Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жону жука 68 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Жону жука 68 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое АА.

Садовое АА 2 900 үй кожолугу жашаган бир айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 40 км алыстыкта орун алган. Аймакта 10 456 адам, анын ичинде 5378 аял (51,43%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу. Жергиликтүү бюджет 16 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 8 кыймылсыз мүлк объектиси турат. Алар: АӨ имараты, эки мектеп, бир клуб, бир бала бакча, үч суу алгыч.

КӨЙГӨЙ: социалдык шарты начар, аялуу үй-бүлөлөрдүн өз үйү жок

Садовое ААнын аймагында адам көп жашайт. Бул жерде көп балалуу, жону жука үй-бүлөлөр, анын ичинде жалгыз бой энелер жана жесирлер да бар. Жалпысынан расмий социалдык паспорту бар 360 адамдын турак жай алууга мүмкүнчүлүгү жок. Себеби алардын чакан кирешеси балдарды багууга гана кетип калат. Мындан тышкары айылда көп балалуу үй-бүлөлөр да аз эмес, 700дөн ашык адам жеке турак жай куруу үчүн жер участогун алууга кезекте турушат. Бул маселени чукул арада чечиш керек эле, себеби үй-бүлөгө муктаждар күн санап көбөйүп жаткан. Оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн турмуш шартын оңдоо максатында ЖӨБ органы ар кандай чараларды көрүп, аларды азык-түлүк, көмүр, кийим-кече менен камсыздап келген. Бирок ЖӨБ органы турак жай маселесин өз алдынча чече албай жаткан, себеби бул үчүн өтө көп акча керек эле.

ЧЕЧИМ: социалдык турак жайдын курулушу үчүн жер участогун бөлүп берип, инвестор табуу

Садовое айылынын ЖӨБ органы тыштан жардам тартып келүү боюнча иштерди туруктуу жасап турат. Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы да бар. Колдоо көрсөтчү долбоорлор тууралуу жаңылыктарды адатта муниципалитет райондук мамлекеттик администрациянын чогулуштарында алат. Мына ошондой апта сайын өтүп турган чогулуштардын биринде “Ас-Сафа Борбору” кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Уюмдун өкүлдөрү райондун ЖӨБ органдарына эки же анда көп баланы чоңойтуп жаткан жалгыз бой аялдарды, жесирлерди үй менен камсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуш кылган.

Тандоонун жыйынтыгы боюнча долбоордун критерийлерине Садовое айылдык аймагы туура келген. 2018-жылдын июнь айында “Ас-Сафа Борбору” Садовое айылдык аймагынын ЖӨБ органына кайрылып, Москва районунун жана Кыргызстандын башка аймактарынын жону жука үй-бүлөлөрү үчүн социалдык шаарча куруп берүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу үчүн жер участогун бөлүп берүүнү өтүнүшкөн. Ири масштабдагы долбоорду ишке ашыруу үчүн ЖӨБ органы аянты 1,65 гектар жер участогун бөлүп берип, мамлекеттик инстанцияларда, анын ичинде архитектура, өрт, санитардык-эпидемиологиялык органдарда документтерди жол-жоболоштуруу боюнча бардык уюштуруу иштерин өз моюнуна алган. Документтердин топтомун жол-жоболоштурууга кеткен чыгымдын баарын “Ас-Сафа Борбору” көтөргөн.

2018-жылдын сентябрь айында капсуланы салуу салтанаты өтүп, социалдык шаарчанын курулушу расмий башталган. Бардык курулуш иштерин “Ас-Сафа Борбору” каржылады. Ошентип 68 үй-бүлөгө эсептелген 17 көп батирлүү коттедж үйлөр курулган. Шаарчада социалдык объекттер – балдар аянтчасы, ФАП, мечит, дүкөн да кошо курулуп, тигүүчү цех менен күнөскана пландалып жатат.

Социалдык шаарчада үй алууга талапкерлердин баштапкы тандоосун ЖӨБ органы жүргүзгөн. Жону жука үй-бүлөлөрдөн жазуу жана оозеки түрүндө кайрылуулар “Ас-Сафа Борборунун” тандоо комиссиясына берилген. Борбор өз кезегинде өтүнмө бергендердин турмуш шартын текшерип чыккан. Бул текшерүүнүн жыйынтыгы менен комиссия Садовое ААдан 22, Беловодск ААдан 13, Петровка ААдан 7, Биринчи Май ААдан 4, Александровка ААдан 4 жана Кыргыз Республикасынын башка аймактарынан 13 үй-бүлөнү тандап алган.

ЖЫЙЫНТЫГЫ: Көп батирлүү 17 коттеджге 68 үй-бүлө көчүп кирди.

2019-жылдын апрель айында социалдык шаарчанын расмий ачылышы чоң салтанаттуу азем менен коштолуп, 17 коттеджге 68 үй-бүлө көчүп кирген. Үй-бүлөлөргө батирдин ачкычы тапшырылып, ар бир үйдүн эрежеси менен тааныштырып чыгышкан.

Ошентип калктын аз камсыз болгон катмары үчүн турак жай маселеси чечилди. Болгондо да үй менен жергиликтүү тургундар гана эмес, өлкөнүн башка аймактарынын жашоочулары да камсыз болушту. 68 жалгыз бой эне жана алардын балдары өз коломтосуна ээ болушту. Эми алар өз үй-бүлөсүнүн тагдырына сарсанаа болбой калышты. Себеби аларда келечекке болгон үмүт оту жанды. Эми бул жаңы үйлөрдө 289 адам жашап жатат.

Садовое АА айыл өкмөт башчысы Муратбек ДОЛЕТКУЛОВ: “Мен жана мага окшогон көптөгөн адамдар балдарын жалгыз багып жаткан энелерди көрүп боорубуз ооручу. Ошол себептен калктын аялуу катмарынын кайсы бир маселесин чече алганыбыз маанилүү. Бул долбоор көп жагынан уникалдуу болуп турат. Биринчиден, биз кайрымдуулук уюмунун сунушуна ыкчам жооп кайтарып, чогуу-чаран бул долбоорду жигердүү түрдө колдоп бердик. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары эч создуктурбастан жер участогун бөлүп берүүгө макул болушту. Болгондо да айылдын борборунан жер бөлүндү. Экинчиден, биз аймактагы аялдарга гана эмес, өлкөнүн башка региондорунда жашаган аялдарга да жардам бере алдык. Үчүнчүдөн, бир батирди кызматтык деп бөлүп берүүгө инвесторлорду ынандыра алдык. Азыр ошол үйдө медайым жашайт, ал каалаган учурда элеттиктерге алгачкы медициналык жардамды көрсөтө алат. Мурда айылда мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес”.

Садовое айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: “Азыркы заманда үйлүү болуу чындап эле өтө оор. Жаш үй-бүлөлөр батирден батирге көчүп мындан улам үйдө чыр-чатак да көп болуп, көп үй-бүлөлөр ажырашып кетүүдө. Жергиликтүү бийлик чоң иш жасады деп ойлойм. Бул абдан натыйжалуу ыкма болду. Анткени эгерде аянты 1,65 гектар жерди ар жеке турак жай курулушуна бөлүп бергенде 68 үй-бүлөнүн ордун 16сы гана жерге ээ болмок. Биз 68 үй-бүлөгө үмүт бердик. Эми алар “батирдин акчасын кайдан табам”, “качан үйдөн кууп чыгышат” деп санаага батпай калышты.

Социалдык натыйжалуулугу: социалдык шаарчанын жашоочусу Алеся МОМУНТАЕВА: “Менин беш балам бар: бир кыз, төрт уулду тарбиялап жатам. Мен 12 жыл бир батирден экинчисине көчүп жүрүп күн көрдүм. Башымдан эмне гана өткөн жок. Кышында үйдөн кууп чыккандар да болду, бараар жерибиз жок, төлөйүн десе акча жок... Ошондон бери 12 үйгө көчүптүрбүз. Бирок бүгүн абдан бактылуумун. Себеби жергиликтүү бийлик жана инвестор бизди үйлүү кылды. Биз бул үй канчалык ыңгайлуу болгонун көчүп киргенде эле сездик. Балдар жагымдуу шартта уктап, ойгонуп жатышат, мурдагыдай көп оорубай да калышты. Бул үй бизди ар балээден сактайт деп ишенем, биз бактылуу болобуз. Себеби келечегибизден коркпой калдык, жакшы пландар, үмүт, дем пайда болду. Биздин курч көйгөйүбүздү чечип бергендердин баарына терең ыраазымын!”.

Административдик натыйжалуулук: Социалдык маселени чечүү боюнча ишке ашырылган долбоор ЖӨБ органы бир кыйла эле чоң жер участогун бөлүп берүү тууралуу маанилүү, саясий чечимди кабыл алып, мунун натыйжасында балдарын жалгыз тарбиялаган энелердин үй маселесин оңунан чечип бере алганынын үлгүсү болуп калды. Мындан тышкары элеттик ЖӨБ органдарында кадр тартыштыгы бар болгону баарына эле белгилүү эмеспи. Кызматкерлерди шыктандыруу үчүн жеринде шарттарды түзүп бериш керек. Ошондуктан Садовое ААнын ЖӨБ органынын жана “Ас-Сафа Борборунун” чогуу кабыл алган чечими менен бир үй айыл өкмөтүнүн турак жайга муктаж кызматкери үчүн бөлүнүп, ведомстволук үй катары катталды. Эгерде айыл өкмөт аппаратынын кызматкеринде үйгө байланышкан маселе жаралса, ал иштен кетпей, жумушун ушул жерде уланта бериши үчүн кызматтык батирди колдоно алат. Бул үйдө турак жайдан кыйналган айыл өкмөтүнүн кызматкери убактылуу жашап турду. Азыр бул үйдө медайым жашап жатат.

Экономикалык натыйжалуулугу: Бул долбоорго инвестицияны “Ас-Сафа” аттуу араб кайрымдуулук фонду салды. Фондду Бириккен Араб Эмираттарынын шейхи Мухаммад Абдурахман Альшайя мырза негиздеген. Долбоор үй бергенден тышкары жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоо максатын да көздөйт. Социалдык шаарчанын долбоорунда 40 орундуу тигүүчү цехти, 50 кишини жумуш менен камсыздай турган 3,5 гектар күнөскананы куруу пландары бар. Бул цехте жана күнөсканада үйлүү болгон аялдар иштейт. Документтер даяр болгондуктан ушул жылы курулуш иштери да башталат.

ЧЫГЫМДАР

Чыгымдардын жалпы суммасы белгисиз, себеби долбоор араб фондунун колдоосу менен ишке ашырылган, ал эми анын өкүлдөрү муктаждарга ыктыярдуу жардам берүү боюнча ислам принциптерин сактагандыктан жумшаган акчаны ачыкка чыгарышпайт. Социалдык шаарчанын курулушуна болжол менен 100 миллион сомдон ашык акча жумшалган болушу ыктымал.

АЛЫНГАН САБАКТАР: Башкы планда муниципалдык жерлердин катаал максаттуу багыттарынын ордуна, муниципалитетти ийкемдүү жол менен кетүүгө шарт түзгөн укуктук зоналоону киргизиш керек

Садовое айыл өкмөт башчысынын орун басары Николай МОИСЕЕНКО: “Социалдык шаарчанын курулушун баштап жатканда бир маселеге туш болдук: инвесторго жаккан жерлер спорттук-ден соолук чыңдоочу объекттеринин курулушуна гана берилери белгилүү болду. Натыйжада ал жерлердин максаттуу багытын өзгөртүү маселесин чечүүгө туура келди. Мамлекеттик долбооорлоо институтуна кайрылып, Садовое ААнын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү иштери өтө көп убакытты жана дыкат даярдыкты талап кылды. Башкы план мынчалык катаал болбошу керек. Кээде муниципалдык жерлерге киргизилген катаал максаттуу багыттарынын ордуна укуктук зоналоо гана жетиштүү болот экен. Мейкиндикти пландоого карата мамиле өзгөрүшү керек деп ойлойм. Ал ЖӨБ органына бут тоспостон, өз аймагын өнүктүрүүгө кол кабыш болууга тийиш”.