Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер үлүштөрүнүн көлөмү, мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюу тууралуу

2020-10-06 / Мыйзам жаӊылыктары

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам төмөнкү макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу боюнча кабыл алынган:

  • Бишкек шаарында 2018-жылдын 28-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы займ жана грант берүү (Бириктирүүчү жолдун долбоору, ЦАРЭС 1, 3- коридорлор, 2-фаза — кошумча каржылоо) жөнүндө;
  • 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө.

Жогоруда аталган макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасы жол боюнда жашаган адамдардын мүлкү алынгандыгы үчүн компенсация төлөнмөйүнчө подрядчикке курулуш иштерине жол участкаларын бербөө милдеттенмесин өзүнө алган.

Кол коюлган мыйзам менен Жер кодексине 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү бөлүнбөс болуп саналарын караган өзгөртүүлөр киргизилди, буга мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурлары кирбейт. 5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.

Ошондой эле «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык, 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүштөрү майдаланып бөлүнбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана сатылышы мүмкүн, буга мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурлары кирбейт. Жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.

Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу. Менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес.