Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Окуучулар үчүн татыктуу санитардык шарттар түзүлүп, ысык тамак менен камсыз болушту

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Окуучулар үчүн татыктуу санитардык шарттар түзүлүп, ысык тамак менен камсыз болушту

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беш-Терек АА.

Беш-Терек АА 212 үй кожолугу жашаган бир айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 80 км алыстыкта орун алган. Аймакта 1 469 адам, анын ичинде 739 аял (50%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу. Жергиликтүү бюджет 2 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 3 кыймылсыз мүлк объектиси турат.

КӨЙГӨЙ: мектепте билим берүү үчүн шарттар жок

Беш-Терек – көп улуттуу айыл. Бул жерде кыргыздар, орустар, лезгиндер, казактар, көптөгөн башка улуттун өкүлдөрү, Тажикстан менен Өзбекстандан тарыхый мекенине көчүп келген кайрылмандар жашашат. Элеттиктердин өз ара мамилеси абдан жакшы, бир бүтүн үй-бүлөдөй турмуш өткөрүшөт, майрамдарды чогуу белгилеп, башына кайгы түшкөндө бири-бирине жардам бергенге умтулушат. Айталы, бир аялдын баласы ооруп калганда аны дарылоо үчүн акчаны ушул айылдын тургундары эле чогултуп беришкен.

Аймактагы жалгыз үч кабаттуу орто мектеп 1988-жылы курулган эле. Бүгүнкү күндө бул мектептеги 13 класста 309 бала билим алат. Мектепте эки даярдоочу класс бар, 15 мугалим эмгектенет. Мектеп заман талабына жооп берген окуу техникасы менен жабдылган: лингафон кабинети, информатика классы бар, мында Интернетке кошулган 13 “Пентиум” компьютери бар, Wi-Fi өткөрүлгөн. Мектепте окуу башчыларынын жана мектеп директорлорунун катышуусу менен райондук деңгээлде түрдүү семинарлар өткөрүлүп турат. Ошол эле маалда мектепте көптөн бери окуучулар үчүн эң маанилүү шарттар болбой келген: ысык тамак жок болчу, ал эми эски даараткана көчөдө эле. Мигранттардын агымы менен мектептеги балдардын да саны көбөйдү. Ошентип, окуучулар бир нөөмөткө батпай, кошумча экинчи нөөмөттү киргизүүгө туура келди.

Окуучулардын тамактануусуна деп мамлекет акча бөлгөнү менен, бир балага болгону 7 сом туура келет. Бул акчага мектеп нан менен чай гана уюштура алчу. Бул аз болгондуктан балдар ачка калып, ысык тамаксыз тез эле чарчап, бир орунда отургусу келбей калчу. Анын үстүнө кыш мезгили да бул аймакта катуу болот. Чай гана ичкендиктен балдар дааратканага барыш үчүн сыртка чыгып, тайгаланып, жыгылып, тез эле ооруп калып, мындан улам сабактан калышчу. Мунун баары билим берүүгө терс таасирин тийгизип, балдарда окууга болгон ынтызарлыгын жокко чыгарып салаар эле. Мугалимдер жана ата-энелер балдары үчүн санаага батып, эмне кыларын билбей жүрүшкөн.

ЧЕЧИМ: инвестицияларды тынбай издеп отуруп, ЖӨБ органы акыры курч маселени чече алды

Мектептеги шарттарга байланыштуу маселени чечүү боюнча демилгени 2019-жылы окуу жайдын жетекчилиги, педагогдор жана ата-энелер чогуу көтөрүп чыгышты. Бул демилге менен алар ЖӨБ органына кайрылып, биринчи кезекте ысык тамак маселесин чечип берүүнү өтүнүштү. Бирок баары эле муниципалитет дотацияда турганын, жергиликтүү бюджетте болгону 2 миллион сом акча болгонун, бул акча социалдык объектилерди күтүүгө жана башка маселелерди чечүүгө өп-чап жетерин түшүнүп турушту. Ошол себептен айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин депутаттары кошумча каражат издеп, мамлекеттик органдарга кат жазып, түрдүү долбоорлорго тынбай кайрылып жатышты. Ошентип отуруп алар “Мерсико” эл аралык уюму менен байланышкан. “Мерсико” биринчи кезекте айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана мектептин администрациясы үчүн окуу өткөрүп, ысык тамакты кантип уюштурса болорун, өз убагында жана тоюмдуу тамак балдарга кандай пайда алып келерин айтып беришти. Андан соң мектептин ашканасынын абалынан кабар алып, ЖӨБ органдарына өз сунуштарын беришти: жергиликтүү бийлик адегенде ашкананы оңдоп чыгышы керек, ал эми “Мерсико” ашканага керектүү жабдууларды сатып берет. Бул шарт аткарылды, ЖӨБ органы ашкананы толугу менен оңдоп чыкты (бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 90 000 сом, республикалык бюджеттен 536 000 сом бөлүндү). Ата-энелер комитетинин күчү менен ашкананын дубалдарына пластик чапталып, полго плитка төшөлдү. “Мерсико” уюму болсо муздаткыч, ашкана үстөлдөрүн, чоң кол жуугуч, майды чогултчу жабдуу, чоң меш, камыр жууругуч, нан бышырчу шкаф сатып берди. Бүгүнкү күндө “Мерсико” ашкананы керектүү азык-түлүк менен (ун, таруунун бардык түрлөрү, макарон, өсүмдүк жана каймак май ж.б.) камсыздап турат. Ашпозчу жана ашкананын кызматкери тамактын менюсун түзүп, порциялардын көлөмүн туура ченеп, тамак-аштын сапатын талапка ылайык сактоо боюнча атайын окуудан өтүшкөн. 2019-жылдын март айында мектептин алдында бак тигилип, жалпы жамааттын күч-аракети менен 100 көчө алма отургузулган. Ал эми тамчылатып сугаруу үчүн 3 тонналык суу топтогуч орнотулган. Эми жакынкы келечекте мектеп жемиштердин түшүмүн алып, анын кагынан компот жасай баштайт деп күтүлүп жатат. Бул демек, балдар витаминдер менен камсыздалат. Буга чейинки долбоорлор ийгиликтүү ишке ашканына көзү жеткен соң “Мерсико” уюму жергиликтүү бийликке жана жамаатка ишенип, мектептин даараткана маселесин да чечкенге жардам берди. 2021-жылдын январь айында 1-4-класстын окуучулары үчүн мектептин биринчи кабатында даараткана болот.

ЖЫЙЫНТЫГЫ: 158 окуучуга билим алуу үчүн жакшы шарттар түзүлдү, балдар сабактан калбай калышты

Демөөрчүлөрдү издеп, аларды тартуу менен мектеп окуучулар үчүн татыктуу шарттар түзүлүп, ысык тамак менен камсыз болушту. Бул болсо кенже класстын окуучуларынын билим алуусуна өтө чоң таасирин тийгизди. Ушул тапта башталгыч класстын 158 окуучусу күн сайын ысык тамак менен камсыздалып турат, эми алар сыртта тоңбой, имараттын ичиндеги дааратканага барып калышты. Мектептин администрациясы, мугалимдер жана ата-энелер мындай жыйынтыкка көзү толуп, балдары үчүн сүйүнүп турган чагы.

Айыл өкмөт башчы Алмаз ДУБАНАЕВди угалы: “Биз окуучуларга толук билим алуусу үчүн жакшы дем бердик. Биргелешкен күч-аракет менен балдардын коопсуздугун камсыз кылып, алардын саламаттыгына кам көрүп, сапаттуу билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзө алдык. Мектептин эски терезелерин пластикке алмаштыруу үчүн республикалык бюджеттен акча бөлдүртүү максатында КР Финансы министрлигине расмий кат менен кайрылганбыз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мектептеги шарттарды мүмкүн болушунча жакшыртууну, жалпы айылдагы инфраструктура көйгөйүн чечүүнү өзүнүн милдети деп билет. Бул үчүн терең ойлонулган, дымактуу пландарыбыз бар. Аларды бара-бара ишке ашырабыз”.

Мектеп директору Гулжомол АБДУЛОЕВА: “Мектептин окуучулары өзгөрдү, алар сабакты калтырбаганга аракет кылышат, балдардын билим деңгээли да оңолду, бул албетте алардын келечегине абдан жакшы таасирин тийгизет. Корообузга тигилген бак үчүн да ыраазымын, мектептин сырты да бир кыйла оңолуп калды. Ал эми окуучуларыбыз эмгекке, табиятка аяр мамиле жасаганга үйрөнүп жатышат”.

9-класстын окуучусу Арина ОБОДОВА: “Акыркы жылдары мектепте абдан жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Бардык шарттар түзүлгөн даараткана пайда болду, ашканабыз ыңгайлуу жана дайыма даамдуу жыт чыгып турат. Бизде бакча да пайда болду, ага кам көрүп, тегерек четин тазалаганды абдан жакшы көрөбүз. Жакында мектептеги бардык терезелерди алмаштырып чыгышса, окуу жайыбыз жылуу жана мындан да ыңгайлуу болуп, заман талабына жооп берип калат”.

Социалдык натыйжалуулугу: Мектепте шарттарды түзүү боюнча долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышы мектеп администрациясын башка долбоорлор менен да иштешкенге үйрөттү. Айталы, Ага-Хан Фондунун алкагында техникалык жардам катары мектепке беш компьютер, эки проектор жана түстүү принтер сатып алынды. Сергек жашоого үндөө максатында ЖӨБ органы менен жаштардын күч-аракетинин натыйжасында мектепте күрөш залы ачылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 120 000 сом бөлүнүп, мата, муштагыч, мээлейлер сатып алынды. Эми айылдагы жаш күрөшчүлөр райондук таймаштарга катышып, биринчи орундарды ээлеп жатышат.

Административдик натыйжалуулугу: Бул долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ЖӨБ органы жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө иш алып барган долбоорлор менен натыйжалуу кызматташканды үйрөндү. ЖӨБ органы тынбай өтүнмөлөрдү жазып, гранттык жардам түрүндө кошумча акча табуунун альтернативалуу жолдорун издеп келет. Ошондой эле жергиликтүү бийлик жамаат менен тыгыз иштешип, долбоорлорду чогуу даярдап, баштаган ишти аягына чыгарганды үйрөндү.

ЧЫГЫМДАР

Бул долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдын жалпы суммасы 12 078 590 сомду түздү. Мунун ичинен жергиликтүү бюджеттен 210 000 сом, “Мерсико” уюмунан гранттык жардам катары 280 000 сом, республикалык бюджеттен 536 000 сом бөлүнгөн. Мектептин терезелерин алмаштыруу үчүн 2021-жылдын 1-кварталында жергиликтүү бюджетте 700 000 сом каралган.

АЛЫНГАН САБАКТАР: курулуш жана ремонт долбоорлорун ишке ашырып жатканда бардык чоо-жайын карап чыгыш керек экен

Мектеп директору АБДУЛОЕВА Гулжомол: “Мындай долбоорлорду пландап жатканда бардык өңүттөрүн дыкат карап чыгыш керек экен. Мисалы, ремонт иштери бүткөндөн кийин мектептин үч кабатында тең даараткана зарыл экени белгилүү болду. Себеби бул максатта ар бир кабатта бөлмөлөр бар болчу. Бул маселени жакшылап ойлонуп көрсөк болмок экен. Мындан тышкары ашканада жыт соруп алуучу жабдууну башкача орнотуш керек эле. Азырынча баары эле иштеп жатат, бирок мүмкүнчүлүк болсо эле алмаштырабыз го. Күрөш залында балдар машыгып жатканда сабак маалында баарына угулат экен. Ошондуктан жакын арада күрөш залын башка жерге көчүрүүнү пландап жатабыз”.