Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ирригациялык системага капиталдык ремонт жасалгандан кийин дыйкандардын түшүмү 30 пайызга көбөйдү

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Ирригациялык системага капиталдык ремонт жасалгандан кийин дыйкандардын түшүмү 30 пайызга көбөйдү

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка АА.

Петровка АА 2867 үй кожолугу жашаган үч айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 50 км алыстыкта орун алган. Аймакта 11 987 адам, анын ичинде 6097 аял (51%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу, бул айылда 26 улуттун өкүлдөрү жашашат. Жергиликтүү бюджет 16 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 19 кыймылсыз мүлк объектиси турат. Алар: АӨ имараты, үч мектеп, эки клуб, эки ФАП, бир ҮДТ, беш суу алгыч, бир китепкана, бир мечит, чакан футбол аянты жана жер участогу.

КӨЙГӨЙ: ирригациялык системанын бузулушу түшүмдү жоготууга алып келди

СССР маалында колхоздун көзөмөлү алдында бүгүнкү Петровка ААнын аймагында бардык ирригациялык системалар сааттай эле иштечү – бардык скважиналардан суу чыгып, лоток системасы үзгүлтүккө учурабай, жерлер өз убагында айдалып турчу. Бул чөйрөдө элге кызмат көрсөтүү сапаттуу жеткирилип, сугат суу бардык жерге жетип, бул тынымсыз көзөмөлдөнүп, мунун натыйжасында түшүм да жакшы болчу. 1990-жылдан 2010-жылга чейинки мезгил аралыгында ирригациялык система талкаланып бүткөн: 36 насос станциясынын ичинен болгону сегизи иштеп, лоток системасы толугу менен талкаланып, ирригациялык каналдар ылай-баткакка толуп калган. Мурда бир чоң колхоз 700 дыйкан чарбасына бөлүнүп кеткендиктен жерди которуштуруп айдоого көзөмөл жасалбай калган. Бул болсо өз кезегинде сугат сууга болгон керектөөгө да таасирин тийгизип, айыл чарба продукциясынын түшүмүнө зыян келе баштаган. Мындай жагдай жалпы аймактын экономикалык өнүгүүсүнө бут тосту.

2008-жылы ЖӨБ органы Суу пайдалануучулар ассоциациясы (мындан ары – СПА) менен ушул көйгөйдү чечүүгө аракет кылган. Жергиликтүү бюджеттен 200 000 сом бөлүнүп, бул акча эки километр ирригациялык каналды механикалык түрдө тазалоого гана жеткен. Жыл сайын СПА өз бюджетинде каналды жарым-жартылай оңдоп турууга чоң акча караштырганы менен, бул чаралар негизги көйгөйдү чече алган эмес. Ал эми сугат суунун саны аймактагы элдин муктаждыгын толук канааттандыра албай турду.

ЧЕЧИМ:

Ирригациялык система өңдүү актуалдуу маселени чечүү үчүн ЖӨБ органы СПА менен биргеликте финансы каражатын жигердүү түрдө издей баштады. Акыры бул аракеттер жемишин берип, 2017-жылы аларга Суу чарба жана мелиорация департаменти (мындан ары – Департамент) кол сунду. Департмент айыл чарба продукциясын жана тамактанууну жакшыртуу боюнча Дүйнөлүк Банктын долбоорун аткарып жаткан эле. Петровка ААнын ЖӨБ органы СПА менен чогуу “Петровка ААнын сугат системасын калыбына келтирүү” деп аталган өтүнмөнү берген. Ошентип жалпы суммасы 94 млн. сомду түзгөн бул долбоор колдоо тапкан. Бирок долбоорду баштоо үчүн масштабдуу иштерди жасоого жергиликтүү жамааттын макулдугу керек эле. Айыл өкмөтү жана СПА биринчи кезекте беш айылдык чогулуш өткөрүп, ага майда чарбачылыктар, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Департаменттин жана Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү болуп, жалпысынан 350гө жакын адам катышкан. Чогулушта долбоор абдан жакшы талкуулангандыктан дыйкан чарбаларынын бул долбоор пайда алып келерине көзү жетти. Ошентип, Петровка ААда бул долбоорду ишке ашыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.

Натыйжада Департамент, СПА жана ЖӨБ органы ортосунда үч тараптуу келишим түзүлгөн. Анын негизги шарты – бөлүнгөн каражаттын 25 пайызын кайтарып берүү болду. Тагыраак айтканда, СПА 7 жылдын аралыгында 23 миллион сомду кайтарып берүүгө милдеттүү болчу. Мында ЖӨБ органы кепил катары чыкты.

Долбоор аткарчу тапшырмалардын бири – айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу болчу. Бул тапшырманы Департамент аткарды. Ал тендер өткөрүп, 2018-жылдын март айынан баштап подрядчыны жалдап, ирригациялык каналдарды калыбына келтирүүгө киришкен. 2021-жылдын башына карата жумуштардын 80% бүттү, каналдын 9 километри тазаланды, каналдын 17 километринин бетон бети толугу менен оңдолуп, 256 темир-бетон Г-блок, 104 суу чыгаруучу жана бөлүштүрүүчү курулма, 23 түтүк өтмө орнотулду. Ремонт иштери толугу менен 2021-жылдын март айында бүтөт деп пландалууда.

ЖӨБ органына жана СПАга жүктөлгөн дагы бир милдет – механизациялоонун деңгээлин жакшыртуу жолу менен сугарылган жерлердин айыл чарбалык өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү. Бул тапшырманы аткаруу үчүн тендер аркылуу, сатып алуулар тууралуу мыйзамдарга ылайык 2020-жылы жалпы суммасы 2 млн. 233 миң сомго атайын техника – МТЗ-82 трактору, суу чачкыч, фрезерчи-доминатор сатып алынды.

ЖЫЙЫНТЫГЫ: дыйкан чарбасынын түшүмү 30 пайызга көбөйдү, дан жана май өсүмдүктөрү дагы да кирешелүү жемиш жана бакча өсүмдүктөрүнө алмаштырылды

Узундугу 17 километр болгон, оңдолгон сугат каналдары дыйкан чарбасынын түшүмүнө он таасирин тийгизди. Эми сугат суу дыйкан чарбаларынын талаасына жана айылдык аймактын элине өз убагында жана сапаттуу түрдө жеткирилип жатат. Мурда суу эски каналдарда жоголуп кеткендиктен сугат суу бир күндө араң жетчү. Эми болсо суу 2-3 саатта эле келип калат. Жаңы атайын техника оңдолгон каналдарды өз убагында тазалап кеткендиктен, булганбай калды. Айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгү 30 пайызга көбөйдү. Көпчүлүк дыйкан чарбалары жерди которуштуруп айдоонун эрежелерин сактап, кирешеси көбүрөөк болгон жемиштерди өстүрүүгө өтүп калды. Мурда дыйкан чарбалары негизги басымды дан жана май өсүмдүктөрүнө жасап келсе, эми анын ордуна рентабелдүү жемиш жана бакча өсүмдүктөрү келди. Долбоордон түз пайданы 300 дыйкан чарбасы жана 700 короо – жалпысынан 5000ге жакын адам көрүп жатат.

ЧЫГЫМДАР

Дүйнөлүк Банктын салымы 94 миллион сомду түздү (алардын ичинен 23 миллион сом кайтарылышы керек). 2021-жылдын башында бул акчанын 74 миллион сому сарпталды. СПАнын иш жүзүндө салымы 233 000 сомду түздү.

Социалдык натыйжалуулугу. Бул долбоор жергиликтүү жамаатты шыктандыра алды. Жергиликтүү тургундар ЖӨБгө ишеним артып, коомдук иш-чараларга, чогулуштарга жана жыйындарга жигердүү катыша башташты. Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча сунуштардын көбү жаштардан түшүп жатат. Петровка АА айыл өкмөт башчысы АСТАРОВ Данияр: “Жер участокторунун колдонуучулары, бул – аймактын бардык жашоочулары, талап кылынган көлөмдө сугат сууга жетип калышты. Суу келген убакыт да кыскарды. Талаа иштери күчөп турган маалда адамдар кезек-кезеги менен сугара баштаганда суунун тартыштыгынан улам чыр-чатак чыкчу. Эми болсо биз бул чөйрөдөгү кызматтарды сапаттуу түрдө көрсөтүүдөбүз. Негизги тапшырманы (сугат системасынын капиталдык ремонту) аткаргандан тышкары биз башка дагы максатты көздөгөнбүз – жергиликтүү жамаатты маселени чечүүгө тарткыбыз келген. Менимче, биз бул тапшырманы аткара алдык. Чогулуштарда бул көйгөйдү чогуу чечүү зарылдыгы тууралуу маалыматты жеткирип отуруп, адамдарды бириктире алдык. Биз иш жүзүндө инвесторлорду тартып, алар менен иштешкенди үйрөндүк”.

Экономикалык натыйжалуулугу. 5 минден ашык адам жакшы сугарылган жерлерде дагы да кирешелүү айыл чарбасын жүргүзүп, өзүнүн экономикалык абалын оңдой алды. Дыйкан чарбасынын башчысы Виталий РАПИЕВ: “Мурда сууга зар болчумун, июнь айынан августка чейин бири-бирибиз менен тынбай урушчубуз, суу талашчубуз, талаа кургап, эмгегибиз жерде калчу. Камыштарды жок кылып, каналды тазалагандан кийин суу өз убагында, толук келе баштады. Көпүрө, өткөрмө жолдорду куруп, заставаларды орноттук. Эми өтүнмөгө канча суу керектигин жазсаң, ошол көлөм келет, болгондо да кечикпей жетет. Азыр эч кандай маселе жок, каалаган нерсебизди өстүрө алабыз, бул болсо бизге окшогон дыйкандар үчүн абдан пайдалуу да”.

Административдик натыйжалуулугу. ЖӨБ органы жергиликтүү жамаат менен тыгыз иштешкенди, алардын пикирине кулак төшөп, жүйөлүү сунуштарын кабыл алганды, элди айылдын көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүгө тартканды үйрөндү. Жерге орноштуруучунун милдетин аткаруучу Алмаз КОЙКЕЕВ: “Мен тендер өткөргөндү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштегенди үйрөндүм. Ошондой эле көптөгөн тажрыйбалуу адамдар, түрдүү муниципалитеттердин СПА директорлору менен таанышып, ишимди пландаганды үйрөндүм. Бул долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында көп жерге суу жетип, бул айыл чарба продукциясынын көлөмүнө жана сапатына абдан чоң таасирин тийгизип, жерлер өз убагында айдалып жатат”.

АЛЫНГАН САБАКТАР: монолит бетонго караганда темир бетон чапталма лотоктор жакшы экен

Жерге орноштуруучунун милдетин аткаруучу Алмаз КОЙКЕЕВ: “Эгерде долбоор жаңыдан башталганда мен монолит бетондун ордуна темир-бетон лоток орнотууну сунуш кылмакмык. Анткени ал эксплуатациялоо мөөнөтүн бир кыйла узартат экен. Ошондой эле айылдык аймакта сурамжылоо жүргүзүп, бул долбоорду ишке ашырууга макулдугун сурамакмын. Ар бир дыйкан чарбасы менен жекече макулдашып чыкканча өтө көп убакыт коротуп алдык”.