Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талас жана Баткен облустарынын ЖӨБ органдары Жарандык бюджетти онлайн даярдоонун окуусун аралыктан үйрөнүштү

2020-12-15 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
Талас жана Баткен облустарынын ЖӨБ органдары Жарандык бюджетти онлайн даярдоонун окуусун аралыктан үйрөнүштү

Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, ЖӨБдүн аткаруу органдары жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджеттерди түзүүгө милдеттүү. Жарандык бюджет жарандарга, анын ичинде атайын билими болбогон адамдарга жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты жеткиликтүү, жөнөкөй жана түшүнүктүү түрүндө алууга мүмкүнчүлүк берет.

ЖӨБдүн аткаруу органдарынын финансы кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, жарандык бюджетти түзүүнүн бирдиктүү форматын жайылтуу максатында web-тиркеме (мындан ары – Тиркеме) иштелип чыккан. Бул Тиркеме Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-жылдын 26-декабрында №166-Б Буйругу менен бекиткен Жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн методикасына ылайык даярдалган.

Тиркеме ЖӨБдүн аткаруу органдарынын финансы кызматкерлерине өз муниципалитеттеринин жарандык бюджетин бюджеттик мыйзамдардын талаптарын эсепке алуу менен түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми элде жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты Интернет тарткан бардык жерден алууга мүмкүнчүлүк болот.

“23-ноябрдан 27-ноябрга чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында Баткен жана Талас облустарынын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн финансы кызматкерлери үчүн бул тиркемени колдонуу боюнча онлайн-тренингдер өткөрүлдү. Иш-чара ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте уюштурулду. Тренингдин практикалык бөлүгүндө web-тиркемеге зарыл болгон маалыматтар киргизилди. Ошондон кийин жашоочуларда өзүнүн айылдык аймагынын же шаарынын жарандык бюджети менен http://gb.minfin.kg сайтынан таанышууга мүмкүнчүлүк пайда болду”, - деп айтып берди тренер, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси Азамат МАМЫТОВ.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук башкармалыктарынын жетекчилери да катышууда. Тренингдин соңунда алардын катышуусу менен маалыматтарды киргизүү графиги түзүлөт. Бул болсо Кыргызстандын жарандарынын көбү өз муниципалитеттеринин Жарандык бюджеттерин көрө алышат деген шансты көбөйтүүдө.

“Бул web-тиркеме пандемия шартында бюджетти талкуулоо үчүн абдан ыңгайлуу болуп турат. Эпидемиологиялык кырдаалды, жарандар күнүмдүк тиричилик менен убара болуп жүргөнүн, негизи эле элдин жалпы психологиялык маанайын эсепке алганда бюджетти жолугушуп талкуулоо оңой болбой калды. Ошондой эле бюджеттик каражат тартыш болуп турган маалда аларды үнөмдөө зарыл. Муну менен кошо Жарандык бюджетти басып чыгарууга кеткен чыгымдарды да кыскартса болот. Жакынкы келечекте санариптештирүүнүн алкагында калк менен Интернет аркылуу аралыктан байланыш түзүү салтын жаратууга кызыкдарбыз. Мунун баарына Жарандык бюджетти онлайн киргизүү көмөктөшөт”, - деп эсептейт Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Райкан КОЧКОРОВА.

 

Окшош материалы: