Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
COVID-19дан коргоого багытталган товарларга салык салуу тууралуу
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы №458 “Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө” токтому.
Кыргыз Республикасында эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышынын алдын алууга жана болтурбоого багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29 жана 227-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкү товарлардын салык салынуучу жеткирип берүүлөр жана салык салынуучу импорту боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары – КНС) ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин:
1) дем алуу органдарын жекече коргоо каражаттары, чыпкалоочу жана изоляциялоочу, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 8421 39 200 9; 9020 00 000 0);
2) атайын коргоочу кийим, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 3926 20 000 0; 4015; 6203төн; 6204төн; 6210 10 920 0; 6210 10 980 0; 6210 40 000 0; 6210 50 000 0; 6211 32 100 0; 6211 33 100 0; 6211 43 100 0; 6505 00 900 0дөн; 6506 10 100 0);
3) көздү жана бетти жекече коргоо каражаттары (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 3926 90дон; 9004 90 900 0) жана башкалар.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









