Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жолдордо салмак-габариттик көзөмөл тууралуу

2020-10-06 / Мыйзам жаӊылыктары

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кол коюлган Мыйзамдын максаты автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, транспорттук-контролдоо пункттарында салмактык-габариттик контролдоо процессин автоматташтыруу жолу менен адам факторун болтурбоо жана коррупцияны түп-тамырынан жоюу болуп саналат.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүнө жана башка линиялык параметрлерине карата белгиленген талаптарды сактабагандыгы үчүн 8-категориядагы айып пул салуу түрүндө (жеке адамдар үчүн — 175 эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактар үчүн — 550 эсептик көрсөткүчтө) жаза чараны караган 1202-берене менен толукталат.

Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды сактоо тартибин бузууларды фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видеожазуу каражаттары менен жазып алуу жүйө болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин сактабоо үчүн кошумча укуктук кесепеттер катары транспорт каражаттарын дөңгөлөктөрдү блокираторлорду колдонуп атайын токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү каралган.