Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөт башчыларын жана шаар мэрлерин шайлоо тартиби тууралуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамындагы өзгөрүүлөр

2012-01-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Айыл өкмөт башчысына жана шаар мэрине талаптар такталган (42 жана 48-беренелер).

 

2011-жылдын 30-ноябрында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына айыл өкмөт башчысын же шаар мэрин шайлоо, кызматка киришүү жана иштен бошотуу тартибине байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. 
 
Айыл өкмөт башчысына жана шаар мэрине талаптар такталган (42 жана 48-беренелер). Мындан ары айыл өкмөт башчысы, же шаар мэрине талапкер мамлекеттик же муниципалдык кызматта иш стажына, же болбосо мамлекеттик билим берүү же саламаттыкты сактоо мекемелеринде эң кеми 5 жылдык тажрыйбага ээ болгон КРнын жараны гана болбостон, мамлекеттик  же муниципалдык кызматта эң кеми 2 жылдык (айыл өкмөт башчысы үчүн) жана үч жылдык (шаар мэри үчүн) иш тажрыйбасына, же мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик формасындагы айыл чарба субъекттеринде жетекчи кызматтарда эң кеми үч жыл (айыл өкмөт башчысы үчүн) жана беш жыл (шаар мэри үчүн) иш тажрыйбасына ээ болгон КРнын жараны талапкер боло алат. 
 
Айыл өкмөт башчысынын же мэрдин шайлоонун биринчи айлампасында (43 жана 49-беренелер) шайланбай калышына байланыштуу кырдаалдар эсепке алынды. 
 
Эгерде:
 
• депутаттардын жетиштүү добушуна ээ боло албаган бир гана талапкер катталса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
 
• эки талапкер катталып жана экөө тең жетиштүү добушка ээ болбосо, көбүрөөк добушка ээ болгон бир талапкер боюнча шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Эгерде биринчи айлампада эки талапкер тең депутаттардын бирдей добушуна ээ болсо, кайра шайлоо өткөрүлөт;
 
• экиден көп талапкер катталса жана алардын эч кимиси депутаттардын жетиштүү добушуна ээ боло албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкердин ортосунда экинчи айлампа өткөрүлөт. Эгерде биринчи айлампада талапкерлердин бири көбүрөөк добушка ээ болсо, ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей добушка ээ болсо, көбүрөөк добуш алган бир талапкер боюнча экинчи айлампа өткөрүлөт. Эгерде биринчи айлампада бардык талапкерлер бирдей добушка ээ болсо, кайра шайлоо өткөрүлөт.
 
Эгер депутаттар талапкерлерге караганда “баарына каршы” деген позиция үчүн көбүрөөк добуш берсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.  
 
Эгер шайлоо күнүнө карата бир дагы талапкер катталбаса, же катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
 
Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөт башчысы шайланбай калган күндөн тарта үч күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Жаңы талапкерлер катышкан кайра шайлоону аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоо тууралуу жарыяланган күндөн тарта 15 календардык күндүн ичинде өткөрөт.
 
Эгер кворум чогулбай калып, шайлоо өтпөй калса, Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоону 3 календардык күндүн ичинде белгилейт. Мындай кырдаалда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер ортосунда өтөт.
 
Айыл өкмөт башчысын шайлоону өткөрүүнүн бул беренеде каралбаган тартиби жеригликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
 
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.  Шайланган айыл өкмөт башчысына аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү күбөлүк тапшырылат.
 
Жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сунушталган мөөнөт учурунда шайланбай калса, Президент жергиликтүү кеңешти таркатууну ишке ашырып, тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалат.
 
Премьер-министр тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаңы курамы мэрди дайындаганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт. 
 
Райондун акими айыл өкмөтүнүн жаңы башчысын шайлаганга чейин өзүнүн тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
 
Ошондой эле айылдык кеңеш тарабынан айыл өкмөт башчысынын орун басарын кызматтан бошотуу процедурасына өзгөртүүлөр киргизилди (51-берене):
 
Айылдык кеңеш ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын жыйналышта катышып отурган депутаттардын көпчүлүк добушу менен отставкага кетирүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу, ал чечим маселени биротоло чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысына жиберилет.
 
Айыл өкмөт башчысы жергиликтүү кеңештин айыл өкмөт башчысынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунушун 10 иш күндүн ичинде аткарбаса, айыл өкмөт башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.