Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Компьютердик тестирлөөдөн өтүү тартиби өзгөргөнү тууралуу

2020-06-05 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы №157 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтому.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" Токтому өзгөрдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Компьютердик тестирлөөдөн өтүүнүн тартиби өзгөрдү, дилбаяндын ордуна талапкердин кесипке байланыштуу инсандык сапаттарын аныктоого багытталган үчүнчү этап кошулду. Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө Жобого киргизилген өзгөртүүгө ылайык, административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө үчүн тестирлөөнүн төмөнкү түрлөрү колдонулат:

1) жалпы мыйзамдарды билүүгө тестирлөө (негизги тест); компьютердик тестирлөөнүн жалпы мыйзамдарды билүү этабынан өтүүдө 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлерге компьютердик тестирлөөнүн предметтик мыйзамдарды билүү этабына катышууга уруксат берилет.

2) предметтик мыйзамдарды билүүгө тестирлөө; компьютердик тестирлөөнүн предметтик мыйзамдарды билүүсүнөн өтүүдө 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлерге кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөө этабына катышууга уруксат берилет.

3) талапкердин кесиптик маанилүү жана жеке сапаттарын аныктоо үчүн тестирлөө. Компьютердик тестирлөөнүн бардык этаптары боюнча натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталуучу эң жогорку балл алган бир талапкер аңгемелешүү этабына киргизилет. Аңгемелешүү этабында талапкерлердин эссеге даярдануусу алып салынды. Конкурстук комиссия аңгемелешүүгө катышууга уруксат алган талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алат же анын талапкерлигин четке кагат. Мындан тышкары конкурсту өткөрүүнү өзгөртүүгө байланышкан конкурстук комиссиянын иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.