономика жана Финансы министрлиги жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бардык ЖӨБ органдары үчүн “2022-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсун (мындан ары – Конкурс) жарыялады.

2021-жылдын 28-апрелинде конкурстун 90 потенциалдуу катышуучусу үчүн айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары катышкан биринчи онлайн консультация өткөрүлдү. Консультациянын жүрүшүндө уюштуруучулар катышуучуларга конкурс жөнүндө кеңири маалымат берип, аны өткөрүүнү жөнгө салган жобо менен тааныштырышты.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун муниципалдык финансыны башкаруу жана бюджеттик угуулар маселелери боюнча координатору Азамат МАМЫТОВ белгилегендей, бул жылы конкурска Кыргызстандын БАРДЫК муниципалитеттери катыша алат. Буга чейин долбоор иштеген облустардагы максаттуу муниципалитеттер гана мындай конкурстарга катыша алышчу: “Конкурс биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок, бирок буга чейин катышуу укугуна карата чектөөлөр бар болчу. Мисалы, биз Жалал-Абад же Нарын облустарынын аймагында иштеп жүргөндө, конкурска ушул аймактардын ЖӨБ органдары гана катыша алган. Бирок 2021-жылы 300 миң сом өлчөмүндөгү баш байге үчүн бардыгы ат салыша алышат! 2022-жылга бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүп, конкурска катышыңыз”.

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы ТУРГУНБАЙ уулу Айтибек коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү жана конкурска катышуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал кесиптештерине презентацияны көрсөтүп, угууларга ЧЕЙИНКИ жана АНДАН КИЙИНКИ маалыматтык өнөктүккө өзгөчө көңүл буруп, бюджет жөнүндө болгон бардык маалыматты ачыкка чыгарууну өтүндү: “Жашоочуларга бюджет жөнүндө маалымат берүүнүн, маалыматты таратуунун көптөгөн жолдору бар. Мисалы, биз алдыдагы коомдук угуулар жөнүндө кулактандырууну жана жергиликтүү бюджеттин долбоорун муниципалдык сайтка жайгаштырдык; афишаларды жана баннерлерди басып чыгарып, аларды адамдар көп чогулган жерлерге жана коомдук кызмат көрсөтүүчү пункттарга, маалыматтык такталарга илип чыктык; айылдарды аралап, үн күчөткүчтөрдү жардамы менен жергиликтүү тургундарды белгиленген күнү келип, жергиликтүү бюджетке байланыштуу ой-пикирлерин жана каалоолорун билдирүүгө чакырдык; шилтемени жана кулактандырууну биздин лидерлер жана активисттер аркылуу таратып, бул үчүн алардын “Вотсаптагы” номурларын колдондук”, - деп өз тажрыйбасы менен бөлүштү Көк-Жар ФЭБдин башчысы.

Презентациялардын аягында катышуучуларга суроо узатып, аларга жооп алууга мүмкүнчүлүк берилди. Эң көп берилген суроолор төмөнкүлөр болгон.

СУРОО. Биздин айылдык аймак дотацияда турат. “Корголгон” беренелерди каржылоого каралган чыгымдардан тышкары, башка нерселерге 200-300 миң сом калат. Ушул сумма менен айыл тургундарынын бардык көйгөйлөрүн кантип чечсе болот? Алар угууларга келишет, чыгымдар боюнча сунуштарын беришет, бирок биз алардын ордуна эч нерсе сунуштай албайбыз. Эгерде биз элибиздин муктаждыктарын билсек дагы, ага жооп бере албасак, анда угуудан эмне пайда?

ЖООП. Угууларды жергиликтүү бюджетте каражаты жок муниципалитеттерде өткөрүү өзгөчө маанилүү. Биринчиден, жарандарга каражаттын тартыштыгын түшүндүрүп, алар менен чыгымдар жөнүндө гана сүйлөшпөстөн, кирешени көбөйтүүнүн жолдорун да талкуулаш керек. Мисалы, эгерде салыктар боюнча карыздар жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карыздар болсо, анда бул каражаттарды жергиликтүү бюджетке алып, пайдалуу иштерге жумшоо керек экендигин элге көрсөтүү маанилүү. Экинчиден, бюджеттен тышкаркы каржылоо булактары бар. Алар: дем берүүчү гранттар, донордук долбоорлор, демөөрчүлөр. Жарандар менен артыкчылыктуу көйгөйлөрдү талкуулап, каржылоо издөө боюнча долбоорду жана иш-аракеттер планын чогуу даярдаңыз. Үчүнчүдөн, өтө эле аз өлчөмдөгү чыгымдарды да калк менен макулдашып турган жакшы, мисалы, кайсынысы маанилүү – мал кирбесин деп, мектептин стадионун тосмолоп чыгыш керекпи же майрам өткөрүү маанилүүбү? Төртүнчүдөн, эгерде органдар жергиликтүү бюджеттин абалы жана пландары жөнүндө маалымат бербесе, анда калкта ЖӨБ органдарына карата ишенбестик көбөйүп, жемкорлукка шектей башташат. Башка да себептерди тапса болот, бирок алардын ичинен эң негизгиси – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси органдардан ачыктыкты жана отчеттуулукту талап кылып, жарандар менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоону гана эмес, анын аткарылышы жөнүндө отчет берүүнү да талап кылат.

Пайдалуу шилтемелер:

  • Конкурс жөнүндө жобону жана өтүнмөнүн формасын бул жерден таба аласыз: http://myktyaimak.gov.kg/lg-help/investmentprojects/investment-project?id=3
  • Онлайн-консультациянын видео жазуусун бул жерден таба аласыз: https://www.youtube.com/watch?v=Z5DMqFYKoRk
  • Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн көмөкчү материалдарды бул жерден табууга болот: http://vap.kg/ky/press_room/publications/full/171.html
  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча усулдук колдонмону бул жерден таба аласыз: http://vap.kg/ky/press_room/publications/full/201.html

 

Окшош материалы: