Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Элеттиктердин үйүнө таза суу келди

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Элеттиктердин үйүнө таза суу келди

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Чапаев АА.

Чапаев АА 511 үй кожолугу жашаган үч айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 65 км алыстыкта орун алган. Аймакта 2222 адам, анын ичинде 1200 аял (54%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу, бул айылда 23 улуттун өкүлдөрү жашашат. Жергиликтүү бюджет 6,6 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 23 кыймылсыз мүлк объектиси турат. Алар: АӨ имараты, эки мектеп, эки клуб, ФАП, ҮДТ, эки суу алгыч, бир стадион, эки мончо, оорукананын имараты.

КӨЙГӨЙ: суу менен жабдуу системасы 60 жылдан бери оңдолбой келе жатат

Ичүүчү суу менен жабдуу системасы Маловодное айылында 1959-жылы, Спартак жана Ак-Сөөк айылдарында 1962-жылы курулган. Ал эми суу түтүгүнүн жалпы узундугу 27 км. Системада капиталдык ремонт иштери 60 жылдан бери жүргүзүлбөй келгендиктен, суу менен жабдуу системасы дээрлик жараксыз абалга келген. Маловодное айылында суу графикке ылайык бериле баштады: эртең мененден түшкө чейин – айылдын жарымына, түштөн кечке чейин – экинчи жарымына берилет. Ал эми суунун тынымсыз агышын токтотуу максатында иштер жасалганда кээде суу толугу менен келбей калчу. Мындай күндөрү адамдар айылдын четиндеги кудуктан сууну арабага жүктөп алып ташып келүүгө мажбур болчу. Мындан тышкары суу менен камсыздоо системасы каалаган учурда толугу менен иштебей калышы мүмкүн эле.

ЧЕЧИМ: көп тараптуу салымдар жана баскыч-баскычы менен калыбына келтирүү

ЖӨБ органынын алдында көп иш турган. Себеби суу менен жабдуу системасын толугу менен калыбына келтирүү эбегейсиз көп акчаны талап кылган эле. Бирок бара-бара акча табыла баштады. Айталы, 2014-жылы Инвестициялар жана жамааттарды өнүктүрүү агенттиги жооп кайтарып, муниципалитетке 370 000 сом бөлүп берди. Жергиликтүү бюджеттен 30 000 сом кошуп, ЖӨБ органы 80 адамдын катышуусунда чогулуш өткөрүп, анда айылдагы скважинаны калыбына келтирүү иштерин баштоо тууралуу биргелешкен чечим кабыл алынды. Бөлүнгөн каражатка скважинаны тазалап, суу алуучу тосмо орнотулду. 2017-жылы ЖӨБ органы “Ас-Салам” фондунан колдоо таап, аталган фонд 100 000 сом бөлүп берген. Жергиликтүү бюджеттен 60 000 сом, ТСКАКБдан 40 000 сом бөлүнгөн. АКШда иштеп жүрүп, айылынын курч көйгөйүн уккан Эрлан КЕНЖЕБАЕВ аттуу тургундан чоң салым түштү, ал айылына 120 000 сом жөнөткөн.

Чогултулган 320 000 сомго терең насос сатып алынып, бардык бурагычтарды жана клапандарды алмаштырып, суу алуучу имаратты ремонттоп, бардык электр кабелдерин алмаштырып, терең насос үчүн 30 метр түтүк сатып алынган, суу алуучу жайга электр панели орнотулду. Бул иштердин бардыгын айыл тургундары өздөрү жасашты. Жаштардын ичинен он адам жана ТСКАКБнын кызматкерлери 20 күн иштешти. Ошентип, жергиликтүү жамааттын 100 000 сом өлчөмүндөгү эмгек салымы кошулду.

Маловодное айылындагы бул көйгөйдү чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы аймактагы Ак-Сөөк жана Спартак айылдары үчүн үлгү болду. Ошентип, 2018-жылы “Ас-Салам” фонду кошумча 600 000 сом бөлүп берди, жергиликтүү бюджеттен 100 000 сом, ТСКАКБдан 40 000 сом бөлүндү. Жалпы суммасы 640 000 сомго узундугу 1460 метр болгон эски темир түтүктөр жаңы желим түтүкчөлөргө алмаштырылып, суу астына жаңы насос орнотулду, суу алуучу жай да оңдолгон. Жумуш жергиликтүү жамааттын эмгек салымынын эсебинен жүргүзүлүп, бул жолу 150 000 сомду түзгөн.

Чапаев айыл аймагынын АӨ башчысы Жеңиш БАЙСУЛДАЕВ: “Биз ушул кезге чейин суу менен жабдуу системасындагы иштердин жалпы көлөмүнөн болгону 5% гана жасай алдык. Дагы аткарыла турган жумуштардын 95% бар, анткени суу менен камсыздоо тармагынын негизги бөлүгүн – эски темир дат баскан түтүктөрдү алмаштырууга туура келет. Бирок азырынча айына 2-3 жолу тармактан суунун агып чыгышын токтотуу менен убара болуп жатабыз. Ошондуктан алакан жайып отуруп калган жерибиз жок, күн сайын бул маселе менен алектенип, кошумча каражат табуу үчүн фонддорго жана долбоорлорго кайрылып жатабыз. 2500 метрлик суу түтүгүн алмаштырууга жардам берүү өтүнүчү менен “Ас-Салам” фондуна кайрылган элек, учурда фонддун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”.

ЖЫЙЫНТЫГЫ: таза суу элеттиктердин үйүнө келе баштады

Натыйжада бардык үч айылда тең техникалык жана курулуш иштери аяктагандан кийин таза суу күнү-түнү берилип калды. Жашоочулар сууну чака жана фляга менен ташыбай калышты. Көпчүлүк тургундар сууну үйлөрүнө киргизип алышкан, мындан улам кир жуучу машинени, суу жылыткычтарды жана душ орнотууга шарт түзүлдү. Адамдар бириге калып, жардам берүүнү чечишти. Курулуш иштерине акча коротпоо максатында жаштар өздөрү топтолуп, курулушта кимдин тажрыйбасы бар экендигин аныктап, оңдоо иштерин жасап чыгышкан. Көптөгөн жашоочулар кара жумуш жасагандарга ысык тамак жасап берүүнү чечип, 20 күн бою курулушчулар ысык тамак менен камсыз болушту.

Социалдык натыйжалуулугу. Спартак айылынын тургуну Марат ЭДИЛБАЕВ: “2017-жылга чейин суу алган жокпуз, сууну аскер шаарчасынан 500 метр алыстыкка чака жана фляга менен ташып жүрдүк. Ушундан улам үй тиричилиги да түйшүктүү эле, эң оор жүк аялдарга жана кары адамдарга түшчү. Ремонт иштеринен кийин суу үзгүлтүксүз берилип, жашоо жакшы жакка өзгөрдү. Эми биздин үйдө кир жуугуч машина иштеп жатат, душ жана мончо бар”.

Административдик натыйжалуулугу. ЖӨБ органы жергиликтүү жамаатты мобилизациялоо боюнча, каржылоонун ар кандай булактары менен иштешүү тажрыйбасына ээ болду.

ЧЫГЫМДАР

2014-2018-жылдар аралыгында чыгымдар 1 630 000 сомду түздү, анын ичинде АРИСтин салымы 370 000 сом, “Ас-Салам” фондунун салымы 700 000 сом, жергиликтүү бюджеттин салымы 190 000 сом, жергиликтүү тургундун жардамы 120 000 сом, жергиликтүү жамааттын эмгек салымы 250 000 сом болду.

АЛЫНГАН САБАКТАР: Суу менен жабдуу системасын реконструкциялоо маалымат өнөктүгүнөн башталышы керек

Долбоор башталып жатканда маалыматтын жоктугунан адамдар долбоорго жигердүү катышууга умтулушкан эмес. Убакыт өткөндөн кийин гана айылдын тургундары долбоордун маңызы эмнеде экендигин түшүнө баштаганда гана аны ишке ашырууга кошулушкан. Ошондуктан кандайдыр бир долбоорду ишке ашыра баштаардан мурун эл бардык окуялардан кабардар болуп турушу үчүн, адамдар алардын катышуусу канчалык маанилүү экенин түшүнүшү үчүн маалыматтык өнөктүк жүргүзүү керек.