Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамааттын коомдук мониторинги ЖӨБ органынын аброюн коргоп жатат

2021-02-07 / Москва районунун портрети
Жамааттын коомдук мониторинги ЖӨБ органынын аброюн коргоп жатат

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка АА

Александровка АА 3502 үй кожолук жашаган үч айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 33 км алыстыкта орун алган. Бул аймакта 17 358 адам, анын ичинде 8478 аял (49%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу. Жергиликтүү бюджет 18 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 50 кыймылсыз мүлк объектиси турат.

КӨЙГӨЙ: ЖӨБдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жана жасаган ишине жамаат тарабынан көзөмөлдөө механизми жок

СССР маалында элдик көзөмөл институту натыйжалуу иш алып барчу. Бул институттун негизги күчүн жумушчулар, колхочулар, кызматчылар түзгөн. Алар элдик көзөмөл топторунда, постторунда жана комитеттеринде иштешчү. Элдик көзөмөл институту карапайым калкты мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууга тартуунун бир формасы болчу. СССР тарагандан кийин элдик көзөмөл да токтогон. Бирок ага болгон муктаждык жоголгон жери жок. Жарандар мурдагыдай эле бийлик органдарынын бардык чөйрөлөрдөгү жана багыттардагы кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына көзөмөл жүргүзгүсү келет. Бул маселе өзгөчө элет жергесинде актуалдуу болуп турат. Себеби ар бир айылдагы ар бир объектке мамлекеттик контролдоочу органдын көзөмөлүн орнотуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан бери өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу чакырыктар көп айтыла баштады. Жарандар көчөлөрдүн оңдолушуна, муниципалдык объекттердин жана инфраструктуранын курулушу менен ремонтуна көз салгысы келет. Александровка ААдагы кырдаал өлкөдөгү башка муниципалитеттерден эч айырмаланчу эмес. Бул жерде да жергиликтүү жамаатта каалоо болгону менен, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг жүргүзүү процесси жолго салынган эмес эле.

ЧЕЧИМ: биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу ЖӨБ органынын жардамчысы ролунда

2015-жылы Александровка ААнын ЖӨБ органы жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун жаңы Моделин киргизген. Бул моделдин жардамы менен жамаат айылдык аймактын 11 артыкчылыктуу көйгөйүн тизмелеп чыккан. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн демилгелүү топтор түзүлгөн. Андан соң аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча ЖӨБ органдары менен жамааттын биргелешкен аракеттер планы иштелип чыгып, бул планды жергиликтүү кеңеш бекитип берген.

Пландын аткарылышына жана кандай жыйынтыктарга жеткенине, ошондой эле жргиликтүү бюджеттин эсебинен, жергиликтүү жамаат кошкон салымдын эсебинен ишке ашырылган долбоорлорго, демилгелерге, программаларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары – БМжБ тобу) түзүлгөн. Топтун курамын жергиликтүү кеңеш бекитип, ага 9 адам кирген. Алар: кеңештин депутаттары, айыл башчылары, айыл өкмөтүнүн кызматкери, жамааттын активисттери. 2017-жылы топтун курамы кеңейтилип, жаңыланган. Мындан ары топко аймактагы демилгелүү 15 лидер кирген. Алардын арасында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, кеңештин депутаттары, ТОС жетекчилери, “Щинщю” коомдук уюмунун төрагасы, дыйкан чарбасынын мүчөсү, эки айылдын башчысы болду. Топтун курамын түзүп жатканда жашоочулар талапкерлерде натыйжалуу мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон сапаттардын болушун эске алышты. Топтун курамына тартиптүү, адилеттүү, ак ниет, сынды көтөрө билген, так жүргөн, элеттиктер арасында абройго ээ болгон адамдар тандалды.

БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү бир катар тренингдерден өтүп, биргелешкен мониторинг жана баалоо процессин уюштуруп, өткөрүү үчүн зарыл болгон билимге жана көндүмгө ээ болушту. Андан соң БМжБ тобунун иш-аракеттер планы даярдалып, ал ЖӨБ органынын иш планы менен макулдашылды. Ошол учурдан баштап ушул күнгө чейин БМжБ тобу өз ишин жигердүү жана натыйжалуу жасап келатат. Мисалы, БМжБ тобу Беш-Корук айылындагы кенже класстар үчүн имараттын капиталдык оңдоо иштерине визуалдык текшерүү жүргүзүп, подрядчылар ишти сапаттуу жасабаганын аныктап чыгышкан: линолеумдун кошулган жери эч бекитилген эмес; жаңы жылытуу системасы жарылган; имараттын чатыры туура эмес жасалгандыктан көк дат баскан. Подрядчылар сатып алган унитаздар жана кол жуугучтар орнотулган эмес, терезеден штукатурка кесим-кесим болуп түшүп, каалганын боору кыйшайып, нымдан көөп чыккан. Мына ушул кемчиликтердин баарын БМжБ тобу аныктап чыгып, дефекттик акт түзүп, сунуштама катары ЖӨБ органына өткөрүлүп берилген. Жергиликтүү бийлик БМжБ тобунун сунуштамасын катуу көзөмөлгө алгандыктан подрядчылар берилген мөөнөттүн ичинде бардык кемчиликтерди оңдоп чыгышкан. Подрядчылар бардык шарттарды аткаргандан кийин гана ЖӨБ органы БМжБ тобу жана техникалык көзөмөл боюнча адистер менен чогуу подрядчылардын жумушун кабыл алышкан.

2017-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун 1 млн. сомдук гранттык каражатына тендер боюнча подрядчылар аркылуу Беш-Корук айылындагы бала бакча үчүн шаймандар жана жабдуулар сатып алынган. БМжБ тобу сатып алынган буюмдарды текшерип чыгып, натыйжада шейшептерди алмаштыруу тууралуу акт түзгөн. Себеби алардын сапаты талап кылынган стандарттарга жооп берген эмес. БМжБ тобу ЖӨБ органына сунуштамаларды берип, ал өз кезегинде подрядчыга кемчиликтерди тийиштүү мөөнөттө оңдошу керек деген катаал шарттарды койгон. Бардык кемчиликтер четтетилген соң гана ЖӨБ органы БМжБ тобу менен чогуу подрядчынын ишин кабыл алган.

Мындан тышкары дагы көптөгөн жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг жана баалоо жүргүзүлгөн. Мисалы, чакан футбол аянтчасынын курулушуна; жолдорго төшөлгөн асфальтка; мектепте терезелерди алмаштырууга; таштанды чыгаруу боюнча муниципалдык атайын техниканын эксплуатациясына; ААнын айылдарындагы маалымат такталарынын орнотулуп, жаңыланып турушуна; түрдүү долбоорлордун алкагында техникалык жардам катары берилген жабдуулардын жана кеңсе техникаларынын ордунда болуп, кантип колдонулуп жатканына мониторинг жүргүзүлгөн. Мындан тышкары БМжБ тобунун бардык мүчөлөрү коомдук иш-чараларга (чогулуштарга, коомдук угууларга) тынбай катышып турушат. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө алар талкууга гана катышпастан, иш-чаранын сапатына да мониторинг жүргүзүшөт. Чогулуштарда БМжБ тобу элеттиктерге өз ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, мониторингдин жыйынтыгы боюнча сүрөттөрдү аймактагы маалымат такталарына илишет. БМжБ тобунун мүчөлөрү кызмат көрсөтүүнү баалоонун жыйынтыктары тууралуу маалымдуулуктун деңгээли боюнча оозеки сурамжылоо жүргүзүшкөн. Ошондой эле айыл тургундарынан ЖӨБдүн кызмат көрсөтүүлөрү канчалык канааттандырарын сурап чыгышкан.

ЖЫЙЫНТЫК: ЖӨБ органынын ишинин сапаты жогорулады

Коомдук мониторинг элдин жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун эң натыйжалуу формаларынын бири болуп калды. Топ көйгөйлөргө өз убагында жооп кайтарууга жардам берип, ишин чала жасаган подрядчылар менен маселени чечишүүдө ЖӨБ органдарына чоң пайда алып келди. Ошол эле маалда ЖӨБ органы да, БМжБ тобу да өз ролдорун туура түшүнүп, бири-бирине тоскоол болбой, жардам берип, кызыл чеке талаш болсо да, ортолорунда тирешүү байкалган жок. ЖӨБ органы БМжБ тобу алып келген салымды жана пайданы тааныганын бир факт тастыктап турат: ЖӨБ органы өзүнүн муниципалдык транспортун БМжБ тобунун иш сапарларына берип турат.

БМжБ тобунун мүчөсү, аялдар кеңешинин төрайымы Ф. МАРОВАны угалы: “Биз, топтун мүчөлөрү жамаат үчүн абдан керек адам экенибизди, жакшы иш жасап жатканыбызды түшүндүм. БМжБ тобунун миссиясы, максаты жана милдеттери жалпы аймактын өнүгүүсү үчүн өтө зарыл. Биздин эмгекти баалап, сый мамиле жасап калышты. Муну күн сайын сезебиз. Бизди бардык иш-чараларга чакырып, шыктандырып, колдоо сөздөрү менен дем берип, ыраазычылыгын билдирип турушат. Ошондуктан биз өтө чоң көлөмдөгү коомдук ишти чын ниетибиз менен, эргүү менен аткарабыз. Дагы бир нерсени байкадым: БМжБ тобунун ишинин ийгилиги кыйыр түрүндө жамаат ичиндеги достукту, тынчтыкты, биримдикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдейт экен. Эң негизгиси, биздин БМжБ тобунун жардамы менен аймактагы көптөгөн маселелер сапаттуу жана натыйжалуу чечилип жатат”.

Назира САТЫНБЕКОВА, Беш-Корук айылындагы “Келечек” бала бакчасынын башчысы: “БМжБ тобу бала бакчанын ремонтуна өтө маанилүү жана чоң салым кошту. Бул топ капиталдык ремонт кандай жүрүп жатканын көзөмөлдөп, зарыл болгон жабдууларды жана шаймандарды сатып алуу процессине тынымсыз байкоо салып турду. БМжБ тобунун ишинин натыйжасында бүгүнкү күндө балдарыбыз жакшы тарбия көрүп жатышат, ал эми биз болсо ыңгайлуу жана жылуу бөлмөдө иштеп жатабыз, бизге бардык зарыл шарттар түзүлдү”.

Социалдык натыйжалуулугу: БМжБ тобун түзүү менен Александровка ААдагы ЖӨБ органынын ишине коомдук мониторинг киргизүүнүн натыйжасында айылдагы көйгөйлөргө кайдыгер карабаган адамдарды активдештирүү мүмкүн болду. Өздөрү үлгү көрсөтүп, БМжБ тобунун мүчөлөрү көптөгөн адамдарды жергиликтүү өз алдынча башкарууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тарта алышты. Ошондой эле БМжБ тобунун жардамы менен жергиликтүү жамаатка кайтарым байланыш үчүн шарттар түзүлдү. Адамдар кемчиликтерди, мыйзам бузууларды көз кырында калтырбастан, ошол замат ЖӨБ органына кабар бере баштады. Эми Александровка ААнын БМжБ тобунан жалпы Чүй облусундагы бардык муниципалитеттер үлгү алышууда.

Административдик натыйжалуулугу: биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча жаңы механизмди киргизүүнүн натыйжасында ЖӨБ органында жергиликтүү маанидеги маселелерди сапаттуу чечүүгө жардам берген ишенимдүү жардамчысы пайда болду. БМжБ тобу кыска убакыттын ичинде ЖӨБ органынын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө өтө көп оң жыйынтыктарга жете алды. Дал ушул БМжБ тобу аркылуу ЖӨБ органы мыйзам бузууларга ыкчам жооп кайтарып, подрядчылардын ишиндеги орой кемчиликтерди өз убагында четтетип, аларды көзөмөлгө алып турду. Жергиликтүү жамаат болсо ЖӨБ органына көбүрөөк ишеним артып калды. Ал эми БМжБ тобу жергиликтүү бийлик менен калк ортосунда ишенимдүү көпүрөгө айланды. БМжБ тобунун төрайымы ЛИВАЗА Разия: “Жергиликтүү бийлик БМжБ тобунун ишин абдан жакшы колдойт. Бардык тараптар менен – ЖӨБ органы, маморгандар, түрдүү мекемелер жана уюмдар менен тыгыз байланыш түзүлгөн. Биздин БМжБ тобу ЖӨБ органынын биринчи жардамчысы болуп саналат. Мисалы, жакында эле айылда жер астындагы өтмө жолду суу каптап, окуучулар жолдон өтө албай калышкан. Жашоочулар ЖӨБ органын жана акимиатты айыптап, курулуш маалында “акчаны жеп коюшкан”, “жолду туура эмес курушкан” деп доомат артышкан. Бирок иш жүзүндө андай болуп чыккан жок: биздин топ мониторинг жүргүзүп, бул өтмөнү Транспорт министрлиги сапатсыз курганын аныктап чыктык. КР Өкмөтүнө кайрылгандан кийин гана Транспорт министрлиги оңдоо иштерин жүргүздү. Ошентип биз жашоочулардын алдында ЖӨБ органынын аброюн коргоп калдык”.

АЛЫНГАН САБАКТАР: БМжБ тобу чакан болуп, бирок жигердүү иш алып барышы керек

БМжБ тобунун төрайымы Разия ЛИВАЗА бир топ үчүн 15 адам өтө көп экенин айтат. Баары бир иш жүзүндө 5-7 киши гана жигердүү иштейт экен. “Мындан тышкары пландоо усулдарын да кайра карап чыгуу зарыл. Азырынча биз БМжБ тобунун планына үзгүлтүксүз түрдө түзөтүүлөрдү киргизип турабыз, бул болсо өтө көп убакытты алат. План боюнча гана иштөө мүмкүн болбой жатат. Зарылчылыкка жараша көп иш жасоого туура келүүдө. Мисалы, эч кимибиз эпидемия башталып кетет деп ойлогон эмеспиз да. Бул апаат биздин пландалган иштерибизге өтө тоскоол болду, көптөгөн мекемелер же объекттер иштебей калган, ал эми бизге өтө чоң көлөмдөгү пландалбаган иштерди тапшырышты. Ошондуктан дайыма тажрыйба алмашып турушубуз керек, бул мындан да натыйжалуу иштегенге жардам берет”.