Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ленин айылдык аймагында турмуш-тиричилик чарбасын түзүү боюнча коомдук угуулар: жарандар таштанды чыгаруу кызматы үчүн 25 сом акы төлөгөнгө макулдугун беришти

2012-02-29 / ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУ

Жалал-Абад облусунун Ленин айылдык аймагында үстүбүздөгү жылдын 27-январында өткөрүлгөн бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулардын негизги темасы болуп турмуш-тиричилик чарбасын түзүү каралды.

 

Жалал-Абад облусунун Ленин айылдык аймагында үстүбүздөгү жылдын 27-январында өткөрүлгөн бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулардын негизги темасы болуп турмуш-тиричилик чарбасын түзүү каралды. Угуулардын эң башкы жетишкендиги катары айыл тургундарынын аталган коммуналдык ишкананын түзүлүшүн жактыргандыгын эсептесе болот. Айыл өкмөтүнүн башчысы Чолпонбек Мурзакановдун айтуусунда, 20 жылдын ичинде санитардык абал маселеси айылдык аймактардын эң бир курч көйгөйү болуп келген, себеби көпчүлүк айылдарда таштандыны чыгаруу, жолдорду оңдоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү кызматтары жок. Ленин АА бул маселени чечүү багытында олуттуу кадамдарды баштоону чечкен, жана, ошол себептен, жергиликтүү кеңештин 2011-жылдын 14-декабрында болуп өткөн отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде, таштандыны чыгаруу үчүн атайын 1,1 га жер бөлүнүп берилген. 
Коомдук угууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу абдан маанилүү маселени – таштандыны чыгаруу тарифи канча сомду түзүшү керек экендигин алып чыкты. Айыл тургундары бул кызмат үчүн канча акы төлөшү керек? Бул маселенин приниципиалдуу учуру болуп бул суроонун эл алдына алынып чыккандыгында болду. Анткени так ошол элдин катышуусунан, анын бул кызмат үчүн акы төлөөгө даярдыгынан жаңы түзүлүп жаткан ишкананын ийгилиги, төлөмдөрдү жыйноо иш-аракеттери жана анын натыйжасы көз каранды болот. Талкуунун натыйжасында аймактын жашоочулары ар бир короо 25 сомдон төлөй тургандыгына макулдугун беришти. 

Окшош материалы: