Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Муниципалдык менчик тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
2020-жылдын 6-мартындагы №24 «“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө"» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-1-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Буга чейин муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн усулдарын колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылып келген. Эми муниципалдык мүлктү менчиктештирүү усулдарын колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт. Башкача айтканда, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү үчүн Өкмөт жаңы жоболорду кабыл алат, ал жоболор муниципалдык мүлктү мамлекеттик мүлктөн өзүнчө менчиктештирүүнүн тартибин жана усулдарын жөнгө салат.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









