Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Москва районунун портрети

2021-02-07 / Москва районунун портрети
Москва районунун портрети

Түрмөктү ЖӨБдүн Мыкты практикалар порталынын www.myktyaimak.gov.kg администратору Гуляим ШАМШИДИНОВА жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси Элина САККАРАЕВА даярдашты // Материалдарды жайгаштыруу маселелери боюнча электрондук почтага кат жазыңыз: portal.msu@dpi.kg; жана телефон чалыңыз: +996 770 771-130.

“Муниципалитет” журналы “Райондун портрети” деп аталган жаңы түрмөктү баштады.

Кыргызстан – чакан, бирок өтө көп түрдүү өлкө. 40 район 40 бир туугандай жалпы мүнөзгө ээ. Бул мүнөз аларды бир мамлекеттин алдында кармап турат. Ошол эле маалда ар бири өзүнө таандык, уникалдуу өзгөчөлүктөргө ээ, ар биринин өз тагдыры бар. Районду кандайдыр бир географиялык бирдик катары сүрөттөп, анын табиятын, ресурстарын, ишканаларын, маданиятын жана басып өткөн жолун, тарыхын сүрөттөп берсе болот. Ошол эле учурда райондун портретин башка бир боёкторду кошуп тартып берсе да болот. Айталы, райондун өзөгү болгон элеттик муниципалитеттердин ийгиликтерин жана жетишкендиктерин баяндай алабыз. Бул аймактарда “Муниципалитет” журналынын башкы каармандары – жергиликтүү жашоочулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдардагы турмуш шартын оңдоонун үстүнөн тынбай иштеп, жашоосун улантышууда.

Журнал жаңы түрмөктү Чүй облусундагы Москва районунун портретинен баштайт. Биз окурмандарыбызды райондун жашоочулары жана ЖӨБ органдарынын ийгиликтери менен жакындан таанышуу үчүн анын аймактарына сапар алууга чакырабыз. Бирок адегенде бир нече муниципалитетти бириктирип турган Москва району кандай өзгочө мүнөзгө ээ болгонун билип алганыбыз оң. Бул суроону журнал Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Мирлан КАРАГУЛОВго узатты.

Москва району башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

– Москва району – бул Кыргызстандагы эң эле көп улуттуу райондордун бири. 12 айылдык аймакта 28 айыл орун алган, бул жерде жашагандардын 55% кыргыздар, ал эми калган 45 пайызы – бул 20дан ашык этностун өкүлдөрү. Чүй облусунун башка райондоруна салыштырмалуу Москва районунун аймагы чакан, мында калктуу конуштар бири-бирине жакын аралыкта, борбордук жолдун боюнда өтө компакттуу жайгашкан. Бул болсо өз ара тыгыз жана ыкчам коммуникация түзүүгө жардам берүүдө. Эмгекке жарамдуу калктын 70% айыл чарбасы менен алектенет, 20% өнөр жайда, ал эми 10 пайызы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштейт.

Москва районунда кандай адамдар жашайт?

– Бул жерде көп улуттуу үй-бүлөлөр абдан көп жашайт. Ошондуктан баары бири-биринин каада-салттарына сый мамиле жасашат. Адамдар ачык, жүрөгү таза, эмгекчил, саясатка аралашпайт, албетте мындай коомдо ынтымак жана өз ара түшүнүшүү бар. Бул сапаттар пандемия маалында абдан жардам берди. Ошол оор күндөрү карапайым адамдар улутуна, жашына же статусуна карабастан жергиликтүү бийликке COVID-19 менен күрөшкө жардам беришти. Биздин районго коронавирус илдети башында эле келген. Бирок биз жаңы коркунучка ыкчам түрдө реакция жасап, илдетти андан ары жайылтпоо боюнча бардык сактануу чараларын көрдүк.

Райондогу ЖӨБ органдары кандай?

– ЖӨБ органдарын өнүктүрүүдө чоң прогресс байкалууда. Мурда түшүнбөстүктөр көп эле болуп келген, ар ким өзүнүкүн айтып, эч ким милдеттерин билчү деле эмес. Бирок азыр таптакыр башка көрүнүш: жергиликтүү кеңештердин депутаттары аларга ыйгарым укуктар эмне үчүн жана кандай максатта берилгенин түшүнүшөт, АӨ башчылары өз ишин жолго салып алышкан, түрдүү долбоорлорго жигердүү катышууда, инвестицияларды тартып, жергиликтүү көйгөйлөрдү натыйжалуу чече башташты. Эң негизгиси – депутаттык корпус аткаруу органы менен жигердүү иш алып барууда. Бул болсо жалпы ЖӨБ органынын ишинин жыйынтыгына да оң таасирин тийгизип жатат.

Райондун келечегин кандай элестетесиз?

– Биздин райондо бир да шаар жок. Беловодск жана Биринчи Май айылдык аймактарын бириктирүү жолу менен ошол муниципалитетке шаар статусу берилсе дейбиз. Бул логикалуу кадам болмок. Себеби эски административдик-аймактык бөлүштүрүүгө ылайык, мурда бул бир чоң айыл болчу, кийин эле аларды бөлүп салышкан. Биринчи Май ААда райондун бардык өнөр жайы топтолгон, ал эми Беловодск айылында башка мүнөздөгү инфраструктура бар. Бул аймактарды бириктирүү менен биз калкынын саны 40 000ге жеткен шаарга ээ болобуз, бириктирилген структура болсо бардык багыттар боюнча өнүгүүгө жол ачат. Мисалы, Беловодск айылында 5 гектар аянтка чоң сейил бак курсак болот, өнөр жайды калыбына келтирсек, адамдарды иш менен камсыз кылып, жаңы жумуш орундары да пайда болмок, жаштар Бишкекке кетпей калышмак. Бала бакчаларды жана мектептерди курууну пландап жатабыз. Себеби акыркы жылдары жаңы төрөлгөндөр көбөйүп, калктын саны өсүп жатат. Бүгүнкү күндө балдар мектепте 2-3 нөөмөт менен окушат, беш жылдан кийин мектептердин тартыштыгы курч көйгөйгө айланары талашсыз.

Биз ири инвесторлорду кучак жая тосуп алабыз, аларга бизнести өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. Бардык айылдык аймактар инвстициялык шарттарды түзүүнүн үстүнөн жигердүү иштешүүдө, инвестиция тартуу максатында жер участокторун берип жатышат. Бизде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча инвесторубуз бар эле. Бирок мыйзамдар боюнча элеттик айылдык аймактарда 5 кабаттан ашык үй курулбашы керек экен. Эгерде шаар статусун алсак, анда элибиз үчүн заманбап үйлөрдү куруп бере алмакпыз. Жакынкы келечекте биздин районду газга өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө районубуз – республикада газ өткөрүлбөй калган жалгыз район. Газ өткөрсөк адамдардын жашоосун оңдогондон тышкары инвестициялык климатты да түзүп, кошумча ресурстарды тартып, бардык багыттарды өнүктүрүүдө артыкчылыкка ээ боло алмакпыз. Ал эми бул – жалпы райондун экономикасын көтөрүү дегенди билдирет. Биз кыялданабыз, пландап жатабыз, аракет кылып, ой-максаттарыбызды ишке ашыруудабыз!