Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын айлык акысы тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №65 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтому.
Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары кайрадан бекитилди. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, автомобиль айдоочуларына ченемге салынбаган жумуш күнүндө айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт. Кароолчуга түнкү убакта иштегендиги үчүн сааттык тарифтик ставка өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөө белгиленет. Тиешелүү кызматтык маянасынын өлчөмүнөн кесиптик чеберчилиги үчүн: 4-разряддагы жумушчуларга – 15 пайыз, 5-разряддагыларга – 20 пайыз жана 6-разряддагыларга - 25 пайыз дифференцияланган үстөк акы белгиленет. Жеңил автомобиль айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15% кем белгиленет.
Кызматтык имараттарды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына 25% чейинки өлчөмдө үстөк акы белгиленет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









