Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызматына конкурстун негизинде тандап алуу тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтому.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” Токтому өзгөрдү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгон айыл аймактарындагы айылдык кеңештин жооптуу катчысын конкурстук тандоо үчүн түзүлгөн айылдык кеңештин комиссиясынын төрагасы болуп айылдык кеңештин депутаты эсептелинет, аны тийиштүү айылдык кеңеш аныктайт. Райондук маанидеги шаарларда, калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгон айыл аймактарында тиешелүү түрдө шаардын мэриясынын жана шаардык кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурстук комиссиясы түзүлөт. Калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгон айыл аймактарындагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоо тиешелүү айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









