Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Е-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу-нун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы тууралуу

2020-03-12 / Мыйзам жаӊылыктары

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдады

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы №545 “Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасы жөнүндө” Токтому

Ушул системанын максаттарын, милдеттерин, жүргүзүү тартибин, ошондой эле пайдалануучуларынын, операторунун жана ээсинин укуктарын жана милдеттерин аныктаган система тууралуу Убактылуу жобо бекитилди. Бул система – “e-Kyzmat” АМС мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеген кызматкерлер, жумуш ордунда убактылуу жок болгон КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын милдеттерин аткарган кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды чогултуунун, сактоонун, жаңыртуунун жана талдоонун, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн бардык этаптарында адам ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга багытталган конкреттүү органдын штаттык түзүмү тууралуу маалымат берүүнүн маалыматтык системасын билдирет.

КР Мамлекеттик кадр кызматы “e-Kyzmat” АМСке өзгөчө мүлктүк укук ээси болуп саналат. “e-Kyzmat” АМСтин ээсине “e-Kyzmat” АМСти ишке киргизүү жана эксплуатациялоо процессинин алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, ошондой эле иштеп чыгуу жана модернизациялоо саясатын жүргүзүү милдети жүктөлөт.

Белгилүү мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын жеке маалыматтар массивин кармоочу болуп тийиштүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган эсептелет. Жеке маалыматтар массивиндеги маалыматтын актуалдуулугун, аныктыгын жана толуктугун сактап туруу милдети тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

“e-Kyzmat” АМС КРнын мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары жөнүндө маалыматтын расмий булагы болуп саналат.

“e-Kyzmat” АМСтин иштешинин максаты болуп заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин автоматташтыруу эсептелет.

“e-Kyzmat” АМСте КРнын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын жеке маалыматтары камтылат. Алар: жеке маалыматтар, жакын туугандарынын жеке маалыматтары, паспорттук маалыматтар, эмгек китепчесинин маалыматтары, акыркы иштеген жери, аскер билетинин (эгер бар болсо күбөлүгүнүн) маалыматтары, иши жөнүндө маалыматтар, билими, кошумча маалыматтар (сыйлыктары, класстык чиндери, тартиптик жазалары ж.б.).