Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы №113 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча «Мамлекет платформа катары» пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” токтому.
Кыргыз Республикасында колдонуучуга багытталган санариптик платформаларды жана тейлөөлөрдү ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 чечими менен жактырылган «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине төмөнкү иштер тапшырылды:
- 2020-жылдын 11-мартынан 31-декабрына чейинки мезгилде "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашырсын;
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу жана пилоттук долбоордун алкагында жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү санариптик формада пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин жүргүзсүн;
-
мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана мекемелер менен бирдикте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн. Ушул эле токтом менен пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилине төмөнкүлөр бекитилди:
- 1) Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби;
- 2) Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









