Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

COVID-19 пандемиясынын шартында жарандарды Биргелешкен аракеттери пландарын (БАП) жана Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) даярдоо процессине тартуу

2020-07-08 / ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жаӊылыктары
COVID-19 пандемиясынын шартында жарандарды Биргелешкен аракеттери пландарын (БАП) жана Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын (СЭӨП) даярдоо процессине тартуу

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Жергиликтүү маанидеги бардык актуалдуу маселелерди жергиликтүү тургундар менен талкуулап, иш-аракеттерди пландоо канчалык маанилүү болгонун баамдап, Ош, Чүй жана Нарын облустарындагы 27 максаттуу жана төрт өнөктөш элеттик жана шаардык муниципалитеттин ЖӨБ органдары COVID-19 пандемиясына байланыштуу коопсуздук чараларын эсепке алуу менен, өтө маанилүү документтерди бардык мүмкүн болгон жолдор менен талкуулап жатышат. Бул жолу коомдук угуулардын жана элеттик чогулуштардын ордуна ЖӨБ органдары Интернеттин күчүн колдонуп жатышат – алар БАПтын жана СЭӨПнын долбоорлорун маалымат такталарына илип, веб-сайттарына жайгаштырып, YouTube каналына презентациялык материалдарды киргизип, аларга шилтемелерди “Вотсап” аркылуу таратып чыгышты.

“ЖӨБ органдары муниципалитеттердин Биргелешкен аракеттер пландарынын жана Социалдыкэкономикалык өнүгүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо ачык жана жеткиликтүү болушу үчүн ушул учурда мүмкүн болгон бардык чараларды көрүштү. ЖӨБ органдары жарандарды ар кандай ыңгайлуу жана жеткиликтүү жолдор менен өз сунуштарын берүүгө чакырышты. Жергиликтүү тургундар YouTube сайтына пикирин калтырса болот, “Вотсап” аркылуу билдирүү жибере алышат, же болбосо кагазга жазып, кутуга салып койсо болот. 2020-жылы пандемия маалында чогулуштарга чектөөлөр киргизилген шартта, ошондой эле Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылында мындай механизм кеңири жайылат деген үмүт бар. Бул бир жагынан сыноо иретинде киргизилип жатат, ал мындан ары жарандар үчүн канчалык ыңгайлуу болуп, иштеп кетээрин убакыт көрсөтөт”, - деп айтты ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары Сабина ГРАДВАЛЬ.

Максаттуу муниципалитеттин – Кемин шаарынын айыл өкмөтүнүн жана мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын жооптуу кызматкерлери белгиленген мөөнөткө чейин сунуштарды жана комментарийлерди кабыл алышат. Бул күн качан бүтөөрү тууралуу бардык жарандарга таратылып берилген кулактандырууда жазылган.

Жарандардан түшкөн сунуштарды чогултуп чыккандан кийин атайын түзүлгөн Жумушчу топтор алардын баарын карап чыгып, жергиликтүү кеңештердеги тийиштүү туруктуу комитеттер аркылуу депутаттардын жыйынына алып чыгышат. Андан кийин жергиликтүү кеңештер сунуштарды кошуу же кошпоо тууралуу чечимди кабыл алып, бул чечимин негиздеп беришет. Ошондон кийин бул сунуштарды берген, суроо узаткан жарандарга жооптор даярдалып, аларга жеткирилип берилет. Иштин бул бөлүгү айыл өкмөтүнүн жана мэриянын күчү менен жасалмакчы. Бекитилген пландар да муниципалитеттердин веб-сайттарына жайгаштырылып, аларга шилтемелер “Вотсап” аркылуу таратылып, маалымат такталарына илинет.

 

Окшош материалы: