Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Адам жана коом» сабагында окуучулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен таанышышат

2012-03-30 / Жарандык катышуу

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин АА Жыгач-Коргон айылындагы А.Тажибаев ат. Орто мектепте “Адам жана коом” предметин жогорку категориядагы мугалим, Бактыгүл Анарбаева өтөт.

Султан Майрамбеков,

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун грант иштери боюнча адиси

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин АА Жыгач-Коргон айылындагы А.Тажибаев ат. Орто мектепте 10-11-класстын окуучулары үчүн “Адам жана коом” предметин жогорку категориядагы мугалим, Элдик билим берүүнүн отличниги, Ленин АК депутаты Бактыгүл Анарбаева өтөт. Элеттин жаш тургундары үчүн жалпысынан мамлекеттик түзүлүштү жана анда ЖӨБ ролун билүү канчалык маанилүү болгонун түшүнүү менен Б.Анарбаева өз сабагында чыгармачылык жолду тандады. Окуучулар жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган теманы өзгөчө кунт коюу жана кызыгуу менен угуп жатышты. Анткени сөз жакын жана керектүү нерселер тууралуу болуп жатты: айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү, функциялары жана ыйгарым укуктары; айыл кеңештеринин карамагындагы маселелер, депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу. Ошондой эле жогорку класстын окуучуларына жергиликтүү бюджеттин маселелери, өзгөчө каржылоо булактары, финансы каражаттарынын жетишсиздигинин себептери жана жамааттын маанилүү маселелерин чечүү үчүн каржы мүмкүнчүлүктөрү кызыктуу болду.

Үй тапшырмасы катары Б.Анарбаева окуучуларга “Эгерде мен жергиликтүү кеңештин депутаты болсом...” темасына көркөм жазууну тапшырды. Жаштыгына карабастан жогорку класстын окуучулары маселени батымдуулук жана чыгармачылык менен чечүүнүн жолун сунуштап, ар кимиси артыкчылыктарды өз алдынча аныкташты. Алардын сунуштары алардын жаш курагынын тобунун керектөөлөрүн чагылдырып турду. Ошентсе да көркөм жазууда алардын үй-бүлөлөрүнүн, ата-энелеринин, улуу туугандарынын керектөөлөрү байкалып жатты. Бул таң калычтуу деле эмес. Анткени жаштар элет турмушунун көйгөйлөрүнөн четте калбайт жана бала чагынан тарта бардык муундун өкүлдөрү башынан өткөрүп келаткан кыйынчылыктарды жон териси менен сезет эмеспи. Кызыгы кыздар адатта көрктөндүрүү жана инфраструктурага артыкчылык берсе, балдар спорт жана техникалык прогресске көбүрөөк кам көрүшөт.

Мисалы, Манас Белеков айылда спорт залын курууну сунуштаса, Алина Жуманазарова таза суу маселесин өзгөчө маанилүү деп эсептейт, түтүктөрдүн баары эскиргендиктен суу жетишпей, тургундардын кайсы бир бөлүгүнө суу суткасына эки саат гана берилет, ал эми анын олуттуу бөлүгү жөн эле жок болуп жатат. Данияр Абдыкалыков жаштар үчүн интернет клуб ачууну каалайт, анткени Жалал-Абадга чейин жол узак, бирок элеттин жаштары облустун борборунда жашаган курдаштарынан артта калууну каалабайт. Ал эми Айжан Тургунбаеваны таптакыр башка маселе тынчсыздандырат: “Биздин айылда бала бакча жок, менин кичинекей иним жана сиңдим бар, аларга бирөө баш-көз болуш керек. Эгерде бала бакча болгондо биз ошол жакка иним менен сиңдимди бермекпиз. Ал эми апам ошол учурда иштемек”, - дейт ал. А.Тажибаев ат. мектепте “Адам жана коом” предмети боюнча кадимки сабактардан тышкары жолугушуу-сабактар да уюштурулду. 2012-жылдын март айынын башында Ленин АК депутаттары Бакыт Токтосунов (төрага), Табылды Ханазаров, Кадырбек Алимбеков менен жолугушуу-сабактары өттү. Окуучулар депутаттарга түрдүү суроолорду узатышты: Айылдык кеңештин депутаттары катары сиз кандай иштерди жасадыңыз? Жолдорду ким оңдош керек? Эмне үчүн бизде таза суу көйгөйлүү маселе? Биздин айылда качан бала бакча ачылат? Депутаттар суроолорго толук жооп берүүгө аракет жасашты, бирок жаштар дайыма эле аларга ишене берген жок жана ошондо маселени чечүүнүн жолдору, айылдын келечеги тууралуу кызуу талкуулар жүрүп жатты. Окуучулар да, депутаттар да бул жолугушуулардан жаркын элестерди алды жана бул окуучулар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын милдеттемелеринин чөйрөсү канчалык кеңири жана жооптуу болгонун түбөлүккө өздөштүрдү десек жаңылышпайбыз.

Мисалы, Бактыгүл окуучуларды чоң турмушка багыттоо менен, ошол эле учурда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн, өз турмушун жакшыртуунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, кабыл алынган чечимдердин маңызын жана маанисин түшүндүрүп берди.

Бирок окутуучулук миссиядан тышкары мугалим жашылча-жемиш өстүргөн 50 аял катышкан “Аруузат” Коомдук фондун жетектеп, коомдук иштер менен да алектенет. Фонддун жардамы менен анын мүчөлөрү БУУ-аялдар долбоорунан үрөн алды, ВПП-БУУ күрүч жана май берди. АӨ фондго Кызыл чырым фондунан бир тонна минералдык жер семирткич жана күйүүчү майдын тоннасын арзандатылган баада алууга жардам берди. Натыйжада “Аруузат” КФ Ленин АА 50 үй-бүлөгө жардам берди.

Бактыгүл Анарбаева өз иш ордунда да, коомдук турмушта да ар бирибиз жашоо шартка жана биз жашаган жамааттын өнүгүү деңгээлине таасир тийгизе аларыбызды көрсөтүүдө.