Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчыларды окутууга Мамтапшырыкты түзүүнүн мөөнөтүн өз- гөртүү жана аны ЖӨБ органдары менен макулдашуу тууралуу

2020-06-05 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтому.

2014-жылдын 11-августундагы №462 “КРнын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтому өзгөртүлдү. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик тапшырык жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, эми КР Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды окутууга Мамтапшырыктын долбоорун түзөт, аны мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары менен макулдашып, кийинки жылга Мамтапшырыкты бекитүү жөнүндө чечимдин долбоорун КР Өкмөтүнө жиберет. Азырынча Мамтапшырыктын долбоорун ЖӨБ органдары менен макулдашуу кантип ишке ашаары аныктала элек. Бирок мындай макулдашуу ЖӨБ органдарынын бирикмеси – КР ЖӨБ Союзу аркылуу ишке ашат деп божомолдосо болот. Ошондой эле Мамтапшырыкты түзүү мөөнөттөрү да өзгөрдү. Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматы кийинки жылга Мамтапшырыктын долбоорун түзүп, КР Өкмөтүнө ушул жылдын 15-апрелинен кеч эмес мөөнөттө жиберчү. Эми болсо мурдагы жылдын 1-октябрынан кеч эмес жиберет деп өзгөрдү. Ошону менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Мамтапшырыктын долбоорун макулдашуу иштери азырынча жасала элек.