Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Улуттук пландоо отуруму: долбоордун 2012 – 2014 жж. аралыкта аткара турган иш-аракеттеринин планы аныкталды

2012-02-29 / ЭҮЖӨБОЖ ДОЛБООРУ

2012-жылдын 31-январында Долбоор Улуттук пландоо сессиясын өткөрдү, жана анны жүрүшүндө бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен долбоордун 2012-2014-жж. аткарыла турган иш планын талкуулады.

 

2012-жылдын 31-январында Долбоор Улуттук пландоо сессиясын өткөрдү, жана анны жүрүшүндө бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен долбоордун 2012-2014-жж. аткарыла турган иш планын талкуулады. Сессияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, маморгандардын, бейөкмөт жана донордук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 60ка жакын адам катышты. Долбоордун башталгандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн жана Президенттин Аппараттарынын өкүлдөрү кубаттоо сөздөрүн айтышты. Долбоордун жетекчилиги киришүү убакыт аралыгында сынамык аймактарда аткарылган иш-чаралар жана натыйжалар тууралуу айтып беришти. Долбоор 2011-жылдын 1-ноябрында өз ишин баштаган. Сынамык муниципалитеттер катары Ивановка АА (Чүй облусу), Ленин АА (Жалал-Абад облусу) жана Төрт-Күл АА (Ысык-Көл облусу) тандалып алынган. Төрт айлык убакыт аралыгында долбоордун алкагында 90дон ашык иш-чара өткөрүлүп, аларга 2700дөн ашуун адам катышкан.  
 
Катышуучулардын көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытындагы мындай ири долбоор ишке ашырыла баштагандан мурун талкуулоо тажрыйбасы менен биринчи ирет кездешип жаткандыктарын айтышты. Адатта долбоорлор өз пландарын жана максатуу аудиторияларын (иштеше турган тараптарды) өз алдынча түзүлүп жана каржылап жаткан тарап бекиткенден кийин гана маалымдашат. Бирок кызыкдар тараптардын долбоор башталгандан мурун пландоо иш-чарасында катышкандыгы  долбоорду мыкты башкаруу, бири биринин ниеттерин эске алуу, жана, жыйынтыгында эң мыкты натыйжаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Долбоордун иш-аракеттеринин планы, анын иштөө географиясы жана максаттуу өнөктөш муниципалитеттердин саны тууралуу «Муниципалитет» журналынын кийинки чыгарылыштарында тартууланат. 

Окшош материалы: