Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Жергиликтүү ЧУАны жарыялоо каражаты катары маалымат такталары тууралуу
Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтому.
Бул Токтом КР Өкмөтүнүн айрым чечимдерин 2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды. Токтом менен КР Өкмөтүнүн бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” Токтомуна өзгөртүү киргизилди. Мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлер (такталар, стенддер) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактарынын бири болуп эсептелинет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









