Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Согуштун каарманы, Баткен окуясынын катышуучусунун элесине арналган футбол таймашы

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Согуштун каарманы, Баткен окуясынын катышуучусунун элесине арналган футбол таймашы

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Предтеченка АА

Предтеченка АА 464 үй кожолугу жашаган эки айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 60 км алыстыкта орун алган. Аймакта 2 324 адам, анын ичинде 1 146 аял (49%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу. Жергиликтүү бюджет 4,9 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 14 кыймылсыз мүлк объектиси турат.

2000-жылдын сентябрь айында Чаткал районунун аймагында ИИМдин атайын багыттагы бөлүгүнүн аскерлери менен террорчулар тобунун ортосунда катуу кармаш орун алган. Жети адамдан турган согушкерлер тобу жайлоодо малчынын үй-бүлөсүнүн үстүнөн түшүп, тамак талап кылган. Үйдүн кожоюну аялын күч кызматкерлерине жиберүүгө үлгүргөн. Ошентип террорчуларды жок кылууга ИИМдин атайын багыттагы жоокерлери жөнөп кеткен. Жоокерлер согушкерлерди курчоого алып, колго түшүп беришин талап кылышкан. Буга жооп катары согушерлер ок жаадырган. Төрт саатка созулган кармаштан кийин террорчулар толугу менен жок кылынган. Бирок атайын багыттагы жоокерлердин экөө набыт болуп, дагы экөө жараат алган. Согушкерлердин колунан өлгөн жоокерлердин бири – милициянын улук сержанты, Предтеченка айылынын тургуну Мирдин ТҮГӨЛБАЕВ болчу.

ТҮГӨЛБАЕВ Мирдин Жекшенович 1976-жылы туулган. Анын ата-энеси Жекшен жана Мунара Түгөлбаевдер дыйкандар. 1994-жылы Мирдин Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө аскердик кызматын өтөөгө чакырылып, кызмат өтөп жаткан маалда үлгүлүү жүрүм-туруму жана аскердик кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн Ардак грамотасы менен сыйланган. 1996-жылы аскердик кызматын өтөп келгенден кийин Москва районунун ички иштер органдарына кирип, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен ИИМдин инспектор-кинолог кызматына дайындалган. 2000-жылдын 20-августунда Мирдин террорчуларды жок кылуу үчүн Баткен облусуна өз ыктыяры менен жөнөп кеткен. Согушкерлер менен кармашта аскердик милдетин аткарып жатканда, 2000-жылдын 11-сентябрында баатырдык менен көз жумган. Согушкерлерди жок кылууда көрсөткөн эрдиги үчүн 2001-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен милициянын улук сержанты ТҮГӨЛБАЕВ Мирдин Жекшенович “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Мирдиндин классташтарынын, кызматташтарынын жана Предтеченка айылынын тургундарынын демилгеси менен Мирдин Түгөлбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу тууралуу чечим кабыл алынган: анын ысымы ата-энеси жашаган көчөгө ыйгарылган. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жана коомчулуктун өтүнүчү менен Предтеченка орто мектебине кайраттуу сержанттын ысымы ыйгарылып, эстеликтин обелискине аты чегерилген. Жаш муунда патриоттуулук духун тарбиялоо максатында мектептин аймагында музей ачып, Москва районунун жашоочулары арасында жыл сайын М. Түгөлбаевдин элесине арналган футбол турнирин өткөрүп туруу чечими кабыл алынган.

ЧЫГЫМДАР

Жылдык турнирди өткөрүүгө кеткен чыгымдардын жалпы суммасы 60 000 сомду түзөт. Мунун ичинен жергиликтүү бюджеттен 10 000 сом бөлүнөт, ал эми “Чекир-Суу” айыл чарба кооперативинин салымы 30 000 сомду, классташтарынын салымы 20 000 сомду түзөт. Таймашты өткөрүү үчүн каражатты негизинен демөөрчүлөр беришет. Турнирди жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырып турушат.

Социалдык натыйжалуулугу

Турнирдин жыл сайын өткөрүлүп турганы жергиликтүү футбол командаларын өнүктүрүүгө түрткү болуп, жаштар арасында сергек жашоого үгүттөп турат. Жыл сайын турнирге атайын бөлүктүн жоокерлери, М. Түгөлбаев кызматын өтөгөн аскер бөлүгүнөн жоокерлер келип, машыгууларды көрсөтүп беришет. Муну айылдын улуу да, кичүү да мууну чоң кызыгуу менен көрүшөт. Мындай жолугушуулар жаңы муунда патриоттуулук сезимин тарбиялоонун мыкты ыкмаларынын бири болуп калды.

“Чекир-Суу” СПА төрагасы Самед РАГИМОВ: “Каза болгон жоокердин элесине арналган футбол турнирин өткөрүү идеясын кош колдоп кубаттадым. Анын ата-энеси – Жекшен жана Мунара Түгөлбаевдер эмгек жолун “Москва” совхозунда баштаган эле. Бул совхоз азыр мен жетектеп жаткан “Чекир-Суу” Суу колдонуучулар ассоциациясына айланган. Мирдин Түгөлбаевдин үй-бүлөсүн баары сыйлашат, алар үлгүлүү баланы тарбиялай алышты. Ошол себептен баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу идеясын колдодум. “Чекир-Суу” жылдык фубтол турнирин өткөрүүгө туруктуу түрдө демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп келатат.

Жоокердин атасы Жекшен ТҮГӨЛБАЕВ: “Мен 20 жылдан бери уулумду унутпай, арбагын сыйлап келе жаткан адамдардын баарына терең ыраазымын. Жыл сайын футбол жана көк-бөрү боюнча турнирлер өтүп турат. Уулумдун ысымы Предтеченка орто мектебине ыйгарылган, Баатырлардын аллеясында эстелиги тургузулган, мектепте Баткен окуяларынын музейи ачылган, биз жашаган көчөгө ысымы берилген. Бул үчүн үй-бүлөбүздүн атынан терең ыраазычылыгымды билдиргим келет”.

М.Түгөлбаев атындагы орто мектептин директору Ольга ШАШКИНА: “Бул окуя – каармандыктын сабагы, ошондой эле Мекенине берген антты сактоонун чоң үлгүсү. Биздин окуучубуз өз милдетин аткарып жатканда жанында ити да бар болчу. Мирдин көз жумганда куткаруучулар келгенге чейин ити бир карыш жылбай ошол жерде турган экен. Ошондон кийин ит эч бир инспектор-кинолог менен иштешкиси келбей койгондуктан аны эс алууга жиберишкен. Биз итти “Предтеченканын Хатикосу” деп атап алганбыз. Бул ит да кожоюнуна болгон берилгендиктин чоң үлгүсү”.

Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы Султан АЛЫГУЛОВ: “Мекенинин чек арасын коргойм деп өмүрүн садага чапкан каарман биздин айылда өсүп чоңойгону үчүн абдан сыймыктанабыз. Мирдин Түгөлбаевди мектепте окуп жүргөндө эле таанычумун. Ошол кезде эле ал демилгелүү, жоопкерчиликтүү бала болчу. Ал спорт (күрөш) менен алектенип, жүзү жарык, эч ким менен урушпаган, оор кырдаалда жардамга умтулган адам эле. Мүнөзү токтоо, абдан адилеттүү, өз өлкөсүнүн патриоту болчу. Жалпыга маалымдоо каражаттарында биздин каарман тууралуу маалымат аз экени өтө өкүнүчтүү. Анын ысымын республиканын булуң-бурчунда жашагандар билишин каалайт элек”.