Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Натыйжалуу көчө жарыгы: ЖӨБ органдары менен жашоочулар ортосундагы жоопкерчилик бөлүштүрүлдү

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Натыйжалуу көчө жарыгы: ЖӨБ органдары менен жашоочулар ортосундагы жоопкерчилик бөлүштүрүлдү

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Биринчи Май АА.

Биринчи Май АА 3384 үй кожолугу жашаган бир айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 4 км алыстыкта орун алган. Аймакта 9677 адам, анын ичинде 5015 аял (51%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу, бул айылда 49 улуттун өкүлдөрү жашашат. Жергиликтүү бюджет 24 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 26 кыймылсыз мүлк объектиси турат. Алар: АӨ имараты, эки мектеп, бир клуб, эки бала бакча, бир ҮДТ, бир социалдык жай, сегиз суу алгыч, бир китепкана, бир мечит, 8 жер участогу.

КӨЙГӨЙ: көчөлөр караңгы жана кооптуу

Биринчи Май аймагы бир айылдан эле турат, бирок анын ичиндеги көчөлөрдүн саны 74кө жетет. Ошол эле маалда ондогон борбордук көчөлөрдөгү жарык СССР маалынан бери жаңыра элек болчу. Акыркы 30 жыл ичинде жарыктандыруу системасы талаптагыдай деңгээлде каралбагандыктан бул көчөлөр да караңгы болуп калган. Мындан улам жашоочулар таң эрте жана кеч кирээр замат ыңгайсыздык сезишчү. Элеттиктер бири-бирине конокко барганда, сейилдеп басканда кооптонуп, спорт менен алектене албай, окуучулар кечинде үйгө кайтканда тилин тишине кыпчып келишчү. Улуулар балдары, жакындары үчүн кооптонсо, жаш энелер, спортчулар жана жаштар кечинде бош убактысын кенен өткөрө албай, каалашынча чуркай албай кыйналчу. Кылмыштуулуктун да деңгээли жогору болуп, мал уурулугу күч алган. Көчөлөр караңгы болгондуктан жыгылып, бутун кокустатып алгандар да аз эмес эле. Жол кырсыктары да болуп турчу, бир жолу мындай кырсык адам өмүрүн алып кетти. Ушундай кырдаал жергиликтүү бийликке жана жалпысынан мамлекетке карата кыжырдануу сезимдерин жараткан. Ошол себептен бул көйгөйдү чукул арада чечиш керек эле.

2016-жылдан тартып аймактын ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы боюнча коомдук угууларды өткөрүп, жергиликтүү элдин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктай баштады. Көчөлөрдү жарыктандыруу көйгөйүн чечүү тууралуу элдин өтүнүчүнө бийлик бюджеттеги каражат башка, бирок маанилүү инфраструктура үчүн жумшаларын айтчу. Мисалы, социалдык объекттердин (бала бакчалардын, мектептердин), эски жолдордун капиталдык жана күнүмдүк ремонту, суу түтүктөрүн алмаштыруу, таза суу жеткирген сегиз скважинанын ремонту, стационардык таштанды полигондорду жана контейнерлерди орнотуу өңдүү иштерден эле акча артпай калчу.

ЧЕЧИМ: Чыгашалар жана жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жашоочулардын ортосунда бөлүштүрүлдү

2019-жылдын июль айында бюджеттин долбоору боюнча кезектеги коомдук угууларга 98 адам катышып, айыл өкмөтү сурамжылоо жүргүзгөн. Анда ар бир катышуучуга өз көчөсүндөгү көйгөйдү жазып берүүнү өтүнүшкөн. Комиссия добуштарды эсептеп чыгып, сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча көчөлөрдүн жарыктандыруусу айылдагы башкы көйгөйлөрдүн сап башына чыккан. Талкуу маалында жергиликтүү эл мындай чечимди сунуш кылды: ЖӨБ органы прожектор лампаларын, реле жана зымдарды сатып берет, андан кийин бул жабдуулар ар бир айылдын кварталчыларына жана активисттерине берилет. Алар көчөнүн жашоочулары менен өз алдынча орнотуп, туташтырып, колдонулган электр энергиясы үчүн акыны өз убагында төлөп, лампаларын алмаштырып турмай болушат.

Чыгымдарды эсептеп чыккандан кийин ЖӨБ органы бул тапшырманы аткарууга киришти. Жергиликтүү кеңештин депутаттары бюджетти бекитип беришти. Бул бюджетте көчөлөрдү жарыктандырууга 1 611 645 сом каралган эле. Буга кошумча 2019-жылдын декабрь айында Биринчи Май аймагынын “Көчөлөргө жарык орнотуу” долбоору Чүй өнүктүрүү фондунун конкурсун утуп алып, 486 927 сом көлөмүндө грантка ээ болду. Ошентип, жалпы суммасы 2 111 645 сомго 750 прожектор лампасы, 24 0000 метр зым жана 450 реле сатып алынган. Бул жабдууларды айылдын 12 кварталчысына таратып беришти. Алар болсо өз кезегинде прожекторлорду орнотуу максатында 10 электрмонтажчыны жалдашты. Булардын эмгек акысы үчүн жергиликтүү жамаат 375 000 сом өлчөмүндө акча чогултуп берген.

ЖЫЙЫНТЫГЫ: аймактын 70 пайыздан ашык көчөсүнө жарык келди

Натыйжада Биринчи Май ААнын Ак-Суу айылындагы 54 көчөдө электрбетон устундарга 750 прожектор лампасы жана 450 реле орнотулуп, 24 км зым өткөрүлгөн. Айылдын тургундары өз эсебинен колдонулган электр энергиясын тейлөөгө, алмаштырып турууга акча чыгарып турушат. Ошентип, аймактын 70 пайызына жарык келди. Айылдын жашоочуларынын көңүлү тынчып калды. Алар келген конокторго, досторуна жана туугандарына айылдагы жашоо шаардан эч айырмаланбай калганын сыймыктанып айтып жатышат. Чогулуштарда жана коомдук угууларда жарык маселеси такыр көтөрүлбөй калды. Бирок ЖӨБ органы 2021-жылы аймактын калган 20 пайызына да жарык жеткирүүнү пландап жаткан чагы.

Биринчи Май ААнын айыл өкмөт башчысы Асылбек БАКИРОВ: “Эң негизгиси – элдин ыраазы болгону. Жайында балдар кеч кирсе да ойноп, чоңдор өзүн коопсуз сезип, жаш курагына карабай баары каалаган маалда спорт менен алектенип калганы, жол кырсыктарынын азайганы, кылмыштуулуктун, өзгөчө уурулук көрүнүштөрүнүн азайганы, Тез жардам машинелери өз убагында оорулуунун дарегин таап барганы абдан кубандырууда. Жалпысынан адамдардын маанайы көтөрүлүп калды. Элде ЖӨБ органына болгон ишеним да көбөйдү. Ал эми ишеним канчалык көп болсо, бизге да иштегенге жеңил болот да. Эң негизгиси – эл айылдын көйгөйлөрүнө көбүрөөк кызыгып калды, мурдагыга караганда байланыш түзүү оңой болуп, кайсы бир маселелерди өз алдынча да чечип калышты”.

Айыл тургуну, пенсионер Тынчтыкбек КУРМАНАЛИЕВ: “Төрт неберем бар, аларды кышында эртең менен мектепке узатып чыгам. Себеби ата-энеси таң атпай жумушка кетишет да. Балдар эмес, жада калса биз, чоңдор да караңгы көчөлөрдү бойлоп баскандан коркчубуз. Эми болсо балдар мектепке өздөрү эле барышат, түн бир оокумга чейин ойноп жүрө беришет. Биз болсо үйдүн жанында чогулуп, кошуналар болуп чогуу убакыт өткөрөбүз. Уурулук тууралуу да укпай калдык. Жалпысынан жашоо оңолду, коноктор да каалаган учурунда келип, аларды узатып чыккан да, сейилдеп баскан да жыргал болуп калды. Биздин айыл шаардан эч айырмаланбайт – көчөлөр жарык жана ыңгайлуу. Бизге кам көргөнү үчүн жергиликтүү бийликке батамды берем”.

Социалдык натыйжалуулугу: Долбоор ийгиликтүү ишке ашкандыктан жергиликтүүлөр да “ойгонгондой” болушту. Алар айылдын башка көйгөйлөрүн чечүү максатында ар кандай демилгелерди көтөрө башташты. Мисалы, өз күчү менен үч балдар аянтчасын куруп, тегерек четин тосуп чыгышты.

Административдик натыйжалуулугу: ЖӨБ органы жарандар менен иш алып баруунун сурамжылоо жүргүзүү өңдүү жаңы аспабын киргизди. Бийлик жергиликтүү жамаатты бириктиргенден тышкары, өзүнө болгон ишенимди да арттыра алды.

Экономикалык натыйжалуулугу: Айылдын 54 көчөсүнүн жашоочулары акча чогултуп, прожекторлорду орнотуу боюнча жумуштарга акчаны өз чөнтөгүнөн чыгарышты. Мындан тышкары электр энергиясын жеткирүү боюнча тейлөө кызматтарына кеткен чыгымды да өздөрү көтөрүүдө. Жарыктын үзгүлтүккө учурабашына өздөрү кызыкдар болгондуктан, электр жарыгы үчүн акыны да кечиктирбей, өз убагында төлөп жатышат. Автоматтык реле болсо жарыкты күндүз өчүрүп, энергияны үнөмдөөдө.

ЧЫГЫМДАР

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кеткен чыгашалардын жалпы суммасы 2 473 572 сомду түздү. Анын ичинде жергиликтүү бюджеттен 1 611 645 сом, Чүй өнүктүрүү фондунан 486 927 сом бөлүнсө, элдин акчалай салымы 375 000 сом болду.

АЛЫНГАН САБАКТАР: жабдуу сапаттуу жана жаңы болушу керек, бул иште үнөмдөөгө болбойт

Биринчи Май ААнын айыл өкмөт башчысы Асылбек БАКИРОВ: “Башында биз кол менен өчүрүлүп-күйгүзүлчү жөнөкөй жабдууну орнотконбуз. Бирок адам факторун эстен чыгарган экенбиз – дайыма кимдир бирөө жарыкты убагында өчүргөндү унутуп калат. Ошол себептен биз реле орнотуп, ал күн чыгаар замат жарыкты автоматтык түрдө өчүрөт. Бул релени биз азырынча көчөлөрдүн жарымында гана орноттук. Бирок бара-бара бардык жерде алмаштырылат. Бардык муниципалитеттерге көчөлөрдү жарыктандырууда ушул фактыны эстен чыгарбоо кеңешин беребиз. Өзгөчө колдонулган жарык үчүн жергиликтүү бюджет төлөгөн учурда бул акчаны абдан үнөмдөйт”.