Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын президентинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында Мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча айрым маселелер тууралуу” ПЖ №44 Жардыгы

2012-02-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принцибине негизденет.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкарууга жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсү кепилденет, ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принцибине негизденет.
 
Аталган принципти жүзөгө ашыруу жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун кызматчыларынын туруктуу жана кесипкөй кадрдык корпусун калыптандыруунун бирдиктүү негиздерин камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бийлик органдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган башка мамлекеттик органдарды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60, 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
 
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы N 503 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө» Жардыгына ылайык мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жүргүзүп келген муниципалдык кызмат жагындагы төмөнкүдөй функциялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүп берилсин:
 
• муниципалдык кызмат жагында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алуу;
 
• Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык муниципалдык кызматчыларга класстык чиндерди берүү;
 
• муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоо системасын түзүү, «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу маселелеринде усулдук жетекчиликти жүргүзүү, белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу.
 
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирдикте бир айлык мөөнөттө аткаруу бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратуунун конституциялык принциптерине негизденүү менен жогоруда аталган Жардыкка ылайык мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жүргүзүп келген төмөнкү функцияларды бөлүштүрүү боюнча иш жүргүзсүн:
 
• жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын ажыратуу маселеси жагында Мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
 
• Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагында мамлекеттин милдеттерин жүргүзүүнүн кепилдигин камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүргүзүүдө жарандардын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо боюнча чараларды кабыл алуу;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо боюнча мамлекеттик жана улуттук программаларды жана башка чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жолу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоо жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелер менен өнүктүрүү жана алардын ишмердигин координациялоону камсыз кылуу;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдарынын өз ара мамилесин өнүктүрүүгө жана алардын биргелешкен ишине талдоо жасоо жана мониторинг жүргүзүү;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюштуруу, укуктук, усулдук жана консультациялык жардам, анын ичинде жергиликтүү жамааттардын уставдарынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу, калкты аймактарды өнүктүрүү боюнча иштерге тартуу, жарандык коомдун потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүү маселелеринде жардам көрсөтүү;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин маселелери боюнча маалыматтар банкын түзүү;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иштин абалын иликтөө, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Мыйзамдарынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин аткарышы боюнча иш жүргүзүү;
 
• айылдардын, поселкалардын жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын башчыларын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өз убагында уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын өз ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча отчетторун жергиликтүү жамааттардын курултайларына берүү боюнча ишти координациялоо;
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосунда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы, ошондой эле ар кандай аймактык деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келип чыккан талаш кырдаалдарды өз компетенциясынын чегинде кароо;
 
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл уюштуруу чараларын кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларынын тийиштүү долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына киргизсин.
 
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы N 327 «Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» Жардыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
 
• жогоруда аталган Жардыкка 2, 3 жана 4-тиркемелерде бүткүл текст боюнча: «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги» жана «Улуттук агенттик» деген тийиштүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү түрдө «Кыргыз 
Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы» жана «Мамкадр кызматы» деген тийиштүү жөндөмөдөгү сөздөр менен алмаштырылсын.
 
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: 
 
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы N 503 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө» Жардыгы;
 
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы N 27 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу маселелери жөнүндө» Жардыгы;
 
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-декабрындагы N 468 «Айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар жөнүндө» Жардыгынын 2-пункту.
 
6. Бул Жардыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти 
А. Атамбаев