Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көз коркок, кол баатыр: ЖӨБдүн жана жамааттын күчү менен имарат кантип бала бакчага айланды?

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Көз коркок, кол баатыр: ЖӨБдүн жана жамааттын күчү менен имарат кантип бала бакчага айланды?

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сретенка АА.

Сретенка АА 1118 үй кожолугу жашаган үч айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 60 км алыстыкта орун алган. Аймакта 5293 адам, анын ичинде 2621 аял (50%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу, бул айылда кыргыздар, өзбектер, орустар, тажиктер, түрктөр, татарлар, азерилер ж.б. жашашат. Жергиликтүү бюджет 7 млн. 463 миң сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 13 кыймылсыз мүлк объектиси турат. Алар: АӨ имараты, бала бакча, үч мектеп, эки клуб, ФАП, ҮДТ, карылар үйү, социалдык жай, суу алгыч, эки китепкана.

КӨЙГӨЙ: айылда бала бакча жок

Сретенка айылдык аймагы СССР кулагандан кийин ири жана бай “Россия” колхозунун базасында түзүлгөн. Колхоз калктын 90% жумуш менен камсыз кылган, адамдар бакубат турмушта жашачу. Ошол мезгилде колхозчулардын балдары тарбияланган үч бала бакча иштечү. СССР кулагандан кийин адамдар мүлкүн жана жер үлүштөрүн бөлүштүрө баштаган. Колхоздун мүлкү менчиктештирилип, адамдар иш издеп башка өлкөлөргө кете баштады, жумушсуздук маселеси курч турган эле. Бирок айрымдар "Россия" дыйкан чарбаларында ишин уланта берген. Колхоз жоюлуп кеткендиктен бала бакчалар да жабылган. Себеби аларды мурда колхоз карачу. Убакыттын өтүшү менен пайдаланылбай жаткан бала бакчанын имараттары талкаланып, жок боло баштады. Алардын бири Тажикстандан келген качкындарга турак жай катары берилсе, экинчиси мектеп мугалимдерине үй катары берилген. Ал эми үчүнчүсү Сретенка ААнын ЖӨБ органдарына муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген. Кийин бул имаратта башталгыч мектеп ачылган. Натыйжада 2009-жылга чейин айылда бир дагы бала бакча болгон эмес. Ошол жылы мектептин бир канатын 20 орундуу бала бакча кылып өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок бул чечим көйгөйдү чече алган жок, орундар дагы эле тартыш болчу. Балдарын караарга киши жок, көптөгөн ата-энелер ишке чыга албай үйдө отурууга мажбур эле. Качкындардын – Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын, көпчүлүгү көп балалуу үй-бүлөлөрдүн агымына байланыштуу мектепке чейинки курактагы балдардын санынын кыйла көбөйүшү кырдаалды курчутту. Бала бакчанын жоктугу өтө курч көйгөйгө айланды. Ар бир чогулушта тургундар бала бакча маселесин эң артыкчылыктуу деп атап, чукул арада чечүүнү талап кылышчу. Бирок ЖӨБ органдарында баш чайкагандан башка айласы жок эле. Себеби айылдык аймак дотацияда турат, бала бакчаны ачуу үчүн финансы ресурстары такыр каралган эмес.

ЧЕЧИМ: имаратты муниципалдык менчикке өткөрүп алып, демөөрчүлөрдүн, ЖӨБдүн жана жамааттын күчү менен калыбына келтирүү

2012-жылы “Россия” бириккен дыйкан чарбасынын кеңсе имараты сатыкка коюлгандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Имарат салыштырмалуу жаңы эле, 1979-жылы курулган, эки кабаттуу, аянты 320 м2, чектеш аймагы да чоң. Адамдар жамаатта бала бакча маселеси курч турган чакта имарат бөтөн бирөөнүн колуна түшүп калышы мүмкүн деп кооптонгон. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын жана “Россия” бириккен дыйкан чарбасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын чогулуш өткөрүп, анда имаратты сатуу маселеси талкууланды. “Россия” дыйкандар чарбасы элдин өтүнүчүнө көнүп, имаратты ЖӨБ органынын чөнтөгүнө чап баада сатууга макулдугун берген. Натыйжада эки кабаттуу имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1,5 миллион сомго муниципалдык менчикке сатып алынды.

ЖӨБ органы аймактагы эң курч көйгөйлөрдүн бирин чечүү үчүн бала бакчанын имаратын кайрадан долбоорлоону чечти. Бирок имаратты калыбына келтирүү, аны бала бакчага ылайыкташтыруу үчүн ири каражат керек эле. Башкаларга окшоп эл аралык уюмдарга, АРИСке, Финансы министрлигине, ар кандай фонддорго да жардам сурап кайрылышкан, бирок көпкө чейин каражат табуу мүмкүн болбой турду.

Бирок убакыт өтүп, элеттик муниципалитеттерде мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшкөн кореялык “Биздин кыял” коомдук кайрымдуулук фонду жардамга келди. Фонддун өкүлдөрү Сретенка ААны тандап алышкан. Себеби алар калктын долбоорду биргелешип ишке ашырууга ниети бекем болгонуна ынанышкан. Алар айыл өкмөтү менен биргеликте эсептөөлөрдү жүргүзүшүп, жергиликтүү элдин жана айыл өкмөттүн жамаатынын күчү менен имараттын эски эшиктерин, терезелерин жана панелдерин талкалашты. Андан соң фонд айыл тургундарынын арасынан 10 жумушчуну жалдап, курулуш материалдарын сатып алып, ишти каржылаган: бөлмөлөрдү кеңейтип, шпаклевка жасап, дубалдарын жана шыптарын сырдап, акташкан, ванна бөлмөлөрү, кир жуучу жай, ашкана кылып, өзүнчө от казан жасап, жылуулук орнотуп беришти. Имаратты реконструкциялоого кеткен жалпы сумма болжол менен 2,5 миллион сомду түздү.

Имаратты реконструкциялоону аяктагандан кийин фонд 85 орунга эмеректерди (керебеттер, шкафтар, столдор, отургучтар) жабдып, ашкана жабдууларын жана шаймандарын, сантехниканы жана кир жуугуч машиналарды сатып алды. Жабдуулардын жалпы баасы болжол менен 2 миллион сомду түздү.

Сретенка АА айыл өкмөтүнүн башчысы Узакбек САРАЛАЕВ: “Көпчүлүк бул долбоор качандыр бир кезде ишке ашат деп ишенишкен эмес, имаратты калыбына келтирүү үчүн өтө эле көп каражат талап кылынган. Биз болсо алдык да, жасап салдык. “Көз коркок, кол баатыр” деп жөн жерден айтылбаса керек”.

Турак жай-коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Дайырбек ТОКТОНИЯЗОВ: “Бул көйгөйдү чечүү өтө кыйын болду, жеке менде мындай долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы буга чейин болгон эмес. Эл ишенбей, алгач Фонд тарабынан жалданган жумушчулардын ишине жана алар менен кошо иштеген айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине чочулоо менен карап жатышты. Бирок андан кийин алгачкы жыйынтыктарды өз көздөрү менен көрүп, жергиликтүү тургундар өздөрү да тартыла баштады. Алар чын ниети менен келип жардам беришти. Алардын жардамы менен аймакты тазалап, имараттын дубалдарын кооздоп чыгышты”.

Айыл тургундары жана айыл өкмөттүн жамааты ишке жигердүү кошулуп, 50гө жакын адам ишембиликтерге катышып, 10 күндүн ичинде 80 сотых жердеги бала бакчанын аймагын толугу менен тазалашты: тиричилик жана курулуш таштандыларынан, кургак чөптөрдөн жана бадалдардан толугу менен тазалап чыгышты. Жалпысынан жергиликтүү жамааттын эмгек салымы 250 000 сомду түздү. Жергиликтүү кеңештин депутаты Виктор СТАСЕНКО өз чөнтөгүнөн 7000 сомго үч кийим чечинүүчү орундукту сатып алды. Айыл тургуну Алмаз КОЖОМУРАТОВ 8000 сомдук эки килем сатып алды.

ЖЫЙЫНТЫГЫ: 84 орундуу жабдылган бала бакча

Кайрымдуу адамдардын, ЖӨБ органдарынын жана жамааттын биргелешкен аракеттери менен курч көйгөй чечилди – айылда бардык шарттар менен толук кандуу жабдылган, 84 орундуу “Үмүт-Шатысы” деп аталган бала бакча пайда болду. Жаңы бала бакчанын салтанаттуу ачылышы 2018-жылдын 6-сентябрында болуп, ага 70 тарбиялануучу келген. 14 жумуш орду пайда болду: үч тарбиячы, үч бала багуучу, бала бакчанын башчысы, ашпозчу, эки күзөтчү, көчө шыпыргыч, эки от жагуучу, музыка мугалими. Фонд корей тилин үйрөтүүгө жана таэквондо сабактарына каражат бөлгөн. 2021-жылы “Үмүт-Шатысы” бала бакчасында 84 бала тарбияланып жатат, алардын арасында коңшу аймактардан келген балдар да бар.

Социалдык натыйжалуулугу: Балдар толук кандуу мектепке чейинки билим алышууда, бул маселени чечүү үчүн калк бириге алды.

Административдик натыйжалуулугу: ЖӨБ органы кайрымдуулук жардамын тартууга жана калкты мобилизациялоого үйрөндү

Экономикалык натыйжалуулугу: балдардын ата-энелери жумушка орношо алышты, үй-бүлөлөр кирешесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, 14 жаңы жумуш орун түзүлдү

Бала бакчада тарбияланган баланын энеси З. ДЖООШБАЕВА: “Менин балам жылуу, ыңгайлуу жайлуу бала бакчада тарбияланып жатканына кубанычтамын. Кызым үчүн санаам тынч, анын көзөмөлдө экенине толук ишенем, режимди сактайт жана билим алат. Жыйынтыгы эмитеден эле көрүнүп турат: кызым ырларды ырдайт жана ырларды окуп берет, ал кээ бир корей сөздөрүн айта баштады, бала бакчага сүйүнүп барат. Өзүмдө убакыт пайда болду, эми жумушка орношо алам. Бизге ушундай зарыл мекемени тартуу кылгандардын баарына рахмат”, - деди.

ЧЫГЫМДАР

Жалпы чыгымдар 6 297 034 сомду түздү, анын ичинде кореялык “Биздин Кыял” коомдук кайрымдуулук фондунун салымы 4 600 000 сомду түздү; жергиликтүү бюджеттен 1 432 034 сом бөлүнсө; жергиликтүү жамааттын акчалай салымы 15 000 сом; жергиликтүү жамааттын эмгек салымы 250 000 сом болду.

АЛЫНГАН САБАКТАР: Эрте эле башташ керек экен

Бул долбоорду эртерээк башташ керек эле. 90-жылдардан 2012-жылга чейин аймакта төрөлгөн балдардын бүтүндөй мууну мектепке чейинки билим албай калышты. Бул болсо алардын мектепке киргенде көнүп кетишине, ата-энелердин жумушка орношуусуна жана аялдардын абалына таасирин тийгизген, анткени көп энелерде ишке кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.