Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ивановка айылдык аймагындагы билим алуу жана турмуш-тиричилик чарбасын түзүү боюнча коомдук угуулар

2012-02-29 / ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУ

2012-жылдын 26-январында Ивановка айылдык орто мектебинде ЖӨБ органдары 2011-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуу өткөрдү.

 

2012-жылдын 26-январында Ивановка айылдык орто мектебинде ЖӨБ органдары 2011-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуу өткөрдү. Иш-чарага жүздөн ашык адам катышты. Алардын арасында айыл өкмөтүнүн 18 кызматкери, жергиликтүү кеңештин 7 депутаты жана төрагасы, билим берүүнүн 22 кызматкери, демилгелүү топтун, жарандык коомчулуктун жана Ивановка айылдык аймагынын үч айылынын жергиликтүү тургундарынын өкүлдөрү да отурушту. Коомдук угууну АӨнүн жооптуу катчысы Гульнара Исмаилова алып барды.
 
Жалпы жана түшүнүүгө кыйыныраак болгон, дээрлик ар дайым угуп эле жүргөн 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттон айырмаланып, ЖӨБ органдары өз сөздөрүн конкреттүү жана аймактын эң көйгөйлүү маселелери болгон билим берүү жана турмуш-тиричилик чарбачылыгына багытталган темада сүйлөөнү чечти. Айыл өкмөтү атайын көргөзмө стенддерин жасап, «Знамя Победы» газетасынын атайын чыгарылышына буйрутма берип, анын беттерине бюджеттин ар бир статьясы боюнча отчет жайгаштырылган.  
 
Айылдык аймактын тургундарында акча каражаттарынын сарпталышы жана кызмат менен камсыздоо эффективдүүлүгү туурасында төмөндөгүдөй көптөгөн суроолор туулду, мисалы: 
 
• Биз эмне үчүн таштандыны чыгарууга жылына 14000 сом төлөйбүз, а бирок таштандыны жылына бир гана жолу алып чыгышат?
 
• Эмне себептен маршруттук унаалар өз маршрутунун аягына чейин чыгышпайт?
 
• Эмне себептен «билим берүү» ТТЧ акча каражаттарын «тартып алууда»?
 
Угуулардан кийин ЖӨБ келип үшкөн курч суроолорго жооп берүүгө даярданууда; жооп кадамы катары чарбачылык катуу таштандыларды (ЧКТ) башкарууну реформалоо, транспорттук ишкана менен болгон келишимди кайра карап чыгуу.
 
Ивановка айылынын тургуну Токтобек Курманов угуулар боюнча өз пикири менен бөлүштү: «Мен ушунча жашап, биздин айылда мындай оң иш-чарада болуп көрбөгөнмүн. Айыл өкмөтүнүн аппаратына чоң ыракмат: ар ким өзүнө маанилүү болгон суроосун бере алды. Жарандардын өзүлөрү активдүү болуп, айыл өкмөтүнө көбүрөөк талап кылышса, ошондо гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жакшы отчетторду берет. Ошондой эле, менде бир сунуш бар: беш же үч билимдүү адамдан турган коомдук кеңеш түзүп, алар бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөп, биздин күнөмдүгүбүздү жоюшсун. Анын иши кандай болуш керек? Мисалы, айыл өкмөтү жолду оңдоду, ал эми коомдук кеңеш бюджеттик каражаттардын сарпталыш эффективдүүлүгүн бааласын, объектти кабыл алууга катышсын. Ошону менен бирге эле маалымат такталарына эмен жасалгандыгы жан ага канча каражат сарпталгандыгы тууралуу маалымат илинип, аткарылган иштердин керектиги жана сапаты тууралуу жашоочулардын пикирин жарыялашсын». 

Окшош материалы: