Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандардын катышуусун көбөйтүү: угуулардан да көп

2012-02-29 / ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУ

Долбоор өз өнөктөштөрүнө бюджеттик процессте катышууну Кыргызстанда адатка айланып калгандай эмес, андан кененирээк кароону сунуштап жатат.

 

Долбоор өз өнөктөштөрүнө бюджеттик процессте катышууну Кыргызстанда адатка айланып калгандай эмес, андан кененирээк кароону сунуштап жатат. Адатта жарандардын бюджеттик процесске катышуусу бюджет боюнча коомдук угууларга баруу менен гана чектелип калчу. Сынамык айылдык аймактарда иш алып баруу тажрыйбасынан улам, Долбоор, бюджеттик календарь жана расмий бюджеттик процесс бөлүнгөндөн да кыскараак этаптарга бөлүнгөн бюджеттик процессте коомчулуктун катышуу механизмин иштеп чыгууга жана сүрөттөп берүүгө аракет жасоодо. Тапшырма – бюджеттик талдоо жана катышуу жөндөмдөрүн коомчулукка кененирээк жана толугураак адатташтыруу максатында, жергиликтүү деңгээлде расмий бюджеттик процесстин чегинен чыгуу. Башкача айтканда, Долбоор жалпы айылдык аймактын бюджетин карап гана тим болбостон, бирок ошол эле учурда түрдүү бюджеттик иш-чаралардын алкактарында анын деталдуу тутумуна көбүрөөк көңүл буруш керек болот. Долбоордун түшүнүгүндө бюджеттик иш-чаралардын принциптери деген –бул жалпы бюджеттик циклди камтуу, жарандардын катышууларынын түрлөрүнүн көптүгү, түрдүү максаттуу топтордун тартылуусу (мисалы, тарифтер, аткаруу боюнча угуулар, мектептердеги класстык сааттар, мектеп бюджети боюнча угуулар). Бул принциптерди сактоо жарандарды бюджеттик процесске тартуу боюнча ЖӨБ органдарынын жөндмөдөрүнүн кеңейишине алып келет. Бюджеттик иш-чаралардын түрдүү варианттарын сынап көрүү чегинде, Долбоор өз сынамык муниципалитеттерине бир катар бюджеттик иш-чараларды өткөрүүгө жардам берди. 

 

Окшош материалы: