Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандык абалдын актыларын (ЖААК) каттоо эрежелери тууралуу

2020-10-06 / Мыйзам жаӊылыктары

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» жана «Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кол койду.

Мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты жарандык абалдын актыларын каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу болуп саналат.

Маалыматтык технологиялардын өнүгүү темпинин тездешине байланыштуу маалыматтык жана коммуникациялык автоматташтырылган тутумдарды колдонуу менен жарандык абалдын актыларын каттоо тутуму иштелип чыгууда.

Кабыл алынган мыйзамда жарандык абалдын актыларына каттоо жүргүзүүнүн эрежелерин кабыл алуунун кыйла кеңири тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет деп каралган.

Мыйзам төмөнкүлөрдү сунуштайт:

Баланын туулгандыгын каттоону жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК) тарабынан, ата-энелеринин (ата-энесинин) документтери жок болгон жана өз убагында берилбеген учурда, баланын туулгандыгын каттоону жеңилдетүү.

Жарандык абалдын актыларын каттоонун эки түрү алып салынсын: асырап алууну мамлекеттик каттоо жана аталыкты белгилөө.

Атасынын аты бөлүгүндө атасынын жана асырап алуучунун, өгөй атасынын, чоң атасынын ысымдарынан келип чыккан аталардын жана энелердин тизмелерине өзгөртүү укугун берүү.

Жарандык абалдын актыларын жазуунун экинчи кагаз нускасы жоюлду, мындан ары бир гана нуска жазылат.

Кыргызстандын жарандары балдарынын фамилиясын кыргыздын улуттук салттары боюнча жазуусу боюнча эрежелер такталган: эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деп кошуу менен же аларды кошпостон жазуу жүргүзүлөт. Мындай учурларда баланын атасынын аты берилбейт.

ЖААК органына жаран кайрылган жерде жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзүлөт. Мындан ары жарандар каттоодо турган жеринде же жарандык абалдын актыларын каттоодо турган жери боюнча кайрылышпайт, бул ички миграциядагы туруксуз кырдаалда жарандар үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жараткан.

Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жарандарга жарандык абалдын актыларын каттоодо өз убактысын жана каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзам менен «Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы бирдиктүү пакет менен кабыл алынган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин I бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине жана «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерине, аларды «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» жаңы мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөр киргизилди.

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы үч айдан кийин, ал эми «Жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы — расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдан кийин күчүнө кирет.