Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көлдү коргоо тууралуу

2020-10-06 / Мыйзам жаӊылыктары

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «“Ысык-Көл” биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө жарандардын укуктарын ишке ашырууга, «Ысык-Көл» биосфера аймагынын бирдиктүү экологиялык системасын сактоого багытталган, агып чыкма суулардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга, Ысык-Көл көлүнүн экосистемасын төмөнкүлөрдөн булгануусунун алдын алууга багытталган: Ысык-Көл көлүнө тиричилик жана башка чарбалык агындылардын түздөн-түз агып түшүшүнө байланышкан чарбалык, соода, рекреациялык жана башка иштерди жүзөгө ашыруунун натыйжасында; булганган (тазаланган эмес) тиричилик агындыларынын жер үстүндөгү, жер алдындагы сууларга жана Ысык-Көл көлүнө олуттуу көлөмдө кошулушунун жана агып киришинин натыйжасында.

Агып чыкма сууларды тазалоо боюнча курулмаларды куруу, аларды оңдоо жана калыбына келтирүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, бюджеттик эмес каражаттардын, гранттык жана кредиттик каражаттардын, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржы булактарынын эсебинен каржыланат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып, «Ысык-Көл» биосфера аймагынын зонасынын чектеринде агындыларды андан ары тазалоочу курулмаларга өткөрүү үчүн агызып чыгаруу системасына кошулбаган, же болбосо агып чыкма сууларды тазалоо боюнча өзүнүн курулмалары жок рекреация объекттерин, өнөр жай объекттерин, үй чарбачылыктары үчүн агып чыкма суулардын белгиленген тартипте аныкталган көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан агып чыкма суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү бар объекттерди долбоорлорго, курууга уруксат документтерди, мамлекеттик экологиялык жана мамлекеттик курулуш экспертизаларынын корутундуларын берүүгө, эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт.

2024-жылдын 1-январынан тартып «Ысык-Көл» биосфера аймагынын зонасынын чектеринде агындыларды андан ары тазалоочу курулмаларга өткөрүү үчүн агызып чыгаруу системасына кошулбаган, же болбосо агып чыкма сууларды тазалоо боюнча өзүнүн курулмалары жок рекреация объекттерин, өнөр жай объекттерин, үй чарбалыктары үчүн агып чыкма суулардын белгиленген тартипте аныкталган көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан агып чыкма суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү бар объекттерин иштетүүгө тыюу салынат.

Мыйзам 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.