Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү тартибиндеги өзгөрүүлөр, Улуттук кадрлар резервин түзүү тартибиндеги өзгөрүүлөр, Тестирлөөнүн тартибиндеги өзгөрүүлөр, Муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартибиндеги өзгөрүүлөр

2021-06-01 / Мыйзам жаӊылыктары
Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү тартибиндеги өзгөрүүлөр, Улуттук кадрлар резервин түзүү тартибиндеги өзгөрүүлөр, Тестирлөөнүн тартибиндеги өзгөрүүлөр, Муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартибиндеги өзгөрүүлөр

Нурдин КУМУШБЕКОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси

Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү тартибиндеги өзгөрүүлөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди, бул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген.

1. Конкурс жана конкурстук комиссия

Мамлекеттик органдын конкурстук комиссиясынын курамына эми тармактын ардагерлери жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – КР МКК) өкүлү кошулат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын конкурстук комиссиясынын курамына КР МКК өкүлү кирет (айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында КР МККнын чечими боюнча).

2. Ички жана улуттук кадрлар резервине кирген адамдар арасында конкурсту өткөрүү

Мындан ары Улуттук кадрлар резервинде (мындан ары – УКР) турган адамдардын арасында административдик кызмат орундарынын жогорку тобу үчүн бош кызматтарга конкурс аңгемелешүү этабынан башталат. Башкача айтканда, алар мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөө этабынан өтүшпөйт.         

3. Талапкерлердин жалпы жана кесиптик билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн текшерүү

Ички кадрлар резервинде (мындан ары – ИКР) жана Улуттук кадрлар резервинде турган, предметтик мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.

Ачык конкурс өткөрүүдө жана ИКР менен УКРде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүүдө  талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого тестирлөө боюнча босоголук маани белгиленбейт.

Буга чейин ачык конкурстун жүрүшүндө аңгемелешүү этабына эң көп балл топтогон талапкер киргизилип келген, баллдар компьютердик тестирлөөнүн бардык этаптары боюнча жыйынтыктарын кошуу жолу менен аныкталчу. Эгерде талапкерлер бирдей сандагы баллды алышса, анда алардын ортосунда кайрадан компьютердик тестирлөө өткөрүлүп, бул сыноо компьютердик тестирлөөнүн бардык этаптарында эң көп упай топтогон талапкер аныкталганга чейин улана берчү. Эми эң көп баллды (сумманы) алган жана белгиленген босоголук мааниден өткөн үчтөн ашык эмес талапкер аңгемелешүү этабына киргизилет. Ар бир талапкер үчүн баллдын суммасы компьютердик тестирлөөнүн бардык этаптары боюнча анын натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталат. Рейтингдин башында турган талапкерлер бирдей балл алышкан учурда, аңгемелешүүгө үчтөн ашык талапкер киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда бул рейтингге кирген бардык талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет. Бирдей сандагы баллды алган талапкерлердин рейтингин эсептөө форматы КР МКК тарабынан аныкталат.

Буга чейин ИКР жана УКРде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүүдө предметтик мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөө боюнча эң жогорку балл алган бир гана талапкер аңгемелешүүгө кирчү. Эгерде талапкерлер бирдей балл алышса, предметтик мыйзамдарды билүүгө эң жогорку балл алгани бир талапкер аныкталганга чейин алардын ортосунда кайталап компьютердик тестирлөө өткөрүлүп келген. Эми аңгемелешүү этабына эң көп баллды (сумманы) алган жана белгиленген босоголук мааниден өткөн үчтөн ашык эмес талапкер киргизилет. Ар бир талапкер үчүн баллдын суммасы компьютердик тестирлөөнүн бардык этаптары боюнча анын натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталат. Ар бир талапкер үчүн баллдын суммасы предметтик мыйзамдарды билүүгө жана талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө боюнча анын натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталат. Мындай учурда аңгемелешүүгө ушул рейтингге кирген бардык талапкерлер киргизилет. Бирдей сандагы баллды алган талапкерлердин рейтингин эсептөө форматы КР МКК тарабынан аныкталат.

5. Талапкерлер менен аңгемелешүү

Аңгемелешүүнү өткөрүү бөлүгүндөгү ченемдер толукталды. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары, алардын келечектеги иши жөнүндө түшүнүктөрү, күткөн максаттары, мотивациясы аныкталат. Бир эле кызмат ордуна талапкерлерге бирдей (окшош) суроолор берилет. Бош кызмат ордун ээлөө маселесине тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо зарыл болгон учурда, кошумча суроолор берилиши мүмкүн. Аңгемелешүү этабында конкурстук комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерди 10 баллдык шкала боюнча баалашат. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө талапкерлердин тизмеси жазылган бланктар берилет, мында комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерди (1 баллдан 10 баллга чейин) баалашат. Талапкердин аңгемелешүүдө алган баллы кошулат жана баллдын суммасын талапкерди баалоого катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен орточо арифметикалык маани чыгарылат. Конкурстук комиссиянын катчысы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана аларды конкурстук комиссиянын кароосуна берет.

Буга чейин конкурстук комиссия бош кызмат ордуна аңгемелешүүгө киргизилген талапкерди дайындоо же анын талапкерлигин четке кагуу боюнча сунуштоо боюнча чечим кабыл алчу. Эми конкурстук комиссия компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү боюнча талапкердин натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталуучу эң көп суммадагы баллды алган талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алат же анын талапкерлигин четке кагат. УКРде турган адамдардын арасынан административдик кызмат орундарынын жогорку тобунун бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүүдө конкурстук комиссия эң көп суммадагы баллды алган талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алат же анын талапкерлигин четке кагат.

Мындан ары кайрадан конкурс өткөрүүдө жана буга чейин конкурстук комиссия эң көп суммадагы баллды алган талапкерди четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, конкурстук комиссиянын бул талапкерди кайрадан четке кагууга укугу жок.

Эгерде талапкерлер бирдей сандагы баллды алышса, алардын арасында кайрадан аңгемелешүү өткөрүлөт, анын жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия тарабынан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерди дайындоого сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алынат.

Жобо дагы бир учур менен толукталды: конкурстук комиссия тарабынан эң көп суммадагы баллды алган талапкерди сунуш кылбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алат.

Конкурстун жол-жоболору өзгөргөнүнө байланыштуу, мындан ары ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча аңгемелешүүгө катышкан жана компьютердик тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн өтүүдө баллдын жалпы санынын 70 пайызынан кем эме балл алган, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган талапкерлер конкурстук комиссия тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервине киргизүүгө сунушталат (бул резервде турган адамдардан тышкары).

Улуттук кадрлар резервин түзүү тартибиндеги өзгөрүүлөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги №162 токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөнүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди.

Практикалык тапшырма УКРге кирүү үчүн конкурстун этаптарынан чыгарылган.

Компьютердик тестирлөө этабында, мурункудай эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө гана эмес, ошондой эле кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого кесиптик жактан маанилүү инсандык сапаттар да аныкталат.

Компьютердик тестирлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарын гана эмес, бүтүндөй Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо үчүн колдонула тургандыгы такталды.

Эгерде буга чейин УКРга кирүү үчүн талапкерлер үчүн мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөө 60 суроону камтыса, эми компьютердик тестирлөөнүн форматы жана суроолордун саны КР МКК тарабынан аныкталмай болду.

Дагы бир маанилүү жагы: талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөөдө босоголук маани белгиленбейт. Талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.

Эгерде буга чейин ишти баалоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунуштамасы боюнча УКРга кирүүгө талапкер кызматчылар конкурсту практикалык тапшырма аткаруу этабынан баштаса, мындан ары бул этап алып салынганына байланыштуу бул кызматчылар конкурсту аңгемелешүүдөн башташат.

Тестирлөөнүн тартибиндеги өзгөрүүлөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги №162 токтому менен бош административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди.

Жобо дагы бир ченем менен толукталды: КР МКК тестирлөөнүн катышуучусунан тестирлөөнүн тартиби жана шарттары боюнча эреже бузуулар тууралуу КР МККга арыз жазганы жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына бир күндүк мөөнөттө маалымдайт.

Муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартибиндеги өзгөрүүлөр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги №162 Токтому менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди, бул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Токтом менен бекитилген.

Дагы бир толуктоо киргизилди: жогору турган кызмат ордуна дайындалган кызматчыга карата жылдык баалоонун натыйжалары, эгерде кызматчы бааланган жылда экиден кем эмес кварталдык баалоо, алардын ичинен баалоо боюнча комиссия тарабынан жылдык баалоонун натыйжалары каралган учурда кызматчы ээлеген кызмат орду боюнча бирден кем эмес кварталдык баалоо болгон шартта, бааланып жаткан жылдын ичинде тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында 6 айдан кем эмес иштеген учурда колдонулат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын апелляциялык комиссиясынын мүчөлөрү – персоналды башкаруу кызматынын кызматкери, этика боюнча комиссиянын өкүлү, алар болбогон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын баалоо боюнча комиссиянын курамына кирбеген кызматкерлери кирет деген толуктоолор кошулду.