Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Класстык чендер тууралуу
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ «2016-жылдын 30-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Бул Жарлыкка ылайык, ыйгарылган класстык ченде кызмат кылуу мөөнөтүн аныктоо тартиби өзгөрдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинин буга чейинки редакциясында “ыйгарылган класстык ченде кызмат өтөө мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет” деп айтылган. Жаңы редакцияда “бул мөөнөткө мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды ээлеген мезгилдер гана кирет” деп тактоо киргизилген. Башкача айтканда, эгерде кызматчыга чен 1-январда ыйгарылса, ал эми муниципалдык кызмат ордунда кызмат өтөгөн мөөнөтү 2 айды гана түзсө, анда 31-декабрга карата эски редакцияга ылайык, ыйгарылган класстык чендеги кызмат мөөнөтү 12 айды түзмөк. Ал эми жаңы редакцияга ылайык болгону 2 айды гана түзөт.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга көрсөтүлүп жаткан талапкерлер тапшырчу документтердин тизмеси да толукталды. Чендерди ыйгаруу тартибинин жаңы редакциясына ылайык, тизмеге1 паспорттун көчүрмөсү жана эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошулду.
_________________
1 Буга чейин тизмеге төмөнкү документтер кирчү: 1) кадрларды каттоо боюнча жекече баракча; 2) өмүр баяны; 3) сунуш кылынып жаткан талапкерге чогуу иштеген жери боюнча аны билген кызматкерлердин кеминде 3 пикири; 4) 4x6 фотосүрөтү (2 даана); 5) билими жөнүндө, илимий даража, илимий наам ыйгаруу жөнүндө дипломдордун көчүрмөсү.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









